Жээнбеков: Чек арада чыккан чыңалууну кээде турмуштук, тиричилик маселелер да курчутат

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 8-августта Биринчи радиого берген интервьюсунда чек араны тактоо маселесине да токтолду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

— Чек ара маселесин чечүүдө, албетте, биринчи кезекте мамлекетибиздин кызыкчылыктары эске алынышы шарт. Ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын көздөйт. Бул маселенин татаалдыгы да мына ушунда.

Азыр коңшулаш Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араны тактоо иштери уланууда.Өкмөттөр аралык жумушчу топтор тынымсыз байланышта иштеп жатышат.

Иш жакшы кетип атты эле, коронавирус илдети муну токтотуп койду. Муну буюрса, улантабыз. Айрыкча, кыргыз-тажик чек ара участоктору боюнча талкуу уланууда.

Мен тажик коллегам, урматтуу Эмомали Рахмон менен кандай гана аянттарда жолукпайлы, чек ара маселесин дайыма талкуулайбыз.

Жылыштар бар, бирок маселе жогоруда айткандай, чечиле элек. Бирок, эки өлкөнүн ортосунда түшүнүү бар.

Чек ара маселесинен келип чыккан чыңалууну кээде турмуштук, тиричилик маселелер да курчутуп жиберет. Ошондуктан, жергиликтүү бийлик эл менен тыгыз байланышта иштеп жатат.

Өкмөттүн атайын вице премьер-министри бар, ушул чек ара маселеси боюнча иштейт. Акрам Камбаралиевич Кадамжайда аким, Баткенде губернатор болду, бул көйгөйдү жакшы билет.

Чыңалууну азайтуу максатында чек арага чектеш айылдарда, райондордо социалдык-экономикалык долбоорлорго да өзгөчө көңүл бурулууда. Баткен — менин өзгөчө көңүлүмдүн борборунда.

Жолдорду оңдоо, мектеп, ФАП, оорукана, бала бакча ж. б. социалдык объектилерди курууга көп көңүл бурабыз. Азыркыдай бюджеттин тартыштыгында, оор шартта, кырдаалда дагы аны биз токтотпойбуз.

Ал эми чек ара маселесин, жогоруда айткандай, бир тараптуу чече албайбыз.Бул өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан берки чечилбей келаткан оор маселе.

Сабырдуулук менен, сүйлөшүү жолу менен улантабыз. Буйруса, бул иштин өтөөсүнө чыгабыз, -деди ал.

6-августта, таңда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында ок жаңырган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты