Жогорку Кеңеш Саймаитиге байланыштуу депутаттык комиссия корутундусун жактырды

Жогорку Кеңеш 18-июндагы жалпы жыйынында Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөөгө байланыштуу түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун жактырды.

Бул боюнча токтом долбооруна 72 депутат «макул» деп добуш берди, бирөө каршы добуш берди. Каршы добуш берген депутат бир гана Рыскелди Момбеков болду. Депутат Мирлан Жеенчороев комиссия мүчөлүгүнөн чыгып кеткен.

Комиссиянын төрагасы, депутат Талант Мамытов комиссия «сыртка чыгарылган 932 миллион доллардын Кыргызстанга тиешеси жок, кыргызстандык жана чет өлкөлүк, Өзбекстандагы «Абу-Сахи» базарындагы жеке ишкерлердин каражаты» деген бүтүмгө келгенин айтты.

Депутаттар Дастан Бекешев, Рыскелди Момбеков депутаттык комиссиянын корутундусун сынга алышты.

Бекешев экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиевден «Исмаил Матраимов атындагы фондго» 200 миң долларды ким жана эмнеге которгонуна кызыкты.

Жамгырчиев «Вуфули (Айеркен Саймаитинин жубайы — ред.) менен «Исмаил атанын» бир гана акча которуу боюнча байланышы бар. Бирок акча негизинен ошол түрк жаранынан келген. Бирок Вуфулинин эсеби аркылуу» деп түшүндүрдү.

Бекешев «200 миң долларды тааныш эмес кишиге береби? Ушундай фактыны бир жерден уктуңарбы Эгер биз депутаттар, фонд ачсак андай акчаны эч ким которбойт» деп кошумчалады.

«Бул жардам катары которулган» деди Жамгырчиев.

Депутат Рыскелди Момбеков корутундуга сын -пикирин айтты.

“Токтом долбоорунда “күбө катары суралган жарандар Тиллебаевдин, Сопоковдун көрсөтмөлөрүндөгү фактылар, анын катарында “Азаттык-медиа” мекемесинин журналисти Али Токтакуновдун Саймаитиден акча каражатын алгандыгы тууралуу көрсөтмө боюнча укуктук баа берилсин” деп жүрөт. Кантип эле Сопоков «күбө» болуп, Токтакунов кылмышка «шектүү» болуп калат? Ушундай чечтиңерби?”.

Комиссия төрагасы Мамытов корутундуда «шектүү деген сөз жок», “көрсөтмөлөрдүн негизинде текшерилсин, объективдүү текшерүүлөр жүргүзүлсүн жана анын жыйынтыгында укуктук баа берилсин деген жөнүндө гана маселе болуп атат. Ал текшерүүлөр тергөөнүн жыйынтыгы менен аныкталат” деди.

Депутаттар Тынчтыкбек Шайназаров, Бактыбек Сыдыков, Мирлан Бакиров жана башкалар комиссиянын тыянагын колдоду.

Жогорку Кеңеш өткөн жылы Стамбулда өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Саймаитинин ишине байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген. Комиссиянын корутундусу менен макул болбой, Мирлан Жеенчороев комиссия курамынан чыгып кеткен.

Кррутундуга комиссиянын тогуз мүчөсү кол койгону айтылды. Ал эми депутат Мирлан Жеенчороев комиссия мүчөлүгүнөн чыгып кеткен.

Буга чейин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы чыгарылган акчанын суммасы 932 миллион доллар экенин маалымдаган.

2-июндагы жыйында УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек «Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине финансылык каражат берген» деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. Депутаттарга «Саймаитинин «Азаттыктын» журналистине акча бергенин өзүнөн укканбыз» деген эки күбөнүн видео көрсөтмөсү көрсөтүлгөн.

Алардын бири — Жазык кодексинин «мыйзамсыз баюу», «кызматынан кыянат пайдалануу» беренелери боюнча айыпталып камакта отурган мурдагы консул — Эркин Сопоков.

УКМКнын бул аракетин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жарандык активисттер айыптап чыгышты.

«Эркин Европа/Азаттык» радио жетекчилиги муну «журналисттерди каралоо» деп баалаган.

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун берүү фактысына байланыштуу сотко чейинки өндүрүш быйыл июль айында башталып, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылган.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Аны өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалган

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты