Ырчы Роза Шакирова: “Мамлекет жардам берсе тапканымдын 50%ын төлөп бермекмин”
- 7 лет мурун
- Маек
Күркүрөгөн күз келип шаардагы тойканаларга бир ай кезекке турушуп, элибиз той-аштарын өткөрүп аткан убак. Мындай учурда чыгармачыл адамдар да үйүндө турбай, бир күндө беш-алты тойго катышып, капчыктарын кампайтып, иштеп жаткан мезгили. Мындай тойлорго чакыруудан куру калбай, убактысы тардыгына карабай жүгүрүп жүргөн ырчы айым Роза Шакированы кепке тартып, учурдагы жаңылыктары, патент маселесине көз карашы, дегеле чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.
—Күз мезгили тойдун учуру эмеспи, жумасына канча чакыруу болуп атат? Бул убакта канча каражат тапканга болот?
—Ооба, күзүндө, Кудайга шүгүр, тойлор көп, күнүгө деп айта албайм, бирок чакырып турган жактарга барып турам. Канча тапканымды ушул убакка чейин санап көргөн эмес экенмин.
— Ырчылар, тамадалар патент алсын деген демилге көтөрүлүп жатат. Муну кандай кабыл алдыңыз?
—Мен ырчы болом деп 11 жыл окудум, ал окуумду өкмөт төлөп берген жок. Биз концерт коердо ар бир билетке патент төлөйбүз, андан сырткары башка да төлөмдөрдү төлөйбүз. Бул убакка чейин мамлекеттен эч кандай жардам көргөн эмесмин. Эгер мамлекеттик жумушта иштесем, анда төлөмөкмүн. Мисалы, мамлекет бизге той таап берип, ыр жаздырып, бардык жагынан көмөк көрсөтүп турса 2500 сом эмес, тапканымдын 50%ын аларга төлөп бермекмин, андай жардам болбогондон кийин эмнеге төлөшүбүз керек дейм да.
—Жерүй салып жатам дедиңиз эле, бүтүп калдыбы?
— Үйүбүз бүтө элек, шашпай кынаптап салып атабыз.
— Айрым ата-энелер «балабыз менен кошо окуп, кыйналып жатабыз» деп калышат. Сиз дагы уулуңуз менен бирге сабак окуп жатасызбы?
—Уулум 3-класста окуп жатат, балам аябай акылдуу, жетишкендиктери жакшы. Үйдө сиңдилерим бар, алар баламды кароодо аябай жардам беришет. Негизи балам сабакка кетерде шашып-бушуп тапшырма аткармайы бар. Жолдошум экөөбүз тең уулубузду уруша албай, анын айтканы менен болобуз.
— Уулуңузга качан шерик кылайын дейсиз?
— Уулуңа шерик кылбайсыңбы деп улуулар айтып калышат, менин да андай тилегим бар. Кудайым берерин унутпасын, көп балалуу болгум келет, буюрса пландарымда бар.
—Келбетиңиз көркүнө чыгып, арыктап калган өңдүүсүз, диета кармап жатасызбы?
—Арыктадым деп деле айта албайм. Кээде кечки алтыдан кийин тамагымды тыйып коем. Кайнатылган тамакка көбүрөөк качырам, куурулган тамактарды жебейм. Жер-жемиш, жашылчалар менен салаттын түрлөрүн жасап жейм. Болгон “секрети” ошол го…
—Акыркы учурда ырчыларга берилген сыйлыктар боюнча көп талкуулар чыкты. Сиздин көз карашыңыз кандай?
—Сыйлык, наам алуу азыркы убакта бийиктигин жоготту деп ойлойм. Илгерки убакта «Эмгеги сиңирген» деген наам тээ асманда болчу, барктуу эле. Азыр баркы кеткендей болуп калды. Аны алып алгандан кийин канчалаган сөздөр артыңдан ээрчийт, мамлекетте иштебегенден кийин наам албай эле элге кызмат өтөп жүрө бергеним жакшы окшойт деген көз карашта болуп калдым.
—Сиз деле сыйлык алганга аракет кылган жоксузбу?
—Мен сыйлыкка ушул убакка чейин аракет кылып көргөн эмесмин. Кээ бир ырчылар “Ушул сыйлыкты мага берерин мен билген эмесмин” деп жооп берсе мен таң калам. Сыйлык деген жөн эле отурсаң өзү келбейт. Ага канчалаган документтерди чогултуш керек. Мен билгенден көп эжей-агайларыбыз документтерин тапшырып коюп, азыркыга чейин наамдарды алыша элек. Мисалы, Гүлнара Кахарова, Кенже Дүйшеева, Токтобүбү Черикчиева, Айбек Карымов сыяктуу агай-эжелерибиз сыйлыкка, наамга татыктуу адамдар. “Улууну сыйласаң, кичүүлөр сени ызаттайт” деп коет го, мен бул улуулар алмайынча документимди тапшырбайм. Азыр тапшырамбы, тапшырбаймынбы, эки арасат ойдомун негизи.
—Бир маегиңизде “балерина болгум келет” дегениңизди окудум эле, чын эле балерина болгуңуз келчү беле?
—Мен кичине кезимде балерина, сыйкырчы болгонду каалачумун. Эми азыр балерина болбой калдым окшойт (күлүп), бирок сыйкырчы болууну азыр деле каалайм. Эми Кудайым буюруп кыз төрөсөм, кызымды балерина кылам деген ойдомун.
—Сыйкырчы болсоңуз анда азыр эмнени сурамаксыз?
—Сыйкырчы болсом биринчи мамлекетибизге жакшы кызмат кылган ажону тилемекмин. Алыс жерде жүргөн мигранттарга, кыргыздардын баарына жумуш тапмакмын, Кыргызстандын ичинде завод-фабрикаларды ачмакмын. Эң биринчи элим бириксе, мамлекетим өнүксө, жашообуз оңолмок. Биринчи эле гаишниктердин маянасын көбөйтмөкмүн, көчөдө туруп акча талап кылып элди кыйнашмак эмес. Экинчиден, чоңдордун да маянасын көтөрмөкмүн, анткени бирөөнү жумушка алганда алар акча талап кылмак эмес, маяналары жетиштүү болсо. Үчүнчүдөн, мугалимдердин, врачтардын да маянасын татыктуу кылып коюп, изденүү менен, сүйүнүп иштегидей кылмакмын. Негизи эле башкалар акчам болсо өзүмө бир нерсе кылмакмын дешет го, а мен болсо баарын элим үчүн деп суранмакмын. Сыйкырчы болсом ушуларды ишке ашырмакмын.
Эльвира Какиева