Гаджет көз карандылыгы: кантип билсе болот?

Гаджет көз карандылыгы: кантип билсе болот?Азыркы жашоо бизге дагы бир психологиялык көйгөйдү жаратты. Бул баарыбыздын гаджетке болгон көз карандылыгыбыз. Гаджет (gadget) — техникалык жаңылыктар дегенди түшүндүрөт. Буга  смартфон, планшет, электрондук китеп, ноутбук, ультрабук, плеер ж.б. кирет. Негизи гаджеттер адамга кызмат кылуу үчүн чыгарылган буюм. Ал эми турмушта болсо алар, тескерисинче, адамды өзүнө баш ийдирип алгансыйт.  Эң негизги коркунуч болуп бул жаш балдардын арасында гаджет көз карандылыгынын күчөгөнү.  Кайда жүрбө ар бир экинчи баланын колунда же телефон, же планшет.

Бул буюмдар балдардагы катаалдык, текеберлик, өзүмчүлдүк сыяктуу сапаттардын өнүгүшүнө алып келет. Бала болор-болбос нерселерге кыжырданып, тез жини келип, айланасындагы жашоого көңүл кош карап, ал үчүн сырттагы жашоо кызыксыз болуп калат.

Дарыгерлердин тастыктоосу боюнча, бала үч жашынан баштап бул буюмдар менен алектене берсе болот, бирок күнүнө 15 мүнөттөн көп эмес. Алты жаштан он эки жашка чейинки балдарга — күнүнө бир сааттан колдонгонго уруксат берилет. Ал эми он эки жаштан баштап балаңызга телефондун маңдайында бир жарым сааттан отурууга уруксат бере берсеңиз болот. Бирок бул гаджеттер көзгө күч келтирерин унутпай, балаңыздын ар 15-20 мүнөт сайын тыныгуу жасап турарын көзөмөлдөңүз. Мында тамак сиңирүү органдары да жабыркашы мүмкүн. Анткени телефонуна же нетбукка алаксыган бала шашып тамактанат, анысы аз келгенсип, өз убагында тамактанбайт, же тамактанып отуруп көзү телефондо болгондуктан эмне жеп-ичкенин байкабай да калат. Муну менен бала өзүнө ашказан-ичеги ооруларын арттырып жатканын өз убагында сезбейт. Мындан сырткары, өнөкөт баш оору пайда болушу мүмкүн.

Балдардын канчалык деңгээлде ал буюмдан көз каранды экенин, ал абалдан алып чыгуунун жолдорун «Данакер» үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Перизат Асылбаева айтып берди.Гаджет көз карандылыгы: кантип билсе болот?

Баланын гаджетке болгон кызыгуусу  көз карандылыкка өтүп баратканын кантип түшүнсө болот?

—Ата-энелер балдарына байкоо жүргүзүп турушу керек.  Мисалы, балаңызды тамак ичкенге чакырсаңыз, ал өзү менен кошо телефонун же нетбукун жанына алып, тамак ичип отуруп да кечке ага үңүлүп, сиз менен сүйлөшпөй, ою башка жакта боло берет.

Эгер баланын мындай абалы башка учурларда да кездешсе, мисалы, телевизор көрүп отуруп деле телефонун чукулай берсе,  достору менен эшикке чыгып эс алуудан  баш тартып, өзүнүн кыялындагы дүйнөсү менен жүрө бергенин байкасаңар.

—Балага бир күндө канча убакыт берсе болот, ден соолугуна зыяны тийбегидей кылып?

—Эгер 5 жашка чейинки бала болсо,  ага эң аз дегенде 15 мүнөт, көп дегенде жарым саат гана убакыт берилет. Алар бул убакта билим берүүчү, пайдалуу мультфильмди же кызыктуу көрсөтүүлөрдү көрүшсө болот. Ал эми өспүрүм курактагы балдар бир күн ичинде кыймылдабай 3-4 саат бою компьютерде отурса, анда коңгуроо кагып, тынчсыздана берсеңер болот. Анткени бала өзүнө керектүү көндүмдөрдү ала албай калат. Бала эң эле жөнөкөй баарлашуу көндүмүнөн кур калат. Бул келечекте достору, жакындары менен сөз таба албай, уялуу, коркуу сезими пайда болуп, алсыз, өзүнө болгон ишеним жоголуп, чыныгы жашоо менен кандайдыр бир тосмо пайда болот. Аларга виртуалдык жашоо көбүрөөк кызык болуп баштайт. Анткени алар ал жакта каалагандай ник менен аттарын өзгөртүп, өз оюн кенен жазышып, өзүлөрүн күчтүү, ишеничтүү, тың сезишип, кыялынан чыккан жашоодо жашап баштайт.  Мындай нерсе чыныгы жашоодо кедергисин тийгизбей койбойт, алар  жөнөкөй эле өз ойлорун толук кандуу түшүндүрүп бере албай кыйналып, өзүнө баа берүүсү төмөндөп калат.

—Кантип гаджет көз карандылыгы менен күрөшүүгө болот?

—Бала менен жай гана сүйлөшүү керек. Бизде келишимдик метод деп коюшат. Бала менен келишим түзүп алып, «Балам, сенин өздүк мейкиндигиңди бузгум келбейт, бирок эгер сени башка белгисиз адамдар бир оюнга чакырса же жолугушууга кел десе, сүрөттөрүңдү жүктө деп сураса, сен мага айтасың, кандай болгон убакта да баарын бири-бирибизге айтып турабыз. Мен сени урушпайм. Анткени мен сен үчүн кабатырланам, бул сенин коопсуздугуң үчүн» деп туура түшүндүрүш керек.  Ал эми кичинекей бала болсо, аларга оюн аркылуу түшүндүргөнгө аракет кылыш керек. Мисалы, коңгуроо  кагылганда баары тамакка келип отурушу керек. Телефондорун жанына албашы керек. Бардык көңүлүн башка пайдалуу оюндар, китеп окуп берүү менен алаксытыш керек. Тышка чыгып сейилдеп келебиз же бассейнге барабыз, тоого чыгабыз деген сыяктуу көңүлдүү убакыт өткөзүп туруу керек. Оюн аркылуу балдардын режимин тууралоо зарыл. Мындайча айтканда, балага көбүрөөк көңүл бөлүп, убактысын бош койбой, чыныгы жашоодо көптөгөн кызыктуу, кооз жерлер бар экенине ынандырыш керек.

Гаджеттер күнүмдүк жашоодо эң керек буюм, бирок ден соолукка зыяндуу. Алардын балдарга тийгизген таасиринин оң жана терс жактарын карап көрдүк:

Оң жактары:

  1. Майда моториканын өнүгүүсү. Сенсор экран, джойстик, кнопкалар  манжаларды кыймылдатып, майда моториканы иштетет. Компьютердик мышь колдонуу анын каяк жакка жылып жатканына байкоо жүргүзүү баланын көңүл буруусун өөрчүтөт.
  1. Балдарды окутууда керектүү буюм. Атайын пайдалуу программалар жана оюндар аркылуу жаш балдардын көрүү образын жана активдүү катышуусун талап кылган билимин арттырат. Мисалы, экрандан көрсөтүп тамга табуу, сөздөрдү кураштырып сүйлөм түзүү сыяктуу керектүү оюндарды ойнотсо болот.
  1. үйдүн ичинде отуруп эле пайдалуу жаңылыктардан кабардар болуу. Балдар керектүү китептерин, кызыктуу жаңылыктарды окуй алат. Балада издөө жана тапкан жаңылыктарды иргеп, керектүүсүн алуу, өз алдынча иштөө көндүмү пайда болот.
  1. Байланыштын такай болуп турушу. Ар кандай блог, чат, тайпалар аркылуу өзүңө керектүү маалыматты ала аласың.

Терс жактары:

  1. Ден соолугундун жабыркашы. Көз начарлайт, такай кызарып, ичи кургап оорутушу мүмкүн. Мээге кислород жетишпей, чарчайт. Уйку бузулат. 
  2. Психологиялык ооруларга алып келет. Жаш балдар гаджет менен отура берип, тышкы чөйрө менен байланышы үзүлөт,  өзү курактуулар менен тил табуусу кыйын болуп, уялчаак, коркок болуп калат.  
  1. Көз карандылык. Гаджетти көп колдонуу көз  карандылыкка алып келет. Бала чыныгы жашоону виртуалдык жашоого алмаштырып, көңүлсүз болуп калат. Бул абдан коркунучтуу.

Эльвира Какиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты