2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы бекитилди

  • 2 года мурун

2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин андан ары практикалык ишке киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, 2022–2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасынын Иш-чаралар планы жана Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы да иштелип чыккан.

Алсак, мурда көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасы «The Economist Intelligence Unit» көз карандысыз компаниясынын баалоосуна ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жаңыдан пайда болгон өсүү стадиясына өтүү менен 69 өлкөнүн арасынан 22-орунда турат.

2021-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун пайда болушу жана ишке ашырылышы үчүн натыйжалуу укуктук шарттарды жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк субъекттери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында президент тарабынан МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу жол-жоболорун оптималдаштыруу жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын координациялык ролун күчөтүү менен «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясына кол коюлган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты