2023-жылы КМШда төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү

  • 2 года мурун

Астанада Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынында 2023-жылы уюмга төрагалык кылуу маселеси каралды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Делегациялардын башчылары төрагалыкты Кыргыз Республикасына, ал эми тең төрагалыкты Орусияга жана Казакстанга өткөрүп берүү чечимине келишти.

Кыргыз Республикасынын сунушу менен КМШ МБК кезектеги жыйынын 2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты