20 пайыз окуучулар сабакка барбай калса мектеп карантинге жабылат

  • 2 года мурун

20 пайыз окуучулар сабакка барбай калса мектеп карантинге жабылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абалга күн сайын мониторинг жүргүзөт. Анын негизинде 20 пайызга чейин балдар мектепке келбей калган учурда райондук, шаардык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун башкы дарыгерлери, райондук жана шаарлардын билим берүү бөлүмдөрү менен бирдикте  алдын алуу иш-чараларын өз убагында уюштуруу жана зарыл болгон учурда жергиликтүү деңгээлде карантин киргизүү маселесин кароо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отурумуна киргизишет.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдардын катышуусунда маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрбөй турууну сунуштады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты