Жакырчылыкка жетелеген жаман адаттар

Жакырчылыкка жетелеген жаман адаттарАдам баласы эч нерседен кем болбой, өзүн-өзү камсыз кылып жашагысы келет. Акчаны канчалык жетиштүү таап жашасак да, жакырчылыктан арыла албагандар бар. Эмне себептен? Анткени аң-сезимибизде жакырчылыкка алып келе турган адаттар орноп калат. Ал адаттар төмөнкүлөр:

  1. Өзүн аёо

Эгер сиз айлана-чөйрөгө, жашооңузга нааразы боло берсеңиз, ошол эле убакта ал абалды жөнгө салууга аракет кылбасаңыз, анда сиз акча тууралуу ойлонбой эле койсоңуз болот. Көпчүлүк адамдар өзүн аяп жүрүп чөгүп кетет. Бирок өзүңдү аёодон майнап жок, иш менен алек болууга умтулуңуз.

  1. Туугандардан обочолонуу

Эгер туугандардан, жоро-жолдоштордон катышыңызды үзүп таштап, бай болом десеңиз, анда абдан жаңылышасыз. Мындай ыкма менен байышыңыз мүмкүн, бирок тууган-уруктан айрылып, жалгыз каласыз.

  1. Жакпаган иш менен алек болуу

Канчалык аракет кылып иштебеңиз, эгер бул ишке жүрөгүңүз чаппаса,  бир убакта алган акчаңыз да сизге бакыт алып келбейт. Бир гана жаккан ишиңизди тандап алганда ийгиликке жетишип, чыныгы бай адам болосуз.

  1. Акчаны туш келди чачуу

Кирешеден ашыкча акча коротуу—акылсыздык. Дүкөн кыдырып, болгон акчаны себепсиз коротуп, тамак-ашка да калган жок деп отуруп калган убактар айрымдарда көп болот. Андыктан тапкан кирешени туура колдоно билгенге үйрөнөлү. Көп акча тапкан эмес, колдо барын туура колдоно билген киши гана бай болот.

  1. Убакытты созуу

“Жети  өлчөп, бир кес” деген макалды эсиңизден чыгарбаңыз. Бирок сиз бардыгын ойлонуп туура чечим чыгаргыча, башкалар ал мүмкүнчүлүктү колуңуздан сууруп кетет. Биринчи кадам таштагандан коркпогон адам гана жеңишке жетишет.

  1. Бардык нерсени акча менен аныктоо

Бардык нерсени акча менен баалабаш керек. Акчадан мурун, ар бир кичинекей нерседен бакыт тапкан адам болушуңуз керек.

  1. Үнөмдөө

Үнөмдөө менен акча чачкандын ортосун табыш керек. Качан гана каражатты туура колдоно билип жана бир нерсени максаттуу сатып алсаңыз гана жакырчылыкка болгон адатты жокко чыгара аласыз.

  1. “Башкалар эмне дейт?» деп ойлонуу

Бул эң негизги көйгөй. Жакыр адам башкалардын көзүнчө  жакшы көрүнүш үчүн бүт күч-аракетин жумшайт. Колунда болгон акчасын куру намыска алдырып, чачып салат. Ал эми ийгиликтүү адам антпейт, башкалардын оюна көз каранды болбой, тек гана өзү үчүн иш кылат.

Эгерде ийгиликтүү  болуп, бардар жашагыңыз келсе, жогорудагы жаман адаттардан арылганда гана маңдай териңиз менен тапкан каражат сиз каалаган жыйынтыкты бермекчи.

Кантип ишинен баар таап, ийгиликке жетишкендиги, жакырчылыкты кантип жоюу керек деген суроого мындай жооп алдык.

Эрмек Маркабаев, “Сары-Өзөн Дыйкан” базарынын жетекчиси:

Жакырчылыкка жетелеген жаман адаттар

“Жалкоолук—жакырчылыкка себеп”

—Менин оюмча, жакырчылыкка биринчи себеп бул жалкоолук, бүгүн бүтө турган ишти эртеңкиге калтыруу.Анан колуңан келбеген ишти кылган дагы бирден-бир себеп. Бизде, мисалы, саясатчы менен бизнесмен экөөнүн мамлекетке көз караштары эки башка, Кыргызстанга эмне керек экенин жакшы билбеген инсандар саясатта жүрүшөт, алардын аркасынан карапайым эл дагы кыйналып жатат, алар артык кылам деп тыртык кылып атышат.

Жакырчылыкка жетелеген жаман адаттарНаргиза Конушалиева, “Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө борборунун жетекчиси:

“Өзүңө ишен”

— Канчалык кыял чексиз болсо, ошончолук ийгилик болоруна ишенем. “Асыл ой, адал иш” деп ата-бабаларыбыз бекер айтпаса керек. Дагы өзүңө-өзүң ишенүү ийгиликке себепчи. Андан соң туура максат коюп, ийгиликке жетүү жолдорун пландап, талыкпай эмгектенүү. Адам баласы ийгиликке жетем десе, өмүр бою окуш керек деп айтаар элем. Дүйнөлүк окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, ийгиликке жетүүгө 15% окуу жайларда алган билимдер, ал эми 85% турмуштук сабак түрткү.

Аида Тойчуева, дизайнер-стилист: “Сабырдуулук керек”Жакырчылыкка жетелеген жаман адаттар

—Менимче, «Ийгиликке жетем десең, ийгиликке чейин чоң жолду басып өтүүң керек» деген сөз бар эмеспи. Ийгиликтин ачкычы деп мен эң алгач эле билим, андан соң алга сүрөөчү мүнөз, аракет, сабырдуулук деп билем. Ал эми жакырчылык бул сырттан келген балээ эмес, биринчиден, ага өз күчүң жана акылың туура эмес иштешине адамдын жол берүүсү. Экинчиден, акча жана аны пайдалануу тууралуу туура билимдин жоктугу. Үчүнчүдөн, адам өз убактысын, колдогу бар нерсесин туура бөлүштүрө билбегендиги жана материалдык муктаждык менен гана алек болуп, руханий муктаждыгын унутта калтыруусу деп эсептейм.

Ийгиликке жетүүдөгү жети эреже:

1. Күнүңүздү эрте баштаңыз

  1. Жарым саат болсо да китеп окуңуз
  2. «Бештин эрежеси»

Күнүгө маанилүү деген 5 ишти кагазга жазып алып бүтүрүү.

4. Башкаларды мактагыла

  1. Берген убадаңызды аткарыңыз
  2. Ийгиликке жалгыз жетише албайсыз

Эч ким ийгиликке жалгыз жеткен эмес, артында ишенген, билимдүү командасы болот.

  1. Кайрымдуулукту унутпаңыз

Билл Гейтс, Уоррен Баффет, Ричард Брэнсон  — булардын бардыгы көп акчасын кайрымдуулукка жумшаган.

Эльвира Какиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты