Гүлсүн Мамашева, КР Эл артисти: “Адилетсиздикке «аллергиям» бар” 

Гүлсүн Мамашева, КР Эл артисти: “Адилетсиздикке "аллергиям" бар” Кыргыз эл артисти Гүлсүн Мамашева  жакында 70 жаш мааракесин белгиледи. Маараке мамлекеттик деңгээлде өттү. Гүлсүн эже менен бул тууралуу кенен маектештик.  

—Гүлсүн эже, мааракеңиз ойдогудай өттүбү? 

—70 жылдыгымды жакшы өткөрїп алдым. Эми буга эл кїбө. Мамлекеттик деңгээлде өттї. Коллективдин баары тикесинен тик туруп берди жетекчилик баш болуп. Менин мааракемди Филармониядагы иштеген жалпы жамаат биригип, сахнада мазмундуу, мени толук ачып берген программа тїзїп,  атайын даярдык менен өткөрїштї. Мен жамаатыма абдан ыраазымын. Мында жетекчибиз Кыргызбай Осмоновдун, көркөм жетекчибиз Алтынбек Максїтовдун эмгектери чоң. Бул жерде ар биринин мага деген жылуу мамилеси, сыйы билинип турду. Коллектив менен тил табышып, сыйы менен иштешип кетїї бул өзїнчө бакыт. Бири-бирибизди коллектив гана жакшы билебиз. Канча жыл иштеп, бир їй-бїлө болуп калгандан кийин, коллективдин сыйы баарынан жогору турат. Бул жолу мен ушул сыйды сездим. 

—Ушул жылдар аралыгында эмне таптыңыз? 

—Биздин жаштыгыбыз Советтер Союзуна таандык болуп калды. Ал мезгилде система таптакыр башка болчу. Биз кыйналган учурлар көп болду, адилетсиздик, көралбастык сыяктуу. Эми жашоо деген ошондой экен, бирде жеўилип, бирде жеўип жїрїп отурат экенсиў. Булардын баары чыгармачылыгымдын, эмгегимдин жыйынтыгы десем болот. 70 жылдыкты өткөрїп жатып мен кандай адам болдум, элге эмне кызмат кылдым, ата-энеме татыктуу бала болдумбу, балдарыма кандай эне, жолдошума кандай жар болдум, кыргыз элиме жардам бере алдымбы деген бир канча суроолордун тегерегинде ойлонуп, кїнїгө кечинде өзїмдї өзїм тескеп алам. Бул суроолорго жооп берип жатып татыктуу эле болдум окшойт деп ыраазы болуп калам.   

—Азыркы жашоо менен сиздин жаш кезиңиздеги жашоонун айырмасы барбы? Гүлсүн Мамашева, КР Эл артисти: “Адилетсиздикке "аллергиям" бар” 

—Азыркы учурда өзїнїн жамандыгын башка бирөөдөн көрїп, өзїнїн күнөөсү їчїн башка бирөөлөрдї кїнөөлөгөн адамдар көбөйїп кетти. Негизи адам өзїн бир сыйра карап, менден кетип калган жокпу десе адашпайт, ошондо дїйнө деле жакшырмак. Мен интервью бербейм десем журналисттер мага таарынып калышат. Себеби, бир-эки берген маегимди башка өўїттө бурмалап жазып коюшкан. Менин оюмду толук жаза албагандан кийин, мени ачып бере албагандан кийин эмнеге жооп беришим керек? Эптеп эле эфирдин бетине, гезиттерге чыга бергенди жаман көрөм. Мактанчаактар көбөйїп кетти. Эч нерсе жасабай туруп эле көкїрөктї кагып, мен баарын жасап салдым дешет. Жасалмалуулук тажатты. Биз Советтер Союзунун тарбиясын алганбыз. Биздин муундун бир тобу азыркы  жашоого ыўгайлашып кетишти, мен болсо таптакыр ыўгайлаша албай койдум. Же мени Советтер Союзу катуу тарбиялап салганбы, же табиятымдан ошондой жаралганмынбы, азыркы демократияны кабыл ала албай койдум. 

Негизи кыргызды көбї момун деп айтып коет. Мен кыргызды момун деп айта албайм. Кыргызда жаман бир макал бар, “Жамандын бир аты жоош” деген, мен элимди жаман дебейм. Кыргыз сабырдуу, көтөрїмдїї эл, сабыры тїгөнгөндө эки саатта ак їйдї алып коет деп кїлїп калам. Анан ушул эл жаманбы? Мен ойлойм, кыргыз намыстан төрөлїп, намыстан туулуп, анан намыс їчїн өлгөн эл. Ошон їчїн бир ууч кыргыз элибиз жоголбой келатабыз. Азыр мага бир аз намысыбыз качып аткан сыяктуу. Ошон їчїн бутубузга тура албай, кыйналып аткандай сезилип кетет. Кайда баратабыз деп ойлончу болдум. Азыркы жаштар “акылдуу” чыкты, айткан нерсеўди угушпайт, ал эми бизде болсо їмїт бар, бирөө укпаса, башкасы угуп калаар деп акылыбызды айта беребиз. 70ке чыкканы тилимди тартып, унчукпай эле коеюн дейм да, бирок чыдай албай кетип эле айтып салам.  

—Чыгармачылык жолуңуздун оош-кыйыштары болгон чыгар?.. Азыр сизди карап отуруп, 70ке чыкты деп айтпайт элем, сыныңыздан кетпептирсиз, ажарлуу экенсиз... 

Гүлсүн Мамашева, КР Эл артисти: “Адилетсиздикке "аллергиям" бар” —Чыгармачылык  деген бейиштин да, тозоктун да жолу. Ошонун баарына чыдаган адам аягына чыгат. Чыдабаган адамдар жолдо-белде калып калат экен. Чыгармачыл адамдар дайыма элдин көзїндө, тилинде болот экенбиз. Кээ бирөө көзї менен көрїп туруп, тилин көбїрөөк иштетип ийсе, биз жакшы  же жаман адам болуп калабыз. Кыялында тез кабыл алган кишилер мындай нерсени көтөрө албай калышат, ооруп да калат. Кээде туура эмес айтылган сөздөр їй-бїлөсїнө да зыянын тийгизет. Мындай адамдардын жашоосу өтө кыйын болот. Бизди дайыма дїрбї менен карап турушат. Мындан деле чарчайбыз, ээн- эркин жашагыў келет, ээн-эркин сїйлөгїў келет, жаман эле халатты кийип алып, боенбой, чачыўды деле жасабай эс алгыў келген учурлар болот. Эгерде жаман халат менен эшикке чыгып келсем, анда бїттї бир топ сөз болот. Ошондуктан өзїмдї бир калыпта алып жїрөм. Кээ бирөөлөр дайыма жасанып жїргөндөн чарчабайсызбы деп сурап калышат. Чарчайм, бирок “эже кичине жїдөп калган экен” деп, мени көргөндө көўїлдөрї бузулуп калбасын деп элди аяйм да (кїлїп). Дайыма жасанып алганга да каражат кетет, косметикалар азыр кымбат, биздин алган маянабыз, пенсиябыз аз, баарына эле жете бербейт. Бирок ошентсе да кїйөрмандарымды сыйлагандыктан, “Ии, эжебиз жакшы жїрїптїр” деп сїйїнїп калсын деп дайыма тыкан, жасанып жїргөнгө аракет кылам.  

—Чыгармачыл адамга чыгармачылык менен бирге үй-бүлөнү да алып кетиш оңой болбосо керек? 

—Мен жолдошумдан 52 жашымда калдым. Балдарым жаш болгондуктан ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп, эч нерседен кем кылбай, атасын жоктотпоюн деп бактым. Баарын орду-орду менен аткардым деп ойлойм. Анткени баары өз ордуларында, илимдүү, билимдүү, кесиби боюнча иштеп атышат. Буга шїгїр, бир гана жолдошум эрте кетип калды. Їй-бїлөнї да алып кеттим, жумушумду да так аткарып, Филармонияда эмне жумуш бербесин баарын аткара берчїмїн. Ич кїйдїлїк, кызганыч дагы менде болбоптур. Мен азыркыга чейин ырдап жүрдүм, алып баруучу болуп да иштедим. Баары орду менен болду.  Мурун Советтер Союзунда жетекчилик ырда десе ырдачусуў, жок деп айта алчу эмессиў, тартип катуу болчу. Менде ошол заманга болгон кусалык, ностальгия бар. Эки уул, кызым бар. Жети неберем бар, 3-чөбөрөлїї болгону атам, кудайга шїгїр, келиндерим да абдан акылдуу, ыймандуу чыгышты. Бул жагынан жүрөгүм тынч.  

Мааракеде бир сырттан келген эле адам “Сиз сахнанын, туруктуулуктун, адилеттүүлүктүн, акылдын, адамгерчиликтин, чечкиндүүлүктүн ханышасысыз” деди. Менин адилет сүйлөп, ак жүргөнүмдү билишет экен. Көрсө мени эл баалаптыр. Мен бул нерсени жыйынтык катары кабыл алдым.   

—Белгилүү ырчы Марат Ибраев — уулуңуз ырдап чыкканда каршы болду деп уктук эле… 

— Марат деген уулум болбой эле ырдап жүрөт. Өзү Кумтөрдө иштейт, бош убактыларында ырдап калат. Негизи мен кейигенди жаман көрөм. Чындыгында биз убагында абдан кыйналдык. Балдарды эки айынан гастролдорго ташып күн өткөрдүк. Ал убакта да азыркыдай шарт жок болчу, талаада түнөгөн күндөр да болгон. Ошондой кыйынчылыктарды балаңа каалабайт экенсиң, ошондуктан силер искусстводон алыс болгула деп бирөөсүн экономфакка, бирөөсүн юрфакка окутуп, жашооңор жакшы болот деп чыгармачылыктан алыс кармаганга аракет кылдым. Азыр жашоолору жакшы, андыктан өкүнбөйм.  

—Кыргыз эл артисти Бообек Ибраев агайга кантип жолугуп калдыңыз? 

—Кыргыздрам театрына келип иштеп жатканда жолдошум менен таанышып калып, кийин алакачып кеткен. Жолдошум Нарын театрында башкы режиссер болуп иштечү экен. Биздин убакта азыркыдай эмес эле, таш түшкөн жеринде оор деп отуруп калдым. Бири-бириңди сыйлап,  бала-бакыралуу болуп, очор-бачар болуп эле жашап калчубуз, турмуштун бардык мыйзамдарына баш ийип. Азыр чоңураак сүйлөп койсо ажырашып кетип атпайбы, ал эми биздин убакта чоң сүйлөмөк турсун катуу сөгүп атса да чыдап жашачубуз. Ошондой биз чыдамдуу, сабырдуу замандын кишилери болдук. Азыр келиндериме да айтам, чыдамдуу киши бардыгын жеңет деп. Кыргызда жакшы макал бар, “өлбөгөн кул алтын аяктан суу ичет” деген, мен ушул макалды мааракеде жамаатыма да айттым. “Бизде көп кыйналуулар болду, Филармониянын ысык-суугуна чыдап 70ке чейин келдим, жетимишимде силер мени алтын аяктан суу ичирдиңер” дедим.  Мына эми акы-бети кайтып, элдин, жамааттын кадыр-баркына ээ болуп, уул-кызымдын урматына бөлөнүп, келиндеримдин ысык чайын ичип отурам. Эгер ортодо мен чыдай албай бул жолуман тайсам, мындай нерселер болбой калмак. Кудай түбөлүгүн берсин деген туура экен. Ал эми ортодо болгон кыйынчылыктар, жашоонун сыноосу боло берет экен. Ошонун баарына олуттуу карап, сабырдуу болуп чыдап коюш керек.  

—Меккеге да барып келди деп уктук эле… 

—2010-жылы кыргын болгон убакта депрессияга түшүп, ыйлай  бериптирмин. Меккеге барып Альхарами деген мечиттин ортосунда Кааба ташын сылап, элиме тынччылык бере көр, эли-жеримди сакта, мамлекет катары жоголуп кетпесек экен деп эле тилене бериптирмин. Өзүм үчүн, балдарым үчүн тилек кылбаптырмын, чындыгында мен ошондой аруу тилек менен баргам, бай болоюн, бий болоюн деп тиленген жокмун. Жалпы элге жакшылык тиленип, бардык зыяраттарын кылып бир ай жүрүп келдим. Кудай ажылыгымды кабыл кылса ажы да болуп калдым окшойт. Эми мен отуруп алып эле беш маал намаз окуп, кара кийинип баш-отум менен кирип кеткен жокмун. Бардык жерде айтылат, тилекти, ниетти туура коюп, таза жүрүш керек болгону. Азыркылар болсо аша чаап кетип, акыры ИГИЛ менен бүтүп атат. Мен ага өтө каршымын. Бул мусулманчылыкты абдан жаман жагынан көрсөтүп атышат. Мен бардыгына айтат элем, бизди Кудай жараткан кыргыз деген ат менен, кыргыз деген дил менен, кыргыз деген тил менен. Кайсыл убакта жаратканын Кудай өзү билет.

—Беш маал намаз окуйсузбу? 

—Жок, эртең менен кечинде эле. Мен Меккеге барганда эле жумушум бар, эки маал гана окуганга шартым бар деп айтып келгем (күлүп).  

—Чыгармачылыкта жолдошуңуздун таасири канчалык болду? Гүлсүн Мамашева, КР Эл артисти: “Адилетсиздикке "аллергиям" бар” 

—Менин жолдошумдун мага тийгизген чоң таасири – бул мени чоң-чоң алптарга алып келип кошкону болду. Эгер жолдошум Бообек болбогондо чыгармачылыгымда бул даражага жетмек эмесмин. Жаратылыштан берген талантты ары жакка өстүрүп кетүү үчүн да колдоо керек. Мен бийик интеллигенциянын арасында жүрүп, көп нерсени үйрөндүм, таасир алдым. Мен алардын айткан-дегендерин губка сыяктуу өзүмө сордум. Менин окуган академиям, жашоодогу мектебим ошол агай-эжелер болду. Алардын эмгеги көп, мени бардык жагынан тарбиялашты.  

—Наам, сыйлыкка болгон көз карашыңыз? 

—Мен эми керектүүсүн алдым. Мага “Кыргыз эл артисти” деген жогорку наамын президентибиз Роза Отунбаеванын колунан алгам, ал эми Эмгек сиңирген артистин Аскар Акаев өзү тапшырган. Мисалы, “Эл артисти” деген наам үчүн пенсияңа 100 пайыз кошулат. Ал эми калган майда-чүйдө медаль, грамоталарга кызыкпайм, аларды алыш үчүн да бирөөнүн көзүн карап, астынан өтүшүң керек болот экен. Мен андайга жокмун. Мага эл аралык сыйлыкты бергени, тиги кишилердин мага болгон сыйы, ал эми Чыңгыз Айтматов атындагы дүйнөлүк сыйлыкты алганым, бул мен үчүн сыймык.  Мааракемде “Адвекс-строй” деген курулуш компаниясы бар экен, алардын жетекчиси Дайракунова Уултай Эсеналиевна эки бөлмөлүү батирдин сертификатын сыйлыкка тапшырды. Сахнада карап туруп калыптырмын.  Мен ушул кызга болгон батамды көзүм тирүү болгуча берем. Бул кыздын пейили, адамдык сапаты, ниети үчүн ажылык батамды берип жүрүп өтөм. Себеби, мындай адамды азыркы заманда ит менен издесең да таппайсың. Пейили кенен, байлык, бийликти көздөбөгөн кыз экен, бул кызга абдан ыраазы болдум.  

Сооронбай Жээнбеков, спикер Чыныбай Турсунбеков, Маданият министрлиги финансылык жактан колдошту.  Тойдо Ат-Башынын кулундары жылкы алып келип союшту. Нарындыктар тикесинен тик туруп беришти. Бул жолу да Ат-Башы, Нарын мени көтөрүп кетишти. Негизи чыгармачылыгымдын башталышы Нарын жергесинде болгондуктан, жаш кезим, бала-чакам ал жерде төрөлгөндүктөн, турмуш жолум Нарында башталгандыктан  Нарынды жакшы көрөм, эңсейм. Менин туулган жеримдеги төркүнүм Аксы болсо, тутунган төркүнүм Ат-Башы, Нарын деп билем.   

Эльвира Какиева 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты