«Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы» ачылды

"Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы" ачылды

Өкмөт башчы Сапар Исаков «Таза коом» долбоорун бир жыл мурда президент Алмазбек Атамбаев демилге көтөрүп башталганын, эми натыйжасын көрсөтүү мезгили келгенин белгиледи: “«Таза коом» биздин жарандардын турмушун жеңилдетүү үчүн жасалат. Анын максаты — жарандар менен мамлекеттик органдардын мамилесин электрондоштуруу”.  Премьер-министр Сапар Исаков өзүнүн паспорту менен электрондук түрдө паспорт алууга арыз толтуруу, никени каттоо, кыймылсыз мүлк тууралуу мамлекеттик реестрден маалымдама алуу сыяктуу кызматтардын иштешин иш-чаранын катышуучуларына демонстрация кылды. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталы (portal.tazakoom.kg) — мамлекеттик кызматты электрондук форматта алууга жана бирдиктүү терезени өзүнө камтыйт. Анда никени каттоого арыз берүү, жашаган дареги боюнча каттоого туруу, дарек кагазын алуу, жоголгон документтерди текшерүү жөнүндө маалымат алуу, паспортту даярдоо үчүн арыз-анкета тапшыруу, кыймылсыз мүлккө жана кыймылдуу мүлккө ээ экендигин аныктаган мамлекеттик реестринен көчүрмө алуу, айдоочулук күбөлүк алууга мүмкүн болот. Ошондой эле паспортторду үйдөн чыкпастан дистанциялык түрдө алууга шарт түзүлөт. Бул система “Таза Коом” долбоорунун алкагында ишке кирүүдө. Бирдиктүү порталдын бет ачарына министрлик ведомстволорунун жетекчилери, Кыргызстанда аккредитация алган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты