2023-жылдагы битир-садага өлчөмү бекитилди

  • 1 год мурун

2023-жылдагы битир-садага өлчөмү бекитилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасы. Ошондо ар бир адамга 50 сомдон эсептелди. Буудайдан сырткары ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (1 кг 600 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен берсе болот. Аны базар баасы менен салыштырганда мейиз 636 сом, ун 74 сом, арпа 90 сом болсо, курма 986 сомду түздү. Битир-садага берүүчү адам мунун кайсынысын берсе өз ыктыяры.

Быйылкы орозо тутуу айы 23-мартта деп белгиленди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты