Спорттогу жаңы технология  

Спорттогу жаңы технология  Дүйнөдөгү глобалдашуу доору спорт тармагына да жаңы, заманбап технологияны киргизип жатат.

Спортчуларды байкоо системасы

Экинчи муундагы байкоо системасы бир эле убакта 28 спортчунун машыгып жаткан учурун текшере алат.  Спортчунун ар бирине берилген датчиктин жардамы менен машыктыруучу спортчу кандай машыгып жатканын ошол учурда көрө алат.

Муштум күчүн аныктоочу датчик

Мушкерлер, регби жана америкалык футбол үчүн Reebok компаниясы жаңы технология ойлоп чыгарды. Ал жогорку кубаттуу датчиктер менен толтурулган. Ал урулган муштум күчүн аныктап турат. Ал жакта үч түстөгү жарык күйөт. Эгер кызыл күйсө, анда ишти тезинен токтотуп, врачтарга барыш керек. Эгер сары күйсө, анда медициналык кароодон өтүш керек. Эгер жашыл күйсө, мелдешти уланта бериш керек.

Спортчунун сөөгүнө карап жашын аныктоо же X-Ray  Exam:  Bone  Age  Study

Спортчунун накта жашы тууралуу күмөн туулганда пайдаланыла турган техника. Бирок адамдын так биологиялык жашын аныктоого мүмкүн эмес  экени айтылат. Адамдын жашын болжолдуу түрдө гана аныктоого болот.

 Дененин жана булчуңдун 3D модели   

3D моделдин жардамы менен дарттын диагнозу коюлат, жабыркаган жердин канчалык олуттуу экени, анын качан айыгаары да иликтенет. Магниттик-томография менен бир учурда 3D сүрөт колдонулат.

КриотерапияСпорттогу жаңы технология  

Криотерапиянын жардамы менен дененин табы төмөндөтүлөт. Анын адамдын организмине зыяны жок.

Муздак аба менен дарылоо Германияда кеңири жайылтылып, жаракат алгандан кийин же жогорку көрсөткүчтөрдү жаратуу үчүн колдонулуп келет. Криокамерада эки жарым мүнөт болуп чыкса, спортчулар чыдамкай боло түшөөрү аныкталган.

Спортчулардын кийимдери

Спортчулардын кийими да абдан маанилүү. Теннис, баскетбол жана чуркоодо спортчулар үчүн атайын лабораторияларда бут кийим заказ кылынат. Кийинки кезде сенсорлуу бут кийимдер чыгарылууда. Сенсор спортчунун салмагын, басымдын күчүн жана кыймылдын көрсөткүчтөрүн берип турат. Андан чогултулган маалымат атайын программалык камсыздоо менен башкарылат.  Дүйнөгө белгилүү Nike,  Reebok  жана Adidas компаниялары өткөн кылымдын 80- жылдарынан бери спортчуларга атайын бут кийимди ушул күнгө чейин чыгарып келе жатат.

Смартфон менен башкарылган бут кийим 

Дагы бир Vibram  Smart  Concept  Sole аттуу компания смартфон менен башкарылган бут кийим чыгара баштады.

Бут кийимдеги сенсор спортчунун көрсөткүчтөрүнөн тышкары анын дене табын, тамандын ийилип турушун, баскан жердеги кооптуу участкаларды кызыл жарык менен билдирип турат.

Суучулдар үчүн кийимге тыюу салынганы жатат

Спорттук кийим чыгаруучулар айрым учурда ашкере аракет кылып жибергени да байкалат. Алсак,   Speedo  LZR  Racer фирмасы суучулдар үчүн чыгарган форма суучулдардын спорттук көрсөткүчтөрүнө да катуу таасир бергендиктен, бул формага тыюу салуу маселеси көтөрүлүп келүүдө.

“Акылдуу” топ 

Аdidas MiCoach деп аталган “акылдуу” топ чыгарылды 

“Акылдуу” топ деп аталган гаджет талаада машыгууда накта революция жарата турган болду. Топтун ичиндеги датчиктер топ канчалык күч менен ыргытылганын текшерип турат.  Bluetooth каналы болсо, маалыматты компьютерге же смартфонго берип турат.

Кандай тамак жейсиз?

Спортчунун кандай тамак-аш жегени да маанилүү эмеспи. Prep  Pad  деп аталган тараза тамак-аштын курамынан бери дароо аныктай салат, канча май, канча углевод жана башка компоненттери бар экени тез арада аныкталып калат.

Курманбек Насирдин уулу

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты