19-сентябрда: Көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт  

  • 1 год мурун

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 19-сентябрда, күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:   

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22;

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +13…+18;

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;

Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Түнкүсүн +11…+13, күндүз +20…+22 градус.

Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты