19-октябрдагы аба ырайы

  • 8 месяцев мурун

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 19-октябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Тоо кыркаларында кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +9…+14;

Баткен облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +12…+17;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +6…+8, күндүз +17…+19 градус.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты