Актуалдуу вебинар: Кесип тандоо баланын эле эмес, мамлекеттин да тагдыры

Кесип тандоо маселеси, «Бүтүрүүчүнүн көйгөйү: Кайда барам? Кайсы окууга тапшырам?» деген темадагы вебинарда сөз болду.

8-майда өткөн вебинарга дүйнө жүзүндөгү ЖОЖдордо иштеген кыргыз окутуучулары, ата-энелер катышты.

Бүгүнкү күндө кесипке багыттоо маселеси өтө курч болгондугуна байланыштуу, билдирүү жасагандар бул көйгөйдү ар тараптан чагылдырууга аракет жасашты.

Кыргызстанда жаштардын кесип тандоодогу көйгөйлөрү, гендердик аспектиси, окууну бүткөнү менен алган кесибинин керекке жарабай калган учурлары кадыресе көрүнүш экендиги, ЖОЖдордун 88%ы коммерциялык жана 12%ы мамлекет тарабынан каржыланып жаткандыгы да айтылды.

Педагогика илимдеринин кандидаты Өрнөк Сманбаев бүтүрүүчүлөрдүн кесип тандоосунда ата-энелер жана мугалимдер багыт бериши керектигин белгиледи. “Себеби кесипти туура тандоо – бир гана баланын тагдыры эмес, ал мамлекеттин тагдыры”, — деди.

Көп жылдардан бери Швейцарияда жашап келген эки баланын энеси, кесиби журналист Манат Сулайманова Швейцариядагы бүтүрүүчүлөрдүн кесипти тандоо тажрыйбасына кенен токтолду.

“Бүтүрүүчү класста окуучулардын кесип тандоосуна өтө көңүл бурулат. Негизи эле Швейцарияда балдарга кесип тандоосуна көмөк көрсөтүү үчүн ар түрдүү ишканаларга алып барышат. Ата-энесинин иштеген жерине бир күн кечке чогуу жүрүп, алардын кесиби менен таанышып чыгышат. Андай учурларда ата-эне иштеген жердин жетекчилиги балага атайын тааныштыруу экскурсиясын уюштуруп берет. Ошондой эле ЖОЖду бүтүрүп жаткан студент бир эле эмес, 4 башка адистик боюнча диплом алып чыкканга мүмкүнчүлүгү бар”, – деди. Мындай өрнөк “Онлайн университет” платформасынын аталган вебинарынын катышуучуларынын кызыгуусун арттырып, Манат Сулаймановага көп суроолор берилди.

Ал эми «Жаңы кесиптер дүйнөсү» жөнүндө билдирүү жасаган балдар психологу Тынчтыкбек Бакытов ааламдашуу, IT-технологиялардын өнүгүүсү кесиптин жаңы түрлөрүнүн көбөйүшүнө таасир берип жатканын, кесип тандоодо буларды да эске алыш керектигине токтолду.

Ал эми психолог, педагогика илимдеринин кандидаты Кадиян Бообекова бала кесип менен бирге өмүр жолун кошо тандайт, андыктан бул маселеге өтө олуттуу мамиле жасалышы керек дейт: “Бүтүрүүчүнүн кесип тандоосуна ата-эне, аймактын жайгашышы, кесиптин өзгөчөлүктөрү, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана саясий абалы, ошондой эле технологиянын өнүгүшү сыяктуу факторлор таасир этет. Экинчиден, бала кесип тандоодо ошол кесиптен өзүмдү таба аламбы, мүнөзүмө туура келеби деген суроого жооп издеши керек. Адам кесип менен бирге өмүр жолун кошо тандайт. Азыр бизде кесип тандоо боюнча адистик кеп-кеңешин бере турган психологдор өтө аз болуп жатат. Кесип туура тандалса, өлкөнүн өнүгүүсүнө да салым кошулмак”, – деди.

Төрт баланын атасы, Москва шаарындагы №122 шаардык балдар бейтапканасынын дарыгери Айбек Асанбеков Россиянын борбор шаарында баланын кесип тандоосуна мектеп өзгөчө иш-чараларды өткөрөрүн айтып берди.

“Мектепте балдарды ар түрдүү ишканаларга алып барышат. Андай экскурсиялар үчүн ата-энелер кошумча акча да төлөшөт. Мындай экскурсиялар балдардын кесиптер тууралуу маалымат алганга, өзүнүн кызыгуусуна жараша кесибин тандап алууга жакшы шарт түзөт” деди ал.

“Онлайн университет» платформасынын курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген кыргызстандык мекендештерибизден жана жергиликтүү тажрыйбалуу педагогдордон турат.

Айсулуу Көкөева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты