21-июлда: Айрым аймактарда катуу жаан жаап, күн күркүрөйт
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, бүгүн, 21-июлда, өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрыкча Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрден 15–20 метрге чейин жетет.
АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ:
Чүй облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +33…+38;
Талас облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +22…+27, күндүз +32…+37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;
Нарын облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы күтүлөт. Түнкүсүн +23…+25, күндүз +34…+36.
Сүрөт: Интернет булактары
Муну бөлүшүү




