Марс Сариев:  “Кыргызстанда россиялык экинчи авиабаза зарыл”  

Марс Сариев:  “Кыргызстанда россиялык экинчи авиабаза зарыл”  Саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстанда экинчи аскер базасынын ачылышы, Сирияга Кыргызстандан контракттык негиздеги аскерлерин жөнөтүү маселеси жана Кыргызстандагы президенттик шайлоого  Россиянын таасири тууралуу суроолорубузга жооп берди.   

 —Марс мырза, жакында премьер-министр Сапар Исаковдун Россияга болгон сапарында Кыргызстанда россиялык экинчи аскер базасын ачуу зарылдыгы тууралуу маселе козголуптур. Кыргызстан тарап мурда Канттагы россиялык базаны жабуу тууралуу маселе көтөргөн болсо, ошол эле кезде экинчи россиялык базаны ачуунун зарылдыгы барбы?  

 —Ооба,  россиялык экинчи авиабазаны жергебиздин түштүк тарабында ачуу зарыл.  Айтылгандай, бул биздин эле өлкөбүздүн эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын коопсуздугу үчүн керек. Ооганстандын түндүгүндө азыр абал курчуп жатат. Ал жакка Сирия менен Иракта жеңилип калган ИГИЛ боевиктери кирип келүүдө.  ИГИЛ боевиктери Тажикстан, Өзбекстан чек араларына жакын жерлерге да жайгашууда. Булардын максаты  Ооганстан эмес, Фергана өрөөнүнө кирүү болуп саналат. Ошондой эле  ИГИЛ, ИДУ ж.б. террорчулук топтордун коркунучу бар. Баткендин Тажикстан менен чектешкен жагындагы 1999-2000-жылдардагы эле окуяларын алалы. Ал жакка куралчан боевиктердин кирип келип, элге, мамлекетке бир далай мүшкүл салганы баарыбыздын эсибизде. Алар Кыргызстанга Тажикстан аркылуу тоону беттеп кирип келген. Андан ары алар Өзбекстанга өтмөк болушуптур. Андыктан ал жак аялуу аймак боюнча турат.  

 Россиялык экинчи аскер базасы боюнча азырынча сүйлөшүүлөр гана жүрүп жатканы маалым. Россия биздин мамлекеттин өтүнүчүн кабыл аларына ишеним артып туралы. Анткени аларга да геосаясий база керек. Эгер азыртан Борбор Азиядагы аскер кубатын күчтөндүрүп албаса, ал жактагы абал улам алсырай берет. Ооганстандан боевиктер кирип келүү коркунучу учурунда да ал аймак аялуу бойдон калмакчы.  

 Ошондой эле бизде тажиктердин Ворух сыяктуу анклавдары жайгашкан эмеспи. Анын айланасында да абал тынчсыздандырып турат. Кыргыз жана тажик  аскерлери өз алдынча аймактын коопсуздугун сактап кала албайт, ал жакка ОДКБнын колдоосу керек.    

Демек, биздин түштүк тарапка россиялык базанын зарылдыгын турмуш ырастап турат. Муну колдошубуз керек.  

 —Ал эми өкмөт башчынын Кыргызстан Сирияга контракттык негизде аскер жөнөтүү мүмкүндүгү тууралуу маселеге кандай карайсыз?  

 —Бул пикирди мен колдой албайм. Бул карапайым калктын арасында нааразылыкты жаратат. Сирияда согуш болуп, ал жакта мерт кеткендер канча. Ошондуктан бул маселени колдобойм. Биздин кырчындай жигиттерибиздин бөөдө кырсыкка барышына жол бербешибиз керек.  

 —Россиянын Кыргызстандагы шайлоого кандайдыр таасири болушу мүмкүнбү? Премьер Сапар Исаковду россиялыктар  айтылуу “Сары Ойду” ойноп, салтанаттуу, шаңдуу жөнөткөн турбайбы?    

 —Россиялыктардын “Сары Ойду” ойноп,  премьерди шаңдуу жөнөткөнү да алардын колдоосу болуп жатат. Кыргызстандык өкмөттүн сунуштарын колдогонунун белгиси. Демек, биздин, кыргызстандык тарап президенттик шайлоого өз талапкерине оң таасирин берүүчү кошумчаларды алып кайтты деп түшүнүүгө болот.   

 Суроо салган Айгүл Бакеева  

 Маалымат үчүн:  

1. Кант авиабазасы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Келишимдин негизинде түзүлгөн. Ал Кант шаарынан 2 чакырым алыста жайгашкан. Ал жакта 250 россиялык аскер жана 150 жоокер кызмат өтөйт.  Су-25 авиатехникасы, МИ-8 вертолету бар, 2-класстагы аэродромго Ту-154, Як-42, АН-12 жана андан жеңилирээк учак коно алат. 

Кант авиабазасы 2003-жылы ачылган. 15 жылдык мөєнөт менен. Аэродром тээ 1941-жылы ачылган.   

2.Акыркы маалыматтарга караганда, Сириядагы согушта бир айда 3 миңден ашуун адам ажал тапкан.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты