Өмүрбек Бабанов: бийликти басып алууну ойлогон жокмун

Өмүрбек Бабанов: бийликти басып алууну ойлогон жокмун

Президенттикке талапкер, парламменттеги «Республика – Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 16-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү.

Ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө айтып, анда алар «жеңишке жеткенин» билдирди:

— Биздин жеңиш — адамдардын аң-сезимин өзгөртүп, аларга мыйзамдуу жол менен чындыкты далилдөөгө мүмкүн деген ишенимди жаратканыбызда. Биз Кыргызстанда шайлоого чыгып, өз программасы тууралуу айтып, элге мамлекеттин альтернативдүү өнүгүшүн билдирүүгө мүмкүн экенин көрсөтө алдык. Кимдики чын экенин убакыт көрсөтөт.

Ошондой эле Өмүрбек Бабанов административдик ресурстан коркпой ага добуш берген шайлоочуларга ыраазычылык билдирип, тарапташтарын провакацияларга алдырбоого чакырды:

— Мен азыр эле Бабановду колдогондорду бүгүн 12де аянтка чогулууга чакырып жаткандыктары тууралуу правокациялык маалымат алдым. Мен бийликти эч качан басып албаганымды дагы бир жолу эскертип кетким келет! Азыр дагы, мындан кийин дагы бийликти басып алуу оюмда жок. Шайлоочулар менен үгүттөөчүлөрдүн укуктарын мыйзамдуу жол менен гана коргойбуз. Биз келечекте дагы жеңишке жетерибизге мен толук ишенем. «Бизди өлтүрбөгөн нерсенин бардыгы, бизди күчтүүрөөк кылат» деген жакшы сөз бар. Бул шайлоо бизди бириктирди.

Учурда «Республика» партиясынын Таластагы штабынын алдында Өмүрбек Бабановдун тарапташтары топтолуп жатканы кабарланууда. «Азаттыктын» аймактагы кабарчысынын айтымында, анда азыр 100гө жакын киши турат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты