Кол өнөрчү Алмаз ѲМҮРОВ: «Бут кийим тигүү бизнесин 350 сом менен баштагам»

Кол өнөрчү Алмаз ѲМҮРОВ: «Бут кийим тигүү бизнесин 350 сом менен баштагам»Беш жылдан бери булгаарыдан кыргыз оюусу түшүрүлгөн бут кийим тигип сатып келаткан Алмаз Ѳмүров бул бизнеске кантип аралашып калганы, азыр кандай ийгиликке жетишкендиги тууралуу ой бөлүштү.

—Бут кийим тигип калышыма жумушсуздук, сатыктагы бут кийимдердин сапатсыздыгы түрткү болду десем жаңылышпайм. Өзүмдүн эмнеге жөндөмдүүлүгүмдү көрсөтөйүн деген максатта 2010-жылы 350 сом менен булгаарыдан бут кийим тигүү бизнесин баштагам. Атайын билимим деле жок, бирок шык-жөндөм бар да, кыйналып атып, окубай-чокубай эле өз алдымча үйрөнүп кеттим.  Ара жолдо канчалаган кыйынчылыктарга дуушар болсом да бир да жолу кредит алган жокмун. Кызылдай эмгегим менен ушул даражага жеттим.

Бут кийим фабрикасын ачайын деген деле оюмда жок болчу. Алгач, тапичке жасап көрөйүн деп эки тапичкеге жеткидей клей, кайыш жана керектүү жабдууларды алып, эки апта бою кагаз бетине анын моделин чиймелеп отурдум. Акыры кыялымдагы тапичкени жасап, базарга алып чыгып, эки жума сата албай убаралангам. Себеби, ал убакта эл арасында «кыргыз орнаменттери бар бут кийимдерди артисттер гана кийишет» деген түшүнүк бар эле. Ошондон уламбы, эч ким мен жасаган бут кийимдерди сатып албай койгон. Бирок  «Баарыңарга ушул бут кийимдерди кийгизем» деп өжөрлөнө бердим. Акыры эки тапичкени сатып, андан ары бизнесимди өркүндөтүп кеттим. Кийин бут кийим тигүүчү эки станок сатып алдым. Алардын баасы 1000-1500 доллар турат. Учурда күнүнө кыргыз орнаменттери түшүрүлгөн 10-15 бут кийим жасап сатам. Жайкы тапичкеден тартып кышкы өтүккө чейин ултарам.

«Чай ичкенде да бут кийимди маңдайыма коюп алчумун»

— Ишти жаңы баштаганда бут кийим уктасам түшүмө кирип, турсам оюмдан кетпей калган. Ал тургай чай ичип атканда да бут кийимди маңдайыма коюп алып, ошону карап ойлоно берчүмүн. Келинчегим «Бул эмне өнөр? Бут кийимди алып коюп тамак ич» деп калчу. Анда мен: «Көрөсүң бут кийимдердин аркасы менен келечекте бизнесмен болом» деп тамашалап калчумун. Мен беш жылдын аралыгында көп ийгиликтерге жетише алдым. Мисалы, үй-бүлөмдү жумуш менен камсыз кылдым.

Бут кийимдерди кайыштан, териден жасайм. Кыргызстанда булгаары, тери чыгарган эки завод иштейт. Мен «Булгаары» заводу менен иштешем. Себеби, ал заводго өзүбүз булгаарынын өңү, калыңдыгы тууралуу буюртма бере алабыз. Буга чейин жасаган бут кийимдериме ылайыктуу таман таба албай кыйналчумун. Жакында эле Москвадагы бут кийимдердин таманын жасаган фирма менен келишим түзүп келдим. Андан сырткары Москваны тери менен камсыз кылган «СССР» деген фирма бар экен. Ал фирма менен да келишим түзүп,  иштешип жатам.

“Накта тери менен жасалма терини айырмалай албайсың»Кол өнөрчү Алмаз ѲМҮРОВ: «Бут кийим тигүү бизнесин 350 сом менен баштагам»

— Учурда жасалма тери менен накта терини айырмалай билүү бир топ эле кыйынчылык жаратат. Кытай жасалма терини накта териден эч айырмасыз чыгарып калды. Мен аларды карап туруп накта тери экендигин биле албайм, кармалап көргөндө гана айырмалай билем.  А карапайым калкты шуулдатып эле алдап атышат.

«Кыргыздын орнаменти түшүрүлгөн бут кийимдерди мода кылып атам»

— Бүгүн дүйнө жүзүн мода башкарып атат десем көп киши түшүнө беришпейт. Мисалы, жыртык шымды мода кылып, баасын да кымбаттатып коюшту. Анан эмнеге менин улуттук колориттеги бут кийимдерим мода болбошу керек? Мода болуш керек. Учурда кыргыздын орнаменттери түшүрүлгөн бут кийимдерди мода кылып, бүтүндөй элге даңазалап атам. Мен жасаган бут кийимдерди америкалыктар, казактар, орустар алышат. Алар кеткенден кийин бир орусту же казакты кыргыз кылып койдум деп мактанып калам (күлүп). Ѳзүм Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ленин айылында,  карапайым үй-бүлөдө туулуп-өскөм.

Бут кийимдеримдин баасын анчалык кымбат кылбайм. Мисалы, айрым бут кийимдерди кардарларым «Ушул 4000 сом турабы? Сапаты жакшы экен» деп калышат. Бирок ал 2000 сом эле турат. Албетте, кымбат сатсам деле болмок. Себеби менин максатым байып кетиш эмес, кыргыздын орнаменттери түшүрүлгөн бут кийимдерди жайылтуу.

Бут кийимге кантип кам көрүш керек?

Тери бут кийими

  • Жаңы бут кийимди дароо крем менен майлап, кургатып алуу керек.
  • Суу болуп калса, өтө ысык эмес температурада кургатуу керек. Болбосо тери катып калат.
  • Эгер бут кийим кургаганда катып калса, аны керосин менен сүртүп, андан соң өтүк май менен майлап коюңуз.
  • Суу тийип калган жердеги тактарга вазелин сүйкөп 6-7 саат тыныктырыңыз да, андан кийин тазалап, крем сүйкөңүз.
  • Саргыч түстөгү тери бут кийимди тазалоо үчүн лимон ширесине нымдалган чүпүрөктү пайдалансаңыз болот.

 Түктүү  бут кийими

  • Жаңы сатып алганда түктүү булгаары бут кийимдери көп кирдебеш үчүн нымдан жана кирден сактай турган атайын каражатты  сүйкөп коюу керек.
  • Суу болуп, кирдеп калса, алгач кургатып алып, андан соң щётка менен үстүнкү чаңдарын сүртүп тазалаңыз. Так калып калган жерлерин атайын тазалоочу резинка менен тазалоо керек. Эгер андай резинка таппасаңыз, кадимки өчүргүчтү колдонсоңуз болот.
  • Аябай кирдеп калса, самындуу жылуу сууга нашатырь спиртин кошуп, щётка менен жууңуз . Андан кийин муздак суу менен тазалап, бетинде түгү жок кездемеге ороп кургатыңыз. Бул анын түктөрүнүн баштагы калыбына келишине жардам берет.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты