2-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

  • 1 месяц мурун

Маалыматка ылайык, 2-апрелде төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну саат 9:00дөн 19:00 гө чейин берүү токтотулат.

Өчүрүү Достоевский, Анкара, Ауэзов — темир жол, көчөлөрү менен чектелет, ошондой эле «Алтын Ордо», «Кара-Жыгач», «Полицейский городок» турак жай конуштарында ичүүчү суу болбойт.

Ичүүчү суу «Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты