Никитенко депутаттарды чет элдик компанияны коргогон мыйзам долбоорун колдобоого чакырды

Депутат Наталья Никитенко 27-майда Жогорку Кеңеште каралган «Телевидение жана радио уктуруу» тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жергиликтүү теле-радио каналдарды өстүрбөй эле, чет элдик каналдарды коргой турганын билдирип, аны колдобоого чакырды.

Бирок Жогорку Кеңеш депутаттары мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

Депутат Наталья Никитенко мындай деп өз аргументтерин айтты:

-Менин пикиримде, бул мыйзамдын бир да беренеси конструктивдүү да, керектүү да эмес. Талкалоочу нормалары бар. Бул мыйзам долбоору колдоого татыктуу эмес.

Бул позицияны биздин укук тартиби боюнча комитет билдирип жана добуш берген. Анын себебин түшүндүрөйүн, 39-беренеде, тарыхый-маданий баалуулуктарды бүлдүргөндөрдүн жоопкерчилиги алынып салынат дейт.

Биз туризмдин, тарыхый-маданий баалуулуктардын Мекени катары өзүбүздү көрсөтүп келебиз. Ооба, кодекстерде жоопкерчилик көрсөтүлгөн, бирок ал профилдик мыйзам, майда-чүйдөлөрүнүн баары ушул жакта жазылган. Бул беренени алып салбаш керек.

Экинчиден, киргизилип жаткан өзгөртүү, өкмөткө балдарга зыяндуу контент кайсы, пайдалуусу кайсы деп аныктоо мүмкүнчүлүгү, цензура жана адеп деген эмне дегенди аныктоо жагы берилүүдө.

Мен ушул өкмөт адепти, кандайдыр принциптерди аныктоого чамасы келбейт деп ойлойм. Анын үстүнө цензура жана адеп тууралуу багыттар, бул өкмөт менен министрликтердин артыкчылыгы эмес.

Мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүгө негиз болгон өзгөртүү, бул биздин жергиликтүү теле-радио компаниялар арасында кеңири талкууланууда, алар азыркы тапта оор кырдаалда иштеп жатышат, эки чет элдик канал — РТР менен ОРТ соцпакет ичинде, алар 2019-жылдын июлунан баштап мыйзам чегинде жолго коюлган эмес, мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү мына ушуларды жолго коюуга багытталган, жергиликтүү каналдардын өсүшүнө шарт түзөлү деген нерсе аркылуу.

Чет өлкөлүк күчтүү теле каналдардан кийин жергиликтүү каналдар өсүш бере албайт, тескерисинче ал каналдар жергиликтүү каналдардын өсүшүн токтотот. Ошондуктан жергиликтүү рынокту колдоо боюнча кайрылуу болгон.

Менин оюмча үч өзгөртүү тең зыян гана алып келет.

Айрым мыйзам долбоорун экинчи окууда жакшыртууга болбойт, анткени алар башынан туура эмес багыт алган. Бул мыйзам дал ошондойлордун катарына кирет.

Ошондуктан мен бул мыйзам долбооруна каршы добуш берүүңүздөрдү суранам, — деди Наталья Никитенко.

Бирок Жогорку Кеңеште бул мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Кайсы депутат кандай добуш бергенин бул жактан таанышсаңыз болот.

Бүгүн, 28-майда депутат Махабат Мавлянова жана Искендер Гайыпкулов добушу жаңылыш болуп калганын, «макул» деп добуш берээрин билдиришти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты