21-февралдагы аба ырайы
- 4 месяца мурун
21-февралда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймакта жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ:
Чүйдө түнкүсүн +3…+8, күндүз +6…+11;
Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн +5…+10, күндүз +8…+13;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8;
Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;
Бишкекте эртең менен жана күндүз жаан жаашы күтүлүүдө. Түнкүсүн +4…+6, күндүз +9…+11.
Муну бөлүшүү




