7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү болуп жарыяланат

7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү болуп жарыяланат

7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү болуп жарыяланат жана жылнаамада майрам катары белгиленет. 26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жарлыкка ылайык, Эмгек кодексине жана 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн, саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күндөрү боюнча парламенттин мурдагы чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилет. Бул боюнча сунуш Жогорку Кеңешке жолдонду.

Улуу Октябрь Социалистик революциясынын 100 жылдыгына жана саясий репрессиялардын 80 жылдыгына байланышкан иш-чараларды
2017-жылдын 7-8-ноябрында өткөрүү өкмөткө, жергиликтүү бийликтерге тапшырылды.

Андан тышкары Жогорку Кеңеш депутаттарына жана өкмөткө Чоң-Алайдагы Ленин чокусунун аталышын Манас-Ата зоосу деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды.

«Анткени бул бүгүнкү күндө Кыргызстан элинин көп кылымдык тарыхы менен бекемделген жападан жалгыз туура чечим болот»,- деп жазылат жарлыкта.

Расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирчү жарлыкты аткаруу өкмөткө жүктөлдү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты