Парламент таркашы керекпи же жокпу?

Парламент таркашы керекпи же жокпу?Бакыт БАКЕТАЕВ, саясий серепчи: “Булардын ордуна кайра эле баягы байлар келет да”

— Негизинен бул парламент мага жагып атат. Эң негизгиси, булар көп мушташпастан, колдон келишинче саясий маданияттуулукту көрсөтүп, өздөрүнүн аргументтерин айтып, талашып-тартышууда. Менин жеке пикиримде, бул парламент жакшы эле иштөөдө. Эгерде Жогорку Кеңеш таратыла турган болсо, булардын ордуна кайра эле баягы байлар келет. Анын бизге эмне кереги бар? Андан көрө азыркы парламентке иштөөгө мүмкүнчүлүк бериш керек.

Нурлан ШАКИЕВ, экс-маданият министри: “Токтоосуз түрдө таратыш керек”Парламент таркашы керекпи же жокпу?
—Парламентти токтоосуз түрдө таратыш керек. Мындай алсыз, бечел, коркок, өзүнүн демилгеси жок, элдин камын ойлобогон, өз көмөчүнө гүл тарткан, саясий интригалардын очогуна айланган, Атамбаев айтмакчы, “мыйзам чыгаруучу эмес, ушак чыгаруучу органга” айланган парламенттин бир да күн жашашка акысы жок. Булар элдин ишенимин актай алган жок. Эки жылда эч нерсе кылбастан, жөн эле балык болуп отурушат. Биз парламенттик башкаруудагы мамлекет болгондон кийин парламент бардык орчундуу маселелердин үстүндө болушу керек. Булар тескерисинче, президенттин, өзү шайлаган өкмөттүн көзүн тиктеп турат.

Парламент таркашы керекпи же жокпу?Максат САБИРОВ, ЖК депутаты: “Бюджетти деле караш керек”
— Парламент тарабашы керек. Себеби жергиликтүү шайлоолор бүтпөй жатса, кайра парламенттик шайлоо болсо мамлекет эмне болот? Бюджетти деле караш керек. Азыркы болуп жаткан саясий кырдаалды да эске алыш керек. Таратып алып, кайра шайлап кое бермек белек? Азыр парламент колунан келишинче иштеп, мыйзамдарды чыгарып атат.

Дастан БЕКЕШОВ, ЖК депутаты: “Мамлекеттеги туруктуулук үчүн пайламенттиПарламент таркашы керекпи же жокпу? таратпашыбыз керек”
— Атамбаев сөзсүз парламентти таратыш керек деп айткан жок. “Эгер иштебесе, анда бизге парламенттин эмне кереги бар” деди. Биз мамлекеттеги туруктуулук үчүн парламентти таратпашыбыз керек. Себеби шайлоо учурунда ар кандай нерселер, митингдер чыгышы мүмкүн. Анын үстүнө бюджеттен 700 млн сом каражат керектелет. Бул мамлекеттин бюджетине терс таасирин тийгизет. Чындыгында күз, жаз айларында ушундай маселелер көтөрүлүп чыгат. Биз буга көнүп калганбыз.

Парламент таркашы керекпи же жокпу?Назарали  Арипов, ЖК экс-депутаты: “Депутаттар өздөрү гана чечиши керек”
—Акыркы кездерде президент да парламентке өзүнүн нааразылыгын билдирип, пикирин айтууда. Мыйзам боюнча парламенттин таркашын депутаттар өздөрү гана чечиши керек. Иштей алса иштеп, иштей албаса кетиши керек. Депутаттардан башка эч ким парламентти тарката албайт. Учурда парламенттин таркашына анча деле негиз жок деп ойлойм.

Абдыжапар Бекматов, ЖК экс-депутаты: “Таркатууга негиз жок”Парламент таркашы керекпи же жокпу?
—Парламент таркаш керек деген сөздөр айтылып жатат. Талаш-тартыштар парламенттин ичинде болушу керек. Тиешелүү чечимдер, мыйзамдар кабыл алынышы керек. Мен жаран катары  парламенттин тарашына негиз боло турган себептерди көргөн жокмун.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты