2025-жылы «Ала-Арча» жаратылыш паркынын ичине автоунаа киргизилбейт

  • 7 месяцев мурун

2025-жылы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын ичине автоунаа киргизилбейт. Мындай чара парктын экологиясын сактоо максатында көрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, унааларга коюлган чектөөгө карабастан коноктор үчүн бардык шарттар түзүлөт.

«Парктын кире беришине 5 миң машинеге ылайыктуу унаа токтотуучу жай курулат, ал эми конокторду ташууга атайын экологияга зыян келтирбеген көлүктөр алынат», — деди ал.

Ошондой эле парктын кызматкерлеринин айлык акысы жогорулай тургандыгы айтылды.

«Демилгени президентибиз өзү кубаттады. Бул кадам меймандарды сапатуу тейлөөгө жана кызматкерлергеге кам көрүүгө багытталды», — деп айтты Туманбаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты