Салянова 5 жылга кесилди

Салянова 5 жылга кесилди. Жазаны кызы 14кө чыкканда өтөшү керек.

Кыргызстандын борборундагы Ленин райондук соту мурдагы баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм кылды. Мындай өкүмдү 10-октябрда судья Кубанычбек Касымбеков чыгарды. Өкүмгө ылайык, Аида Салянова жазасын кызы 14 жашка чыккандан кийин өтөйт. Салянованын наристе кызы азыр үчкө чыга элек. Аида Салянова өзү жана адвокаттары сот өкүмүнө макул эместигин жана шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрыларын билдиришти. Соттук отурумда айыпталуучу Аида Саляновага жана адвокат Чынара Жакупбековага жарыш сөз сүйлөөгө уруксат берилген жок. Айыпталуучуга акыркы сөз да берилбеди. Мындан улам оппозициячы саясатчы Аида Салянова сот мыйзамсыз иштегендигин, өзүнө жок жерден жалаа жабылганын, ага карата доо сотто эч далилденбегенин журналисттерге билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты