2025-жылы спортту өнүктүрүүгө 2,4 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнөт
- 1 год мурун
2025-жылы спортту өнүктүрүүгө 2,4 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнөт. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан «Run the Silk Road – 2025» марафонунда билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы кыргыз спортчулары ар кайсы мелдештерден 835 медаль уткан. Өлкөдө жаңы спорт жайлары курулуп, Борбор Азиядагы эң чоң стадион салынып жатат.
«Run the Silk Road» марафону Чолпон-Атада өтүп, 42,2 кмден 3 кмге чейинки аралыкта жарыштар жана скандинавиялык басуу уюштурулду. Максат — ШКУ өлкөлөрүнүн достугун бекемдеп, элди дени сак жашоого үндөө.
Муну бөлүшүү




