Самара Каримова, ырчы: “Атам мени кара жөжө деп эркелетет”

Самара Каримова, ырчы: “Атам мени кара жөжө деп эркелетет”Суйкайган сулуу ырчы Самара Каримованы кимдер гана тааныбайт. Ал өзүнүн артынан инисин, эжесин дагы чыгармачылыкка аралаштырып келе жатат. Жакында эле Ош шаарында бир туугандары менен биргеликте концерт койду. Буга байланыштуу биз Самара менен байланышып, бир туугандары, балалык тууралуу маектештик.

— Самара, жакында эле Ош шаарында койгон концертиңер кандай өттү?

— Ош шаарында койгон 5 кїндүк концертибиз эң сонун өттү. Өзгөчөлүгү — бир туугандарым ырдады, шакирттерим, “Самара” театрымдагы кыздар коштоду. Концерттен кийин мекендештерибиздин чакыруусу менен Москва шаарына барып, эки күндүк концерт тартуулап келдим.

— Ушундай концертти Бишкекте да коёсуңарбы?

— Күз айларында инимдин, эжемдин коштоосунда концертимди берем.

— Биз биринчи Самара Каримова деген мыкты ырчыны тааныдык эле, эми минтип артыңдан иниң, эжең дагы чыгып жатат. Сенин атыңдын арты менен чыгып жатат десек туура болобу?

— Самара Каримова деген атты жасоо дагы көп убакытты, аракетти талап кылды. Күнү-түнү эмгектенип отуруп, ушул талантымдын артында элдин кызы болууга жетише алдым. Бул үчүн Кудайга миң мертебе шүгүр дейм. Каерге барбайын баары таанып, сыйлап турушат. Жетишкендиктеримдин баары жолдошумдун, ата-энемдин, бир туугандарымдын колдоосу менен болду. Эми шакирттеримди, эжемди, инимди сахнага чыгарганым — аларга кошкон салымым. Анткени таланты бар адамды дайыма колдош керек. Иним єзү кичинесинен ырга шыктуу. Учурда Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайда окуп жатат. Ыр жазып, обон чыгарып, чыгармачылыкка баш-оту менен киришкен маалы. Кыргызстандагы атагы алыска чыккан ырчы мырзалардын катарын толуктайт деп ойлойм.

— Үй-бүлөдө өзү канча бир туугансыңар? Силерден башкалары дагы ырдайбы?

— Атабыз Эрмек Каримов, апабыз Разия Шарипова. Апам 30 жылдай медайым болуп иштеди. Атам болсо орус тилчи мугалим. Үй-бүлөдө сегиз бир тууганбыз, жети кыз, бир уул. Атабыз ырчы болгондон кийин, каныбызда бар да, баары эле жакшы ырдайт. Бирок баары башка тармактарга кетишти. Уулжан эжем дагы жакшы ырдайт, аралашып ырдап жүрөт, кесиби — бухгалтер. Өз кесиби менен кетеби, ырчы болобу убакыт көргөзөт деп ойлойм.

— Бир туугандар чогулганда эмне менен алек болосуңар?

— Кичине кезибизде чогуу жүргөн күндөрдүн кадырын эми билип жатабыз. Азыр Сагындан башкабыз баарыбыз үй-бүлөлүүбүз. Бирок 7 кыз жолдошторубуз менен жолуккканда үйгө батпай, бала-чакаларыбыз менен бака-шака болуп калабыз. Күлөбүз, ырдайбыз. Бир туугандардын көп болгону жакшы экен, жакшылыктарда, концерттерде колунан келген жардамдарын аяшпайт. Жолдошум да көп бир туугандардын улуусу. Бир туугандарыбыздын арасында сый-урматка ээбиз.

— Мүнөздөрүңөр кандай? Эң эркеси, ыйлаагы ким, эң таарынчагы ким?..Самара Каримова, ырчы: “Атам мени кара жөжө деп эркелетет”

— Баарыбыз ак көңүлбүз. Эң эркеси мен болчумун. Кийин Сагынбек төрөлгөндө менин авторитетим түшүп калды (күлүп). Бирок жалгыз уул болсо дагы, обу жок эрке эмес. Алымкан деген эжем бар, бат таарынып, бат жазылат.

— Бала кезиңерде бири-бириңерге лакап ат койчу белеңер?

— Менден бир топ улуу эжемдерге кличка коюга батынчу эмеспиз, а бирок мага удаа Уулжан эжемди — Дома, иним Сагынбекти – Сакаш дечүмүн. Атам болсо Данегим, Ак Самаш, Кара жөжөм дечү. Анткени мен кара кыз болчумун да, а бирок азыр деле карамын (күлүп).

— Көп кыз болгондо бири-биринин кийимин кийип чоңоет эмеспи, силер дагы ошентчү белеңер? Азыр эми кийбей калган кийимдериңди кимге бересиң?

— Эжелериңдин кийими көзүңө жакшы көрүнө берет го. Мектепке алардын кийимдерин уурдап гана кийип кетип калчумун. Алар күйөөгө кеткенде мага калчу. Азыр кийбей калган кийимдеримди сиңдилериме, кайын сиңдилериме берем.

— Иниңиздин аты чыгып калды, кыздар чуркап жатса керек. Келинди өзүўүз тандап бересизби?

— Инимдин аты чыгып калгандан бери ага белектер келип баштады. Бул, албетте, жагымдуу. Сагынбек жалгыз эркек болгондуктан, ыймандуу, ата-энебизге мээримдүї, инимдин чыгармачылыгын сыйлаган кызга туш болушун каалайм. Азыр заман башка, жаштар бири-бирин жакшы көрүп баш кошушса болду.

— Балалык дегенде эмне эсиңизге түшөт?

— Бактылуу балалыктын доорун сүрдүк, бул үчүн ата-энебизге чексиз ыраазыбыз. Балалык дегенде айылыбыз, дарыянын жээги, козу кайтарып, музоо баккан күндөр эсиме келет. Апам медайым болгондуктан, айылды кыдырып ооругандарга ийне сайчу. Мен дагы апамды ээрчип алып алыс жолду жөө басып барар элек. Анан дагы эжемдер менен футбол, “резина” сыяктуу оюндарды ойночубуз. “Жеңе-жеңе”, “Үй-үй” деген оюндарды ойночубуз.

— Бала кезиңде кандай максат койчу элеңер?

— Менин Кудайдан тилегендерим акырындык менен ишке ашып келе жатат. Бирөөгө жамандык кылбай, дайыма жакшы ниет кылып, жакшы нерселерди ойлосоң жакшылыктар боло берет экен. Мен өзүм оптимистмин, бардык нерсеге оптимисттик көз караш менен карайм. Ушак деген мен үчүн эмес. Бирөөнү бирөөгө жамандап убактысын текке кетирген адамдарды түшүнбөйм. Ушактан башка кыла турган иштерим толтура. Бул жашоону татыктуу жашаш керек деген ойдомун.

— Бир туугандар удаа болгондо бир нерсе кыларда атаандашышат го, силерде ошондой учурлар болгонбу?

— Удаа эжелерим болуп сен суу ташы, мен кир жууйм деп жумуштарды  бөлүшүп алчубуз. Бирок ата-энем үйдө болгондо эркелеп иш кылчу эмесмин. Анан алар кеткенде иштин баарын аргасыз кылчумун, болбосо эжемдерден таяк жейм да (күлүп).

— Үй тиричилигине кимиңер тыңсыңар?

— Апабыз тиричиликке тың аял болгондуктан, баарыбызды тың кылып тарбиялады. Үйгө кирип кыздарга, эшикке чыгып эркектерге тиешелүү иштерди кыла беребиз. Айылда жашагандыктан тандырга нан жаап, уй саап, сайма сайып чоңойдук. Учурда чыгармачылыгыма байланыштуу убакыт тар, кээде көчөдөн тамак сатып келүүгө туура келет.

Гүлшайыр Сабырбекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты