2-3-июнда Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолдоруна мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат

  • 1 год мурун

2-3-июнда Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолдоруна мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

2-3-июнь күндөрү  Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа кеңешинин төрагасынын жолугушу  учурунда, чет өлкөлөрдөн келген делегаттарды тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурунда,  Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолдоруна  маал-маалы менен  чектөөлөр киргизилип турат.

«Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбооңуздарды, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты