​Канттагы авибазанын учуп-конуу тилкеси Орусия менчигине өттү

Жогорку Кеңеш депутаттары 11-июнда Орусиянын Канттагы авиабазасы боюнча протоколду үч окууда ратификациялады. Ага ылайык, авиабазанын учуу-конуу тилкеси оңдоо үчүн Орусиянын менчигине өттү.

Авиабазанын статусу жана шарттары жөнүндөгү протокол ага чейин Жогорку кеңештин комитетинде үч жолу каралбай калган жана коомчулук талкуусуна калган.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев авиабазанын учуу-конуу тилкеси оңдолгондон кийин Орусияга өткөнү менен жер кыртышы Кыргызстандын ээлигинде каларын айтты.

Ратификация болгон протоколго ылайык, базанын учуу-конуу тилкесин 2 миллиард рублга оңдош үчүн аны сөзсүз түрдө орус тараптын менчигине өткөрүү зарыл.

Парламент жыйынында Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев баяндама жасап, протокол үч негизги багытта иштелип чыкканын белгиледи.

“Биринчиден инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча аянт 924,52 га түзүп, макулдашууда каралган аянтка караганда иш жүзүндө Россия тарап 58,32 га көбүрөк жер тилкесин колдонот. Андыктан бул протоколдун күчүнө кириши менен ижара акысы 291 миң 600 АКШ долларына жогорулайт” – деди Нурсеит Кедеев.

Баяндамачы экинчиден, протоколдун алкагында учуп — конуу тилкесин жана башка аэродромдун аймагындагы объектилерди Россиянын эсебинен оңдоо маселеси каралганын белгилеп: “Үчүнчүдөн, учкучсуз учуучу аппараттарынын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү максаты коюлган”, – деди.

Талкуу маалында депутат Айсулуу Мамашова учкучсуз учуучу аппараттарын колдонуу коопсуздугуна токтолуп, ар бир учуу маалында Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мүчөлөлөрүнүн катышып, катышпасына кызыкты. Өз кезегинде Нурсеит Кедеев «Орлан-10» жана «Форпост» моделдериндеги учкучсуз учуучу аппараттар колдонуларын маалымдап: “Ар бир учуу Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын офицерлеринин катышуусунда, ай сайын биргелешкен пландын негизинде ишке ашырылат”, – деди.

Андан тышкары депутат баяндамачыдан учуп — конуу тилкесинин менчик формасына тиешелүү так жооп берүүнү талап кылып, коомчулукта чоң резонанс жаралганын, жарандар чет мамлекеттин менчигине өтүп кетеби? — деп кооптонуп жатканын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев маалымат чындыкка туура келбестигин билдирип, жер макулдашуунун негизинде 15 жылга ижарага берилерин кошумчалады.

Депутат Улугбек Ормонов да учуп — конуу тилкесинин менчик формасы тууралуу маселени көтөрдү.

Нурсеит Кедеев протоколдо “ажырагыс жакшыртуу” түшүнүгү киргизилип жатканын белгилеп, учуп — конуу тилкесинин асфальттык — бетондук төшөлмөсү Россиянын жеке менчиги болуп саналарын маалымдады. “Бул оңдоп — түзөөдөн өткөрүү шартынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат” – деди ал.

“Ал эмне, бетон төшөлгөн жай жер, — деп эсептелбейби? Биз жерди ижарага берүү менен инфраструктурасын жана тилкелерин оңдоп — түзөөгө чек койгон жокпуз. Каржы бөлүү иши алардын маселеси” – деген Улугбек Ормонов, макулдашуудагы аталган түзөтүүнүн максаттуулугуна байланышкан маселени көтөрдү. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү бардык реконструкциялоо иштери Россиянын бюджетинен каржыланып жаткандыктан, бетон маселеси өзүнчө каралып жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Депутат Исхак Пирматов 2012-жылы ратификацияланган Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы макулдашууда жер тилкеси ижарага берилери, ал эми бардык кыймылсыз мүлк Россиянын менчиги катары калаары, кийин макулдашуунун мөөнөтү аяктаганда бардык мүлк төлөмсүз түрдө Кыргызстандын менчигине өтөөрү жазылганын белгиледи.

“Эч кандай жаңы өзгөртүү киргизилген жок. Ал тургай ижара мөөнөтү да узартылбайт. Макулдашууга киргизилип жаткан түзөтүүлөр кыргыз тараптын гана кызыкчылыгына багытталып, иш жүзүндө колдонулуп жаткан жер тилкеси үчүн кошумча төлөм алуу максатталган. Тагыраагы, Россия тарап 58,32 га көбүрөк жер тилкесин колдонот. Муну менен катар кошумча жер тилкеси үчүн 2012 — жылдан берки бардык төлөмдөр да алынат. Жердин үстүндөгү бардык бардык жакшыртуу иштери, анын ичинен бетон дагы Россиянын менчигинде, жер Кыргызстандыкы” – деди Исхак Пирматов.

Канттагы Россия авиабазасынын статусу жана шарттары тууралуу эксперттин пикири бул шилтемеде:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты