Ырыс Жоомартова: “Мен үчүн эң кымбат нерсе — эркиндик”

Ырыс Жоомартова: “Мен үчүн эң кымбат нерсе - эркиндик”Жашоо – бул сыноо. Канчалаган адамдар кыйынчылыктарга туруштук бере албай сынып, жеңилип келишсе, кээ бир адамга ийгилик жылмайып, жакшылыктын даамын көбүрөөк татып келет. Психолог, бизнес-леди, кино жаратуучу Ырыс Жоомартова чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу айтып берди.

“Үй-бүлөмдүн колдогону — менин эркиндигим”

—Мен 22 жашымда эле турмушка чыккам. Кубанычбек аттуу жолдошум бар. Айбек аттуу уулум, Наргиза деген кызым бар, экөө тең 13-мектепте окуп орус болуп калган.  Аларды азыр кыргыз болгонго үйрөтүп жатам. Жолдошум абдан токтоо адам, чыгармачылыгыма деле кийлигишпейт. Кыскасы, мен өзүмдү өзүм билген аялмын. Менин жашоом акыркы он жылдан бери чемодандын үстүндө отуруп өтүп келе жатат. Анткени каякта болбосун, Кыргызстандын кайсыл бурчу болбосун сьемка десе эле кете берем. Жолдошум, үй-бүлөм дагы ошого көнгөн, каякка деп да сурашкан эмес, түшүнүү менен колдоп келатышат ушуга чейин. Эртең менен туруп алып эле чемоданымды сүйрөп, машинага салып эле жолго чыгып кете берем. Ошол үй-бүлөмдүн колдогону мага эркиндик бергени, ийгиликке жетишкеним. Жумуштан чарчап келгенде тамагым жасалуу, үйүм жыйналуу, баары даяр болуп турат. Андыктан учурда бир гана чыгармачылык, жумушум менен гана алектенем.

“Ар тараптуу өнүккөн инсанмын”

—Мен ар тараптуу болгум келет. Негизи кесибим боюнча психологмун. Бул кесиптин ээси болуш мага абдан жардам берет. Көптөн бери КУУда  сабак берем. Студенттердин баары эле кинону элестетишип, менин лекциямды эч ким укпайт экен. Андыктан мага кино жаатында иштеген жүрөгүмө жакыныраак. Себеби мага кино тарткан жагат, ал жумушума берилип барам, бардык күчүмдү жумшайм, ушунчалык кызыкканыман чарчаганымды да сезбей калам. Быйыл Искусство институтунун режиссердук бөлүмүн аяктап, дипломдуу режиссермун деп айтсам болот.

“Элдин маанайын ачканга аракет кылам”

—Мен башында “Дудук кыз” драмасын тартканда эл жакшы кабыл алган эмес, көбү, ошол эле студенттерим дагы азыркы жашоо өзү эле кыйын болуп атса, ого бетер кыйналган турмушту чагылдырган кинолордон көрө комедиялуу кинолорду көргүбүз келет, көңүлүбүздү ача турган деп кеңеш беришкен. Ошондуктан мен көбүнчө комедия жанрына басым жасап, элдин маанайын ачканга  аракет кылам. үй-бүлөсү, бала-бакырасы менен чогуу көрө турган кинону тартканга тобубуз менен эмгек кылып атабыз. Жакында “Апал жана Упөл” аттуу комедияны тартып, монтажга берилди. Бул комедия Каджы-Сайда тартылды. Анын сценарийин уулум Айбек Кубанычбеков жазды.

“Ырыс” студиясы тууралууЫрыс Жоомартова: “Мен үчүн эң кымбат нерсе - эркиндик”

—“Ырыс” студиясын ачканыбызга 8 жылдын жүзү болду. Ал 2009-жылы ачылган. Ырыскы, береке болсун, кино чөйрөсүнө салымыбыз көбөйүп, кылган ишибиздин акы-бети кайтсын, ийгилик коштосун деп атаганбыз. Кудайыма шүгүр, канчалаган атактуу артист эже-агайлар менен иштештик, дагы да иштеше беребиз. Буюрса, Кыргыз фильмдин төртүнчү этажынан чакан офис ачканбыз, өзүбүздүн такшалган командабыз бар, саат тогуздан кечке чейин баарыбыз жумуш менен гана алекпиз. Сценарийлерди талкуулайбыз, кастингди да ошол жерден жүргүзөбүз, кеңешип, талкуулап отуруп бир эмгекти жаратабыз. Жакын арада казактар менен биргелешип бир долбоорго кол койгону жатабыз, ишке ашып калса бул биздин топтун, коллегаларымдын жаңы тепкичке көтөрүлгөнү, ийгилигибиз болот.

“Мамлекеттен бир тоголок тыйын алган эмесмин”

—Мен ушунча жылдан бери киного тартылсам да, өзүм тартып жүрсөм да мамлекеттен бир тоголок тыйын алган эмесмин. Бардык кинолор өзүмдүн каражатыма тартылат. Бул каражатты кайдан алат деген суроо туулушу мүмкүн. Мен канча жылдан бери тигүү цехин иштетем, өзүмдүн чакан бизнесим бар. “Донна” деген сулуулук салонум бар, өзүм иштеткенге убактым болбогондуктан ижарага берип койгом. Өзүм негизи эле жаным тынбаган адаммын, ал эми жаны тынбаган кишинин акчасы да көп болот окшойт.

“Досторумдун алдында менин атым Плангүл”

—Мен ар бир күнүмдү пландап алып иш кылам. Ошондуктан баарына жетишет болушум керек. Аябай чарчаганда бардык нерсени унутуп, телефонумду өчүрүп салып пансионатка барып уктап эс алып келем. Мен үчүн эң кымбат нерсе — эркиндик. Эркин адам гана идеяга бай, жаңы нерсе жаратканга даяр деп эсептейм. Кыргызымдын канчалаган таланттары таш алдында басылып калып жатат. Себеби ата-энеси же жолдошу жибербейт. Сонун таланттуу улан-кыздар бар, киного тартайын десең үйүндөгүлөр уруксат беришпейт. Аларды көрүп ичим ачышат, кейийм. Өзүм ак көңүлмүн, аябай күлкүчүмүн, бир нерсеге жолдуумун. Оюмду ишке ашырмайынча тырпырап жаным тынбайт.

Эльвира Какиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты