Кайсы талапкерди ким колдойт? 

Кайсы талапкерди ким колдойт? Президенттик шайлоо жакындаган сайын президенттикке талапкерлердин, айрыкча алдыңкы катардагы үч талапкердин: Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков жана Темир Сариевдин ортосунда күрөш күч алууда. Мындай кыл чайнашкан таймашта кайсы талапкерди кимдер, кайсы айтылуу адамдар, күчтөр же партиялар колдоп жатканы да чоң мааниге ээ болуп турганы байкалат. Эмесе, аталган үч талапкерди кимдер колдоп жатканына саресеп салып көрөлү.   

Темир Сариевди колдогондор: 

Темир Сариев президенттикке талапкер болуп, биринчилерден катталып, үгүт иштерин да башкалардан алда канча эрте баштаган. Ошондуктанбы, колдоочулары тарабынан көбүрөөк көйгөй ушул талапкерде болуп жатат. Кечээ жакында, шайлоо дээрлик соңуна чыгып бараткан кезде штабдын башчысы Элмира Ибраимова баш болгон Аликбек Жекшенкулов, Шамшыбек Медетбеков өңдүү төбөсү көрүнгөн саясатчылар талапкердин саясий көз карашы менен келише албай кетип калышты. Андан кыйла мурдараак, интеллигенция өкүлдөрү Сариевди колдойт деп, кадыр-барктуу колдоочулардын узун тизмеси жарыяланган. Мындан көп өтпөй эле алардын арасынан бир катар акын-жазуучулар, алсак Төлөгөн Мамеев, Маркабай Ааматов, Бактыгүл Чотурова,  Гүлсайра Момунова, Мукан Асаналиев ж.б. Сариевди колдоп кол койбогонун айтып чыгышты. Кайсы талапкерди ким колдойт?  

Темир Сариевди негизинен интеллигенция өкүлдөрү, мурда чоң кызматта иштегендер, атактуу акын-жазуучулардын урпактары, спортчулар колдоору белгилүү болду. Кайрылууга кол койгондордун арасында:  

Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры Таштанбек Акматов, Кыргыз Эл Баатыры Эрнест Акрамов, СССРдин эл артисттери: Кайыргүл Сартбаева, Болот Шамшиев, коомдук ишмерлер: Мира Жангарачева, Кемел Ашыралиев, Кубанычбек Сыйданов, экс-айыл чарба министи Карыпбек Асанов, экс-айыл чарба министри Александр Костюк, экс-ИИМ министри Шамил Атаханов, экс-губернатор Бейшен Болотбеков, академик Кулубек Бөкөнбаев, профессор Ишенгүл Болжурова, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева, Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынова, экс-депутат Чолпон Жакупова, экс-премьер Турсунбек Чынгышев, экс-маданият министри Камила Талиева ж.б. 

Өмүрбек Бабановду колдогондор Кайсы талапкерди ким колдойт? 

Өмүрбек Бабановду бизнес өкүлдөрү, кадыр-барктуу инсандар,  кыз-келиндер, жаштар колдоору байкалууда. Кара пиардын көп кеткенине байланыштуу, аны карапайым адамдар да көп колдоого өткөнү биздин гезиттин сурамжылоосунан байкалууда. Бүгүнкү күндө бийликтин талапкерине реалдуу атаандаш болгон Бабановдун жактоочуларына да ар тараптан чабуул жасалууда. Анын мисалы—тарапташы, ЖК депутаты Канатбек Исаевдин мамлекеттик төўкөрүш жасоого шектелгендиги боюнча камакка алынганы белгилүү.  

ЖК депутаты Канатбек Исаев, ЖК депутаты, президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев , Президенттикке талапкер катары каттоодон өтпөй калган Камила Шаршекеева, экс-премьер-министр Апас Жумагулов, экс-депутат, окумуштуу Каныбек Осмоналиев, экс-вице-премьер Абдрахман Маматалиев, коомдук ишмер Роза Айтматова, кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, бизнес өкүлдөрү, карапайым адамдар ж.б.  

Сооронбай Жээнбековду кимдер колдоп жатат?  Кайсы талапкерди ким колдойт? 

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун административдик ресурсу күч болууда. Сооронбай Жээнбековду КР Президенти Алмазбек Атамбаев өзү колдоп жатат. Ошондой эле дин ишмерлери,   “Аруу эл”, “Апрель байрагы”, “Айкөл Ала-Тоо” коомдору, жердештери  колдоодо.  

КР вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев республика боюнча шайлоо штабынын жетекчиси болуп туруп, элди Сооронбай Жээнбековго добуш берүїгө чакыргандыгы маалым.  

Дин ишмери Чубак ажы Жалилов, спорт чебери Айсулуу Тыныбекова, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, генерал Бусурманкул Таабалдиев, экс-депутат Камчыбек Ташиев, ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов, Кыргыз эл артисти Күмөндөр Абылов ж.б. 

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты