2,5 айдан кийин дүйнөдө буудайдын кору түгөнөт деген маалымат манипуляция (Фактчекинг)

25-май күнү “СМИ Украина Россия” Телеграмм каналында “БУУ санкциялардан жана Украинадагы кырдаалдан улам жер бетинде 10 жумалык гана буудай запасы калганын билдирди” деген маалымат жарыяланган. 

2,5 айдан кийин дүйнөдө буудайдын кору түгөнөт деген маалымат манипуляция (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Окуянын чоо жайы 

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 19-майдагы жыйынында Gro Intelligence компаниясынын башкы директору Сара Менкер дүйнөлүк азык-түлүк кризиси тууралуу маалымат берген. Анда Менкер күчөп жаткан глобалдык азык-түлүк кризиси, бул кризиске салым кошкон факторлордун топтому жана анын кирешеси жакыр өлкөлөргө пропорционалдуу эмес таасири жөнүндө айтып берген. 

2,5 айдан кийин дүйнөдө буудайдын кору түгөнөт деген маалымат манипуляция (Фактчекинг)

Ал орус-украин согушу азык-түлүк коопсуздугу кризисинин себеби эмес экенин, бирок ал “узактан бери күйүп жаткан отко май тамызганын” баса белгилеген.

“Орус-украин согушу азык-түлүк коопсуздугу кризисине алып келген жок деп ачык айткым келет. Болгону көптөн бери күйүп турган отко май тамызды. Биз COVID-19 пандемиясындагы кризис биздин жеткирүү чынжырларыбыздын морттугун ашкере кылды. Согуш эртең бүтсө дагы, биздин азык-түлүк коопсуздугу көйгөйү макулдашылган иш-аракеттерсиз тез арада жоюлбай турганын түшүнүү маанилүү.”,- деп айткан Сара Менкер. 

Менкер өз сөзүндө беш негизги маселеге токтолгон. Бул жер семирткичтердин жетишсиздиги, климаттын өзгөрүшү, өсүмдүк майынын аз запасы, дандын рекорддук төмөн запасы (бурмалоонун пайда болушу так ушул билдирүү менен байланыштуу) жана логистикадагы кыйынчылыктар тууралуу болгон.

“Дүйнө жүзү боюнча мамлекеттик органдардын расмий эсептөөлөрү боюнча буудайдын запасы жылдык керектөөнүн 33% түзөт. Биз компания катары уюштурган жана андан кийин платформабыздагы пункттардын ортосундагы мамилелерди түзүү үчүн статистикалык моделдерди түзгөн мамлекеттик жана жеке булактардан алынган тастыкталган маалыматтар буудайдын дүйнөлүк запастары чындыгында 20% га жакын экенин көрсөтүп турат. Бул финансылык жана товардык кризистен бери байкалбаган деңгээл. Учурда бизде дүйнө жүзү боюнча 10 жумалык гана дүйнөлүк керектөө бар. Бүгүнкү күндө абал 2007 жана 2008-жылдардагыдан да начар.”, -деп айткан. 

Текстте байкалгандай, Сара Менкер 10 жумадан кийин жер жүзүндө буудай түгөнөт деп айткан эмес. Буудайдын кору критикалык чекке жеткендиктен, чара көрүүнү жана бул маселени алдын алууну сунуштаган. 

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) маалыматы боюнча, дандын саны мурунку жылдарга салыштырмалуу олуттуу өзгөргөн жок. 

2,5 айдан кийин дүйнөдө буудайдын кору түгөнөт деген маалымат манипуляция (Фактчекинг)

2022-жылы сезондун аягында дүйнөдөгү дан запастарынын деңгээли 856 миллион тонна деп бааланууда. Бул сезондун башындагы деңгээлден 2,8% жогору. АКШнын Айыл чарба министрлиги Украина, Австралия, Марокко, Аргентина, Евробиримдик жана Кытайдагы азыраак түшүмдөрдүн эсебинен дүйнөлүк буудай өндүрүшү чындап эле кыскарышы болжолдонуп жатканын белгилейт. Бирок бул дүйнөлүк буудай корунун түгөнүп жатканы тууралуу маалыматтын чын экенин далилдебейт. 

Жыйынтык: “Дүйнө жүзүндө 10 жумага жете турган буудайдын кору калды” деген маалымат манипуляция. Сара Менкер буудайдын кору критикалык чекке жеткенин айткан, бирок “10 жумадан кийин дүйнөдө буудай түгөнөт” деп айткан эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты