КЕЧИР, ГҮЛБҮ!..

КЕЧИР, ГҮЛБҮ!..

“Элдин сүйүүсүнөн күйүп кетти”, —  деген сөз бар эле ата-бабаларыбызда… Назик жаның көпчүлүктүн сүйүүсүн көтөрө албай, күйүп кете бердиңби, Гүлбү…

“Ичине түшүп кетти” деген сөз бар эле элибизде. Өзгөгө толук айтпас, өзүңөн төгүп чыгарбасбир бугуң бар эле, өзөгүңө түшүп кетип өмүрүңдү өчүрүп кеттиби ал бук, Гүлбү…

“Жүрөк каалаган, көкүрөгүм самаган жан азык темада шашпай сүйлөшүүнү сагындым, курбум, бирок иш көп…” дечү элең дайым. Жүзүңдөн да сулуу, көзүңдөн да нурлуу жан дүйнөң Жараткандан азык издеп кете бердиби,  Гүлбү…

Сенин бу жарык өмүрдөн кеткениңе ишене албай, “эмне үчүн”, «эмнеден улам”, “эмне кылса болот эле” деген түркүн суроолорду алдыма таштайм да, айланып келип эле бир жарым жыл мурдагы айтканың мээме кадалып, сенин өлүмүңө ошол “маселе” гана себепкердей телмирем…

“А балким ошондо…”, “А мүмкүн ошондо…” деп кайрып алчудай кайгырып, өкүнсөм келбес өткөн күнгө серпилем.

***

Бир жарым жыл мурда болчу, Гүлбү телефон чалып калды:

—Салташка, кандайсың, жакшы жүрөсүңбү деги? – деди, адаттагыдай эле жаркылдап. Экөөбүз ал-жайыбызды сурашып бүткөндөн кийин үнү бир аз пастап: — Сага бир нерсе айтайын дедим эле… — деди.

—Ии..? — деп анын айтчу сөзүн тыңшап калдым.

—Бир эже мага “Сармердендеги” алып баруучулук ордуңду ырымда, Гүлзат Батыркановадан кийин кан чыгарып ырым-жырым жасашың керек экен деди.

—Анан?..

—А мен жасагам да, кой союп кан чыгарып, куран окутуп түлөө өткөргөм. Анткени мага да оңой болгон жок бул алып баруучулукка келиш, ичимен кыйналып, сыртыман билгизбей, акырындык менен көнүп келатам…

—Эми билбейм, эгер ал эже айтып жатса, бир билгени бардыр, ырымдардынар кандайыболот эмеспи…

—Салташ, өзүң билесиң да, мен руханий дүйнөгө аяр мамиле кылам, Гүлзат эженин арбагынын алдында түлөөнү ак дилимен, чын ниетимен жасап өткөрдүм. Анын жакындарын, Сагын Ниязалиева эжени чакырдым...

КЕЧИР, ГҮЛБҮ!..Гүлбү бир четинен эмне кылсам дегендей кеңешип сүйлөшсө, экинчи жагынан кайра ошол суроосуна өзү жооп айтып, “тигил эже мени ырым-жырымдардан, кан чыгаруу, куран окутуу дегендерден алыс деп ойлоп жатат окшойт, мен баарын эле туура жасадым” деп тызылдап, ынандыра сүйлөдү. Гүлбүнүн үнүнөн, сүйлөө ыргагынан чын эле анын “Сармерденге” келгени өзү үчүн оңой эмес болгону, бул алып баруучулук ишке өтө кылдаткараганы, терең ойлонгону сезилип-билинип турду. Мындайда, сырттан туруп эле “бир көзү ачык эженин” айтканын жаса же жасаба деш кыйын болду мага. Гүлбүнүн сезим дүйнөсү табиятынан күчтүү болгондуктан, жана өзү айткан “эжесинин” тапшырмасына көңүлү чаппай тургандыктан, мен бул маселени анын жүрөк чечимине койгон элем.

Бирок ошол күнкү сүйлөшүүбүздө мени ойлонтуп да, сестентип дакойгон сөз бул болду: ал эже премьер-министр Насирдин Исанов 1991-жылы кайтыш болуп кеткенден бери бул кызматтык орунга такыр эле премьер-министрлер токтобой жатканын, жана “Сармердендеги” орун да ырымдалбаса, “жеңелер” токтобойт экенин айтып кеткени.  Бул сөздү угаар менен Насирдин Исановдун да, Гүлзат Батырканованын да автокырсыктан каза болгондорун, чын эле 1991-жылдан бери премьер-министрлик кызматка келгендердин саны жыйырмага жакындап калганын ой-толгоомдо бир жүгүртүп өттүм.

Аттиң, Гүлбү! Ошол көз ирмемдеги сөзүбүздө өлүм тууралуу кайдан ойлонолу… Сенин бу жарык өмүрдөгү ордуңдун узактыгын эмес, “Сармердендеги” ордуңду эске алып сүйлөшкөнбүз. Анткени, кыз-жигит оюнуна киргизе турган идеяларың көп болчу. Алгачкысы эле, Эрке бала менен Шайыр жеңенин жеке айтышын көрүүчүлөрдүн алдына алып чыксам деп жүргөнсүң.

…Ошол күнкү сөз ошону менен бүтүп, “ырым” темасы да, “эже” темасы да экөөбүздүн ортобузда унуткарылып калды.

***

Кечир, Гүлбү!!! (“Кечир” деген сөздү биз тирүүлүктө ушунчалык оңой айтат экенбиз, көрсө. Азыркы жагдайымда, бул сөздү ич дүйнөм эңшерилип айтып, салмагы ушунчалык оор экенин сезип жатам). Эмне үчүн мен ошол күнү “дагы бир жолу ырым-жырым жасап койчу, тигил эжени угуп койчу” деп сени кыйнабадым экен. Балким, арабыздан кетпейт белең… Мүмкүн, ошол ырымдан соң өмүр сени өрдү көздөй гана чаптырат беле… Кечир!.. Ооба, эми гана минтип ойлонуп кечирим сурап турганым – жакын адамыңды жоготуп алгандан кийинки аргасыздыктын аракети, агып кеткен мөлтүр суунун артынан жүгүрүү, жанып кеткен ак булутту көздөй умтулуу, а балким актануу…

Коё тур… мен азыр эстеп, азыр гана аңдап турам: сен ошондо “эжеңдин” сөзүн акылың менен кабыл албасаң дагы, ал сөздү сенин жүрөгүң өз түпкүрүнө түнөтүп алыптыр. Себеби, туура бир жылдан кийин, ушул жаздын апрелиндеги телефон сүйлөшүүбүздө ошол эжени бир эскерип өтпөдүң беле…

Күн абдан жылуу болчу. Саат 4-5тер чамасы эле. Телефон чалып, кайда экенимди сурадың. “Филармония жактан келатам үйгө, Тунгучка жетип калдым”. “И-ий, мен ошол жакка жумуштап барып, жаңы эле ал жерден филармония тарапка кетип бараткам да…”  Экөөбүз бир эле учурда, бир эле жолдон кайчы өтүп кеткенибизге күлүп калдык. Анан, олуттуу сөз айтчудай болуп, бат эле маанайың пастай түштү. “Жолугуп сүйлөшсөк болот эле… Былтыркы эжени эстеп атам, эмнеге ошентип айтты экен ээ?” дедиң. Ал күнү биз жолугуша албадык. “Достордун” 10 жылдыгына даярдык болуп, бир аздан кийин репетицияга кирип кетээриңди билдирдиң”. Түпөйүлдүктө жүргөнал-акыбалыңдын кандай экенинбилип коёюнчу деп экикүндөн кийин телефон чалсам, “Ой, рахмат, баары жакшы, даярдык деп эле баягыдай жүгүрүп жүрөбүз бошобой” деп жаркылдап койдуң.

***

“Шашып жашоо”, “бошобой жашоо” – учурда ар бирибиздин башыбызга түшкөндөй.  Иш, чыгармачылык, күнүмдүк тирилик деп чамгарактаткан бул ыргактан экөөбүз тең чыгалбай, жан азык болчу сен самаган руханий  темабыз улам арткы күндөргө жылып жатып, бүгүн ал минтип аза темасына айланып, ак таң сүрүлгөнчө сени менен сүйлөшкөнүмдү кара…

Жакшы мамиледеги адамдардын ортосун көңүлдүн алтын жипчеси байлап турат деп айтылат. Катуу көңүл калып адамдардын бет карашпай калганы – ошол жипченин үзүлгөнү экен. Таарынышып мамиленин солгундап калышы – алтын жипченин үзүлбөсө да сүзүлүп калганы экен.  Сен экөөбүз акыркы эки жылдан бери көрүшсөк жылына бир эле көрүшүп, телефондон анда-санда гана баарлашып калдык эле. Бирок, алтын жипчебиз бекем, туруктуу, кымбат эле. Сөзүбүз терең эле. Жипчебиз үзүлгөн жок, сөзүбүз бүткөн жок, Гүлбү. Анткени, адам баласынын денеси күнүмдүк, жаны түбөлүк экенин экөөбүз тең билебиз да…

Сенин “ачып кеткен сырың” мага да, башкаларга да бүгүнтөн тарта ЖАШООНУН БИР САБАГЫ, КАТУУ КАККАН КОҢГУРООСУ болду годеп эсептейм! Сенин өлүмүң — “Сармердендеги” шайыр жеңенин орду жана Өкмөттөгү өкмөт башчысынын орду тууралуу чындап ойлонууга түрткү берип койду.

Ар кырдуу жашоо, миң сырдуу аалам адам баласынан талап кылган жандырмактарды табуу, тагдыр буйругунун түйүндөрүн чечмелеп алуу дайыма эле колубуздан келе бербейт тура…

 

…Сен ар убак жүрөгүбүздө жашайсың, көктөм гүлүндөй үлбүрөгөн керемет гүлүм, Гүлбү!Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, жаның жаннаттан, ордуң бейиштен болсун! Артыңда калган мөлтүрөгөн кыздарың Айзуура менен Сезимге, ар убак сени айланчыктап бактыңды тилеп келген апаңа, бир туугандарыңа, тамырында сенин каның жүгүргөн ымыркай небереңе Жараткан узак өмүр берсин, жакшылыгын жаадырып берсин!

Курбуң  Салтанат

7-октябрь, 2017-жыл

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты