Арген Барпы уулу: «ӨЛКӨ ӨНҮКСӨ, МИЛИЦИЯ ДА ӨСҮҮ ЖОЛУНДА БОЛОТ»

Арген Барпы уулу: «ӨЛКӨ ӨНҮКСӨ, МИЛИЦИЯ ДА ӨСҮҮ ЖОЛУНДА БОЛОТ»1-ноябрь – Кыргыз милициясынын күнү. Бүгүнкү Сиздерге тааныштыра турган каарманыбыз башкача ой жүгүртүүсү бар, милициянын келечегин өлкөнүн өнүгүүсүнөн көргөн инсан. Милициянын майору Барпы уулу Арген учурда Ош ШИИБнын Коомдук коопсуздук кызматынын улук тескөөчүсү, өз ишинин мыктысы.  Ордолуу Ош шаарынын элинин коопсуздугун камсыз кылууда түздөн-түз салым кошуп келаткан кызматкерлердин бири. Ата-энесинин таянар тоосу, сүйүктүү жар, камкор ата.

“АКАДЕМИЯНЫН АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧТАРЫНЫН БИРИМИН”

—Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Ааламга кеткен жол айылдан башталат” деген сөзү бар эмеспи, менин ааламга кеткен жолум туулуп өскөн ордолуу Ош шаарынан башталган. №17 Ю.Гагарин атындагы орто мектебин бүтүрүп, 1997-жылы Бишкектеги  милициянын атайын орто мектебине тапшырдым. Биз бүтүрүп жаткан кезде окуу жайыбыз ИИМдин Академиясына айланып, биз алгачкы карлыгачтардын бири болдук…

2003-жылы эмгек жолумду Ош ШИИБде Жашы жете электер менен иштөө инспекциясында тескөөчү болуп баштадым. Андан кийинки жылдары аймактык тескөөчү, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында ыкчам кызматкер болуп өзүмдү сынап көрдүм. Учурда коомдук коопсуздук кызматында улук тескөөчүмүн.

“АТАМДЫН ЖОЛУН ЖОЛДОДУМ”

—Милицияга келип калганымдын жөнү бар, атам Барпы Зулпуев да милиция тармагында көп жыл  иштеп, ардактуу эс алууга чыккан эле. Атам мени “милицияга ишке киргин” деп айтчу деле эмес, идеяны мен көтөрүп чыгуумду күтсө керек менимче. “Юридика факультетине окуйсуңбу?” деп сурап калган атамды карап милициянын окуусуна кирүүнү каалаганымды айттым. “Анда комиссиядан өтүү керек, ден соолугуң чың болуп, физикалык даярдыгың болуш керек…” — деп атамдын мага көп нерсени айтканы али да эсимде…

“ЖООПКЕРЧИЛИКТИ СЕЗДИРГЕН №7 ТРОЛЛЕЙБУС…”

—Окуп жүргөндө кыйналган деле жокмун, окуу жайдын аурасына бат эле көнүп кеттим. Аура дегеним, ар бир жердин өзүнө гана таандык нерселери болот эмеспи. Мисалы, атам форма кийгенде дайыма какайып басчу.  Ошондой эле нерсени мен да баштан өткөрдүм. Формачан жүрсөң көз карашың башкача, эл да мени караганын сезип турам. Эл караса кийген кийимиң ордунда бекен деп ойлоп турасың, бул да жоопкерчилик. Бул жоопкерчиликти Академияда окуп жүргөндө, мен түшкөн №7 троллейбуска түшкөн сайын жон терим менен сезип турчумун. Көчөдө формачан баратсаң “сен курсантсың, сен офицер эмессиң” дебейт, кандайдыр бир жардам керек болсо дароо мага кайрылышчу. Формачан турасыңбы, демек, сен элге жардам беришиң керек…

Арген Барпы уулу: «ӨЛКӨ ӨНҮКСӨ, МИЛИЦИЯ ДА ӨСҮҮ ЖОЛУНДА БОЛОТ»…Жашоо өзгөрөт экен, бара-бара көз караштар да өзгөрөт экен. Мурда милицияга асылгандан эл коркчу, азыр сага атака жасап, “сен болгону милициясың да…” деген жарандар бар арабызда. Бул аң-сезимдин кризисиби же милицияга кол көтөргөндөргө мыйзамды күчөтүш керекпи, терең талдап чече турган маселе. Милициянын погонун жулуп, кол көтөргөндөрдү сотко берип жатышат, анан эле ал адам соттолбой, жазасыз калып келет. Мен бир да милицияга кол көтөргөн адамдын жаза алганын көрө элекмин, башкаларга үлгү боло турган соттук чечим чыкса, милицияга кол көтөргөндөргө жаза күчөтүлсө жакшы болот беле деп ойлоп кетем…

“БОШ УБАКЫТТЫ ТЕККЕ КЕТИРБЕСЕК…”

—Милициянын бош учуру деле аз болот. Ошол убакытты текке кетирбей, айылдагы ата-энемдин короосуна бардык жер-жемиштерди өстүрүп койгомун. Дыйканчылыктан түшкөн каражат айлыгыма кошумча болуп, үй-бүлөмдүн кем-карчын толуктаганга жетет. Анан күз келет, той-топур башталат, андайга барбай койсоң да болбойт. Биздин менталитетибиз башка, биз эч качан европеец болбойбуз. “Тигинин баласы минте алат экен, эмнеге биздин балабыз андай эмес?!” деген салыштыруу менен жашайбыз, мүмкүн ал баланын жөндөмдүүлүгү башка багыттадыр…

Акыркы мезгилде балдарын туугандарына таштап, Орусияга кеткендердин саны өстү. Жыйынтыгында балдар кароосуз калып, терс жоруктарга барышууда. Криминалдык лидерлерге таасирленген жаш балдар бар экенин өзүмдүн иш тажрыйбамдан көрдүм… Өзүмдүн балачагымды эстеп салыштыра турган болсом, “Пионерлер үйүнө” барып, “Жаш натуралисттер” кружогуна, түрдүү ийримдерге катышып эле жүрчүмүн…

“ӨЛКӨ ӨНҮКСӨ, МИЛИЦИЯ ДА ӨСҮҮ ЖОЛУНДА БОЛОТ”

—Акыркы мезгилде милицияга көңүл бурулуп, үй бериле баштады. Өмүр бою тартип сакчылыгында тургандарды мамлекеттин  үй менен камсыз кылуусу — эң чоң жетишкендик. Милиция – менин сүйгөн кесибим. Жашоодо эң негизгиси акыйкаттык бар болсо дейм, акыйкаттык бар жерде чындык жашайт. Милициянын келечеги кандай болот дейсизби? Бул Кыргызстандын келечеги кандай болот дегендей эле оор суроо. Кыргызстаныбыз гүлдөп өнүксө, милиция да өнүгөт-өсүү жолунда болот. Өлкөбүз өнүксүн, анан өз милициясын коргой алса дээр элем…

Акылбек Чынтемиров

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты