2027-жылдын 1-январынан тартып айрым социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулайт
- 14 часов мурун
- Жаңылыктар, Баяндар
Садыр Жапаров 2027-жылдын 1-январынан тартып айрым социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатуу каралган “Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Бул тууралалуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга берилүүчү мамлекеттик социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 8 000 сомдон 11 000 сомго чейин (37,5 пайызга), улгайган жарандарга берилүүчү жөлөкпулдардын өлчөмү 50 пайызга көбөйөт. Ошондой эле майыптыгы боюнча пенсиялардын өлчөмү жогорулайт.
Ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү 6 000 сомдон 8 000 сомго чейин (33,3 пайызга), ал эми багуучусунан ажыраган балдарга берилүүчү жөлөкпул 3 000 сомдон 5 000 сомго чейин (66,7 пайызга) көбөйөт. Багуучусунан ажыраган балдарга берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү жогорулагандыгына байланыштуу алардын пенсияларынын өлчөмүн да көбөйтүү каралган.
Мындан тышкары, улгайган жарандарга берилүүчү жөлөкпулдардын өлчөмү 50 пайызга, баатыр энелерге берилүүчү жөлөкпул 3 000 сомдон 5 000 сомго чейин көбөйөт. Ошондой эле баатыр энелердин пенсияларына кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү 4 эсеге, тактап айтканда, 1 000 сомдон 5 000 сомго чейин жогорулайт.
Ошондой эле жарандардын айрым категорияларына, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Ооганстандагы согуштук аракеттердин ардагерлерине, Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадасынын катышуучуларына жана мындай төлөмдөрдү алуучу башка жарандарга берилүүчү ай сайынкы акчалай компенсациялардын өлчөмү көбөйөт.
Жарандардын айрым категориялары үчүн акчалай компенсациялардын өлчөмү 2025-жылы жогорулатылган, ал эми кээ бир категориялар үчүн 2010-жылдан бери кайра каралган эмес.
Ошону менен бирге Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, ошондой эле Баткен жана Ош облустарында болгон окуялардын кесепетинен жабыркагандарга жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө берилүүчү кошумча ай сайынкы социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү орточо эсеп менен 20 пайызга жогорулайт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




