Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Дастан Жумабеков парламент спикери болуп шайланды. Аны 80 депутат колдоду.

Дагы бир талапкер, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Исхак Масалиевге 32 киши добуш берди. Беш депутат эки талапкерге тең «каршы» болушту.

Дастан Жумабеков 1976-жылы 2-ноябрда Талас облусундагы Кара-Буура районунун Саткей айылында туулган. 2001-жылы Кыргыз Улуттук университетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. 2010-жылы «Ата-Журт» партиясынан V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган, ал эми 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынын катарында VI чакырылыштагы депутат болуп шайланган.

Дастан Жумабеков Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия улуттук борборунун жетекчиси, атактуу травматолог Сабырбек Жумабековдун бир тууган иниси.

Парламентти 1,5 жыл башкарган Чыныбай Турсунбеков отставкага кеткенин бүгүн жарыялады. Бул чечимин ал «2011-жылы Алмазбек Шаршеновичтин тынчтык жол менен президент болушунан башталган. Быйыл ошол жол бекемделип, президент кийинки эл шайлаган өкүлгө кызматын өткөрүп берип жатат. Бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берүү башка бийлик бутактарында да болушу керек» деп негиздеди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты