Полиглот болуу оңойбу?

Өсөм, өнүгөм деген адамдардын баары учурда жанталашып чет тилдерин үйрөнүшөт. 1-2 чет тилин өздөштүрүп алгандан кийин, адамда башка тилдерди өздөштүрүү боюнча өзүнүн тажрыйбасы болуп калат. Эгерде сиз дагы замандын агымы менен тең жарышып, көздөгөн максаттарга жетүү үчүн тил үйрөнгүңүз келсе, анда бул макала сиз үчүн.

Эне тилден тышкары көп тилде жакшы сүйлөгөн мыкты полиглот, элибизге пайдалуу адамдарыбыз арабызда арбын. Алардын алгачкы сабында 30тан ашык тил билген жазуучу Турусбек Мадылбай турат. Биз бир канчасынан көп тил билүүнүн, аларды үйрөнүүнүн сырлары тууралуу пикир алдык.

Полиглот болуу оңойбу?Турусбек Мадылбай, жазуучу: “Мен билген 32 тилимди бүт эле пайдалана алган жокмун” 

— Кыргыз тилин билген киши башка тилдерди оңой эле үйрөнүп алат. Анткени кыргыз тили абдан ыкчамдуу тил. Негизги максат санында эмес, сапатында. Мына өзүм эне тилиме байланыштуу түрк тилдер тобун, орус тили аркылуу славян тилдер тобун билем. Өзүмдүн адистигим боюнча, Москванын дипломатиялык академиясынан роман тилдери боюнча адисмин. Андан тышкары байыркы же көөнө тилдерди да билем. Себеби жазуучу болгондон кийин мен байыркы тарыхыбызды изилдеп жатам. Ошо тарыхка байланыштуу байыркы түрк тилин, байыркы санскрит, латын, славян, авеста тилдерин үйрөнгөм. Бирөөнө бир тил жетиштүү болушу мүмкүн. Бирөөнө эки тил аздык кылат. Кээ бирлери болсо он тилди деле пайдалана албай калышы мүмкүн. Мына мен 32 тилимди бүт эле тегиз пайдалана алган жокмун. Кээ бир билген тилдерим колдонулбай эле келе жатат. Эми өзүм ошол тилдерим калып калбасын деп, ошол тилде анча-мынча чыгармаларды которуп жатам.

Полиглот болуу оңойбу?Алмаз Ибраев, Чыгыш университетинин ректору: “Көп тил үйрөнүүгө көп аракет керек”

—Мен учурда төрт тилди— кыргыз, орус, англис жана араб тилдерин абдан жакшы билем. Орточо түрк тилин жана азыраак урду тилин билем. Чет тилдерди үйрөнүү үчүн ар кандай убакыт кетет. Негизинен ар дайым окуп келем. Үйрөнчүктөргө кеңешим — көп тилди үйрөнүш үчүн көп аракет, сабырдуулук жана практика керек.

Полиглот болуу оңойбу?Аязбек Атамкулов, “Ыйман” фондунун интеллектуалдык инвестиция долбоорунун координатору:

“Эмнеге муктаж болсом, ошого аракеттенем”

—Азыркы тапта кыргыз, орус, англис, араб, түрк тилдерин мыкты билем деп айтсам болот. Бир гана англис тилине бир аз практика кылуу кажет. Негизинен мен эмнеге муктаж болсом, ошону ишке ашырганга аракеттенем. Балким мен келечекте кытай тилин же башка тилди үйрөнөм деген ниетим бар. Үйрөнчүктөргө сунушум, биринчиден, практика абдан талап кылынат, сөз жатташ керек болот, аларды жаттоонун да ыкмалары бар. Андан тышкары интернетке кетирген убакытты туура нукка буруп, бир максат койгондон кийин жетүүгө бардык аракеттерди жумшоо керек.

Полиглот болуу оңойбу?Сейтек Качкынбаев, саясат таануучу: “Көп тил билүү мода эмес, муктаждык”

—Мен сегиз тилде эркин сүйлөп, жаза алам. Учурда көп тил билүү мода эмес, муктаждык деген жоопко көбүрөөк кошулам. Эгер биз  сапаттуу келечек кааласак жакшы курал болуш керек колубузда. Ал эми башкы куралдардын бири — бул тил. Койгон максатыбызга жетүү үчүн муктаж болгон тилди өздөштүргөнүбүз оң. Мисалы, мен мурунку кесибим боюнча чыгыш таануучу болчумун. Ошондуктан кытай, корей, жапон, монгол тилдерин өзүм үйрөндүм. Анан экинчи кесибим политолог болгон үчүн англис тилин үйрөндүм. Негизинен адам өз тилин жакшы билбесе, башка тилдерди да билип жарытпайт. Адам бир тилде так ойлонуп, так ой жүгүртө алса, ал башка тилдерди дагы үйрөнүп кеткенге болот.

Полиглот болуу оңойбу?Улукбек Болушов, “Диалог Евразия” фондунун өкүлү:

“Көп тил билгенимдин себеби ошол өлкөлөрдө жашаганым, көп саякаттаганым болду”

—Мен учурда 9 тилде сүйлөй алам. Швейцарияда окуп жүргөнүмдө дүйнөнүн төрт тарабынан келген студенттер менен канча тилде сүйлөй аласың деп жарышканбыз. Ошондо 40 мамлекеттин ичинен мен биринчи болуп 9 тил менен алдыга чыккам. Көп тил билүүмдүн себеби ошол тилде сүйлөгөн өлкөлөрдө жашап калгандыгым, көп саякаттагандыгым болсо керек. Азыркы убакка чейин 70тен ашык мамлекетти кыдырдым. Тил үйрөнүүдө ошол тилде жаңылык, китеп окуу, кино көрүү, ал тилде сүйлөгөн адамдар менен тез-тез сүйлөшүү жакшы жардам берет. Учурда Дубайда жашап жатам. Бул жакта да араб тилин эркин сүйлөө боюнча курстарга барайын деген пландарым бар.

Полиглот болуу оңойбу?Гүлайым Абдукаримова, КТМУнун 3-курсунун студенти:
“Беш тил билем”

— Учурда 5 тил билем деп айта алам. Алгачкы эле бул эне тилим — кыргыз тили. Ал эми Өзбекстанда төрөлгөнүмө байланыштуу башталгыч класстарды өзбек тилинде окуп калгам. Кийинки билген тилим — учурда өлкөбүздө экинчи расмий тил катары каралган орус тили. Ошондой эле замандын талабына жараша англис тилин мыкты өздөштүрүүдөмүн. Мектепте 11 жыл бул тилди үйрөнгөн соң, кошумча курстарга баруунун натыйжасында англис  тилинде эркин ой жүгүртүп, өз пикиримди айта алам. Андан кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетине тапшырып, түрк тилинде эркин окуп, жазып үйрөнө алдым. Быйыл университетибизде жүргүзүлгөн алмашуу программасынын негизинде Түркияга барып, ал жерден ар кайсы мамлекеттерден келген студенттер менен пикир алышып, ой бөлүшүп, жакшы тажрыйба топтой алдым. Жакынкы аралыкта немец, француз, корей тилдерин үйрөнүүнү пландап жатам. Албетте, мен үчүн кытай, араб тилдерин дагы билүү абдан кызык. Келечекте көп тилде мыкты сүйлөй билүү алдыга койгон максаттарымдын бири. Ал эми тил үйрөнүүдө эң негизги аракет жана практика керек. Эч качан тартынбай, кайра “мен билем, билишим керек” деген максат менен ийгиликтерге жетесиң деп ишенем.

Кантип көп тилди өздөштүрсө болот?

Тил үйрөнгүң келсе, ага каалоо жана жигердүү эмгек керек. Ал үчүн төмөнкү сунуштарды эске тутуу маанилүү:

1. Үйрөнүп жатканда ката кетирүүдөн коркпоңуз. Ката кетирүүдөн ал катанын үстүнөн иштөө менен бара-бара үйрөнүп аласыз. Укпай же түшүнбөй калган учурда кайра суроодон тартынбаңыз.

2. Өзүнүз иштеген же окуган тармактарга тиешелүү сөздөрдү бири-бирине байланыштырып үйрөнгөнүңүз оң. Анткени жөн гана сөз жаттоого караганда бул ыкманы колдонуу алда канча пайдалуураак.

3. Кайсы тилди өздөштүрүүнү кааласаңыз, ошол тилдин өкүлдөрү менен баарлашканыңыз туура. Алардын сүйлөө ыргагына, үнүнүн тонуна көңүл буруп, аларды туурап сүйлөңүз. Теория жүзүндө үйрөнгөндү практикада колдоно билүү тилди бат үйрөнүүгө өбөлгө түзөт.

4. Жаныңызга блокнот ала жүрүү зарыл. Кээ бир сөздөрдү, абалды кантип айтаарын унутуп калбоо үчүн жазуу маанилүү. Бардык тилдерде фразаларды, кош жана кошмок сөздөрдү үйрөнүү өтө көңүлдүү, кызыктуу болот. Аларды блокнотко жазып алып кийин колдонуу жакшы натыйжа берет.

5. Бир нерселерди окугула. Башка тилди угуп же жазып эле үйрөнбөйт, окуп да үйрөнөт. Көп окуу зарыл. Анткени, биринчиден, сөздөрдүн кандай жазылышын да көрүп, ал эсиңерде калса, экинчи жагынан ал окуганыңарды өзүңөр которуп түшүнө алуу өтө маанилүү. Газеталар, таблицалар, реклама жазуулары, автобустагы, көчөдөгү жазуулар… Ал сөздөр эсибизде калат да, оңой үйрөнөсүз.

6. Ар бир киши эки-үч чет тил үйрөнө алаарын унутпагыла! Кааласа 20 тил үйрөнүүгө мүмкүн, болгону сабыр жана эмгек керек. Тил үйрөнүү убакыт алат.

7. Жаңы бир тилди үйрөнүү менен жаңы элдин маданиятын, салт- санаасын да үйрөнүүгө болоорун унутпоо зарыл. Салттары бар, биздин маданиятыбыз ортосунда окшоштуктары, айырмачылыктары кандай.

8. Тил үйрөнүүдө өзүңүз жоопкерчилик алышыңыз керек. Мугалим үйрөтпөй жатат дебеш керек. Эң жакшы мугалим өзүңүз болгонуңузду унутпаңыз. Себеби максатыңызды сиз жакшы билесиз.

9. Үйрөнүү формасын, стилин, түрүн өзүңүз белгилеп коюңуз. Сиздер өзүңөр кайсыл убакта дагы жакшыраак сабак окуй аласыздар? Түнкүсүн, күндүз, жалгыз, ТВ жанында, музыка менен, ж.б.

10. Үйрөнгөн тилде ойлонууга аракеттениңиз. Ичинен өзүнө өзү бир нерселерди түшүндүрүү аркылуу да ал тилде кантип сүйлөөгө боло турганын үйрөнүүгө мүмкүн.Үйрөнүп жаткан тилде ойноп сүйлөм түз. Алардын көп түрдүү болуусу сизге жардам берет.

Жазгүл Жекшенова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты