“Көтөр башты улутташым, кандашым!» Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу

Кыргыздын чыгаан уулу, акын жана журналист Зайырбек Ажыматов 44 жаш курагында 28-апрелде жүрөк оорусунан дүйнөдөн кайтты. 1-майда акыркы сапарга узатышты.

Андан он күнчө мурда мезгилсиз көз жумган төкмө акын Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатууда Зайырбектин кабыргасы кайышып жүргөнүн көпчүлүк көргөн.

Бүгүн Зайырбек Ажыматовдун өзү акыркы сапарга узатылып жатат. Элмирбек Иманалиевди эл “азыркынын Токтогулу десе, Зайырбек Ажыматовду “азыркынын Алыкулу” деп жатышат.

Зайырбектин артында эки уулу, эки кызы калды. Карлыгач аттуу кызынын кылык-жоругун социалдык тармак колдонуучулары окуп- билип турушчу.

Акыркы сапарга узатууда төкмө акын Азамат Болгонбаев ырдап турду, жаш калемгерлер гүлчамбар кармап, айтылуу адамдар, саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жалпы элдин аягы суюлган жок.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов ачты.

Султан Раев, жазуучу: “Түбөлүктүү жашоонун дабасы бар. Ал – өлбөстүк ”

Раев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Зайырбек Ажыматовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жалпы кыргыз элине көңүл айтуусун билдирди.

— Зайырбек аз жашады, бирок артынан улуу мурасты калтырып кетти. Акындын, чыныгы акындын жашоосу кыска болорун буга чейинки акындардын жашоосунан көрдүк. Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Тургунбай Эргешов, Табылды Муканов… алар кырктын кырынан ашып, элүүгө жетпей дүйнөдөн узаган. Дүйнөлүк адабиятта Гарсиа Лорка, Есенин, Блок.. өмүрдүн кыска жолун басып өттү.

Зайырбек чыныгы акындын тагдырын кайталады окшойт. Биз эч качан тагдырдан кутула албайбыз. Тагдыр бул ар бир адамга жогортон берилген өмүр чени, өмүрдүн маңызы, жолу. Бул кишилер, акындар чындыктын, акыйкатты сүйлөп, өмүрү кыска болду.

Зайырдын аты араб тилинен коюлган, бул аттын эки мааниси бар экен, биринчиден ал адамдын жан дүйнөсү ачык, экинчиси көкүрөгү, жан дүйнөсү жарык болот экен. Дүйнөгө конок, мусапыр, зыйнат болуп келген дейт экен.

Хадистерде да адамга ат койгондо ойлонуп коюш керек деп айтылат. Күнү келгенде алла ошо аты менен чакырат экен. Мына, биздин Зайыр инибизди ошо ат менен чакырып жатат. Инибизде ошол сапат бар болчу, ачыктыгы дагы, адамгерчилиги дагы, бийиктиги дагы, улуулугу дагы. Ошол касиеттерди өзүнө жугуштуруп алган ушунчалык бийиктиги, ушунчалык жөнөкөйлүгү бар эле. Ошол бийиктикти ал жөнөкөйлүк менен сезди. Ички жан дүйнөсүнүн бийиктигин, улуулугун ал эрте сезип алдыбы деп ойлойм, себеби канчалык улуулукту эрте сезсе, адам ошончолук жерге жакын болот экен. Ошол сапат Зайырбекте бар эле.

Ал ырларында, чыгармачылыгында адам катары дүйнөнү кабылдоодо, дүйнөгө болгон көз карашында бир гана акындын эң башкы миссиясы -чындыкты айтып, чындыкка башын сайып келди.

Акыркы жолу Зайырбек менен Элмирбек Иманалиев тууралуу 5-каналда интервью бердик эле, Азамат Болгонбаев, Зайырбек Ажыматов, Кубат болуп төртөөбүз. Ошондо Зайырбек жанымда турду эле, ушунчалык дүйнөсүнө батпай, буюгуп, жанар тоонун үстүндө тургандай болуп. Адамдын ички дүйнөсү көтөрө албаган улуу сөздөрдү айтып, достун достугун, улуулугун баалап айтканын анын сөзүнөн байкоого болор эле. Достун кадырын, касиетин сезгендигин ошол жерден билдим, таң калдым. Себеби ал экөө бир куштун эки канатындай, кыргыздын эки чокусу, эки тоосу. Биз мына ушул тоонун кулаганын көрүп турабыз.

Ошол теледен интервью берип чыккандан кийинки бир сөзү бар, бир суроо берип калды, ошондой кийин экөөбүз жолукпадык, ошондо айтты эле “Биз Элмирбекти жерге бердик, сөөгү, денеси муздай элек, бирок мен Элмирбек тууралуу айткан сөзгө ушунчалык күйүп жатам, эмнеге биз ушундайбыз» деп суроо берди эле. Мен айттым, бул сөздү кийин жолукканда сүйлөшөлү деп. Тилекке каршы сүйлөшө албай калдык. Бирок ошо суроого мен жооп бере албай калдым. Эми ошол суроонун маанисине, өзөгүнө маани берип жатам. Бергенимдин себеби, биз адамдар, бири-бирибизге болгон мамилени ушунчалык тайыздатып алдык, бүгүн биздин акыл-эсибизди ушак-айың, көрө албастык ээлеп алды.

Улуу инсандарыбыз, Таттыбүбү, Турар, Жолон, Тургунбай… ошолордун эрте кеткенине биздин да мамилебиздин, сөзүбүздүн зыяны тийди.

Бүгүн сөз менен адамды көкөлөтсө, сөз менен адамды өлтүрсө болот, сөз менен бардык нерсени жасоого болот.

Зайырбектин, Элмирбектин арабыздан эрте кеткендиги бизге калтырган осуяты-адамгерчиликти, ыймандын тазалыгын жогору сыйлай билишибиз керек экен.

Арабыздан кеткен ар бир жакшы адам жакшы нерсе жасады, жакшы ойду калтырды, бизге сабак болот.

Зайырбектин ырларындай ырларды адам көкүрөгүнө көтөрүп жүрүшү кыйын. Ушу жигитибиз сыртында Зайырбек, ичинде өрттөнгөн Зайырбек, өзүнүн тагдырын, арманын жазыптыр, чынын айтканда “чыгармаларымда чындыкты жаздым” деди, чындыкка өмүрүн сайып коюп, арабыздан кетти. Бул дүйнөдө бир гана чындык бар, ал — актык, өзүнүн актыгы, өзүнүн чындыгы, мына ошол сапарга жол алды.

Түбөлүктүү жашоонун дарысы жок, түбөлүктүү жашоонун дабасы бар, ал-өлбөстүк. Зайырбек бүгүн өлбөстүккө кетти, анын артында бекеринен нөл деген сөз жок эмес, нөл бул чексиздик. Ал чексиздикке кетти.

Шайлообек Дүйшеев, акын:

“Топ-тобу менен келген чыгармачыл адамдар, топ-тобу менен кетип жатат…”

-Мен дал ушул Элмирбектин. Зайырбектин курагында кеткен Александр Пушкинди, Сергей Есенинди, Владимир Маяковскийди, бул жашоо менен 27 жашында кош айтышкан Михаил Лермонтовду, кырчынында кыргызды таштап кеткен Беганас Сартовду, Жолон Мамытовду, Турар Кожомбердиевди, Камбаралы Ботояровду, Каныбек Эдилбаевди, Курбаналы Сабыровду, Табылды Мукановду, Тургунбай Эргешовду, Турсуналы Бостонкуловду, Айгүл Узакованы, булардан кийинки Алым Токтомушев менен Дайырбек Становду, Жолдошбек Зарлыкбековду, Барчынбек Бугубаевди, Алик Акималиевди эстедим. Мелис Эшимканлв менен Муктар Өмүракуновду, Султан Жумагуловду эстедим. Бизге өмүргө, чыгармачылыкка топ-тобу менен келип, кайра тобу менен кеткен кыргыз кыз-уулдарын эстедим. Кечээ эле баарыбызды кайгыртып, ыйлатып кеткен Гүлзат Батырканованы, Гүлбү Ороскул кызын, Элмира Кайып кызын эстедим. Кечээ эле кабыргабызды кайыштырып, ыйлатып, сыздатып, кете берген Улан Эгизбаевди, Эрнис Асек уулун, Элмирбек Иманалиевди, Зайырбек Ажыматовду эстедим.

Бизде айтышчу, жазышчу, мактанышчу кыргызга таланттар топ-тобу менен келет деп, бирок алардын качан кетээрин, кандай кетээрин, ошол топ-тобу менен келген ырыс-кешиги күчтүү, элдин керегине тие турганда эмнегедир кайрадан топ-тобу менен кетээрин эч кимибиз билчү эмеспиз. Анын үстүнө ажал кайсы күнү келээрин эч ким, эч качан айталбайт турбайбы!

Ошол эле Есенин кетээрине бир күн калганда керээзин калтырып кеткиси келип, кагаз тапкан менен калем таппай, калем тапкан менен сыя таппай, анан макиси менен билегин тилип туруп, акыркы ырын каны менен жазыптыр минтип:

“Кош бол, досум, бат унуткан калкыңда,

Эстеген бар, эси жок деп күлгөн бар.

Кайра келбес айрылуунун артында,

Биз кайрадан кездешүүчү күндөр бар.

Кош бол, досум, коштошоюн ойлонбой,

Атак-даңктын баары жалган, баары нес,

Бул дүйнөдө өлүм эски болгондой,

Өмүр дагы, жашоо дагы жаңы эмес” деп жазган.

Арстанбек өлөөрүндө керээзин калтырып,

“Алам деп ажал келгенде

Кыямат кезде дос болгон

Кырылар кезде ок болгон

Эй, ажал эми, “досумду албай, мени ал деп

досуң да түшпөйт арага, -деп ырдаган эле.

Элмирбек менен коштошуп жатып, “Азаттыктын” сайтына илдирген элем, сен муну албетте, окугансың Зайырбек, окубасаң балким башкача болот беле.

Сен Арстанбектин ушул ырына өчөшкөнсүп, “кегиң болсо, кек ал деп, Элмирбек кеткен тарапка “эй, ажал, сенден коркпоймун” деп, досуңдун жанына кете бердиң.

Элмирбектин жайына берген күндүн эртеси сага чалдым эле “Зайырбек, кайрат кыл, өзүңдү сакта, эми Элмирбек тирилип келбейт, тирилтип ала албайбыз” деп. Макул деген элең. Бирок андай болгон жок, биз эми сени да тирилтип ала албайбыз.

Былтыр жарыкка чыккан “Жүрөктөгү бороон” деген китебиңди барактап олтурам, ачсам эле эмнегедир бул ырларың көзүмө тартылат:

“Көңүлүмдү өзүң жүрсөң калтырып,

Кайран жүрөк ооруп бүттү жанчылып,

Билем мени коштоп барат өлүмгө,

Тирүүлүктө бүтпөйт ушул каршылык” деген экенсиң.

“Жалгандыктар мүмкүн мени аксатты,

Жалтак кылып, жабыктырып, чарчатты.

Жасалма окшойт түпкүрүндө бул жашоо,

Жакшы көргөн байлык менен мансапты.

Жан адамга тийбей балким керегим,

Жалгыз келгем, жалгыз кете беремин.

Ыйманымды ченегиси келишсе,

Ырда калат, тайыздыгым, тереңим” деп жазыпсың.

Сен жазыпсың:

“Заманына жан дүйнөсүн тараткан, —

Зарын катып ичтен сызып бараткан.

Зайырбекмин, ысымы бар, өзү жок,

Закымдарды кууп жүрүп адашкан.

Жанып дайым турсам миздүү азапта,

Жашоо болот экен кээде жадатма.

Жалындарын өчүрөм деп жүрөктүн,

Жаштыгымды жуттум кошуп шарапка.

Анда деле жаным такыр жай албай,

Абийир, уят, өңдөн азды каралбай.

Жүдөп бүттүм Зайыр деген денеден,

Жүзү жарык Зайырбекти таба албай.

Бирде ташып, бирде кайра бөксөрөм,

Бирде куурап, бирде кайра көктөгөм.

Ызгаар окшойм өзүмдү өзүм тоңдурган,

Жалын окшойм өзүмдү өзүм өрттөгөн.

Өткүр кезим билбейм, кайда чачылды,

Өкүнүчтөн көтөрө албай башымды,

Мен өзүмдү таппай кетсем өмүрдөн,

Бейитиме жазбагыла атымды” дептир.

Элмирбек обонун жазып, ырчылар ырдап жүргөн обонуңду эстедим.

“Боздотуп жүрөк кылдарын,

Боздотуп мени кыйнадың

Шоокумун коштоп жамгырдын

Шолоктоп неге ыйладың?

Жалганбы сүйүү биздеги?

Жалганбы сезим издери

Арманбы ушул дүнүйө,

Арманбы өмүр тизмеги, -деген элең.

Бул ырың ырдалган сайын сени менен коштошуп, жамгыр шолоктоп турганын эстедим, -деди Шайлообек Дүйшеев.

Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:

“Кыргыз маданиятынын эки тоосу бөксөрдү”

-Урматтуу карайлап турган калың журтум, арманда турган аксылык туугандар!

Залкар элең Зайырбек,

Зарлаттың неге кайыр деп, бүгүн кыргыз эли зарлап турат, каңырыгы түтөп какшап турат.

Дегеле эгемендүү кыргыз мамлекетинин тарыхында ээрчишип кеткен, мындай катарлаш келген кайгы болбосо керек эле. Эки жумага жетпеген убакыттын ичинде кыргыз адабиятынын, кыргыз маданиятынын эки тоосу бөксөрдү, бөксөргөнүн көз көрдү. Жашоодо жанаша жүргөн өмүр менен өлүм деген чындык бар экенин баарыбыз жакшы билебиз.

Зайырбек акка моюн сунса, аны алган ажалга, моюн сунуп жатабыз. Жашоо түбөлүк болбойт экен, түбөлүк деген күбөлүк болбойт экен.

Зайырбек тууралуу алдыда дагы далай сөздөр айтылат, ырлар жазылат, анткени өнөрлүү адамдар өлбөй турганын, биздин Токтогул атабыз сындуу акындар:

“Өлтүрсөңөр өлөрүм бар,

Өлбөй турган өнөрүм бар.

Астырсаңар денем калар,

Ырларым да оттой жанар” деп

ташка тамга баскандай тастыктап кетпеди беле. Андыктан, Зайырбектин денесин жерге берсек дагы, өзүн ээсине берсек дагы, анын таланты, ырлары кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк жашай берет. Бүгүнкү күндөн баштап, Зайырбектин экинчи жашоосу башталат.

“ Акыл — нөл, жан дүйнө — нөл, санаам да нөл,
Сүйүү – нөл, досчулук – нөл, адам да нөл.
Жылдар – нөл, өсүү болбой тегеренген,
… Ырлар- нөл, окурман – нөл, заман да нөл”

Ушул төрт сап ыры менен Зайырбек бүгүнкү биз жашап жаткан доорду, заманды ачыктап салбадыбы. Бардыгы — нөл, жасалма. Жазылган-нөл, казылган көр. Мына ошол чындыкка өзү жетти, тилекке каршы.

Албетте, эки акындын эриш-аркак бири-бирине ээрчишип кеткенине элибиздин эси ооп турат. Кайгы баскан кара тумоодо эмес, эң ириде ушул эки залкарды эстеп олтурат, азыр экинин бири Элмирбек десе, экинин бири Зайырбек деп турат. Эмнеге ушулар кетти деп башы жетпей турат.

Бул-чындык. Эмнеге? Анткени эки акын тең элдик акын, элге жакын болгонунан, эл баалап, тарых муну тастыктап турат.

Нурлан Калыбеков, Жазуучулар союзунун төрагасы:

“Чыгармачылыкка, руханий дүйнөгө келгенде биз бардыгы менен теңатабыз”

-Зайырбек экөөбүз бир өрөөндүн, бир колоттун, бир сайдын балдары элек. Студент кезден чогуу чыгып, студент кезден шапалактай бир китеп чыгарып, жазуучулар союзуна мүчө болуп, адабияттын астанасын аттап, чогуу жүргөн балдар элек. Зайырбек ыры болобу, сыры болобу, кубанычы болобу, мени менен бөлүшөөр эле, мен да ага айтаар элем.

Кырктан өткөндөн кийин адам калчылдап калабы, илгери обончу Калмурат Рыскулов кайтыш болгондо, 30унда кайтыш болду, ошону көтөрүп кетиптирбиз, духубуз менен, жаштыктын күчү менен.

Эми Элмирбек, Зайыр, андан мурда Эрнис Асек уулу… Кыйын болуп калат экен.

Мен өз жон теримден айтайын, акын деген сентименталдуу, бардыгын жүрөгү менен кабыл алат, Зайырдай болбогула, карачы, Зайыр күйүттүн артынан Элмир деп кетип калды.

Кайсы бир өлкөдө төрт сап ыр жазган кишини сен мамлекетке керексиң деп эсепке алып коет деп уккам, Прибалтика өлкөлөрүнүн биринде.

Анан 20-30 жылдан бери калем кармап жүргөн балдар, биздин эч кимге керегибиз жок экен, тирлигиң, оокатың эмне болуп жатат, эмненин үстүндө иштеп жатасың, чыгармаң кандай деп эч ким сурап койбойт экен.

Түшүнөм, байлыгыңар, бизнесиңер, ал силердин урук-тууганыңарга эле калат. Ал эми калем кармаган атуулдардын чыгармалары элге, улутка калат.

Биз экономика, саясат менен мактана албайбыз, керек болсо чабал мамлекет болуп турсак дагы, Айтматов, “Манас” эпосу менен, андан бери 40 тан ашык эпостор менен дүйнөлүк адабиятка чейин бөлөк өлкөлөргө теңатадай болуп, жүрө алабыз. Чыгармачылыкка, руханий дүйнөгө келгенде биз бардыгы менен теңатабыз. Ошондуктан калем кармаган балдар, жигиттер өзүңөрдү сактагыла! Өзүбүздү өзүбүз сактабасак, бизди эч ким сактабайт.

Мен кантип, эмне деп айтып, сага топурак салам… (Ыйлайт)

Малабек Токтоболотов, жердеши:

“Зайырбек мени ага тутуп, ата тутуп жүрдү эле”

—Кымбаттуу элим, биз зор жоготууга учурап олтурабыз, кыргыз эли, анын ичинен биздин аксылык туугандар. Биз Зайырбекти келечекте мындан да зор болот дегенбиз, эмгегин, китептерин, ырларын эстеп олтурабыз.

Мурдагы күнү уккандан баштап, кабыргабыз кайышып, аябай кайгыдабыз. Айрыкча, жердештер, бул жерде катыша албай, келе албай калгандар, уккан күндөн баштап телефон чалышып, эмне болуп кетти, кандай болду деп, Элмирдин аркасынан кеттиби деп эки залкар уулдарыбызды узатып отурсак, бул эмнеси деп жатат.

Мен жалпы аксылыктардын, жердештеринин атынан жалпы кыргыз элине көңүл айтам, экинчиден, бизге көңүл айтып жаткан бардык кыргыз жарандарына, бизди, Зайырбекти билгендерге, ар бир атуулдун көкүрөгүндө тургандарга Аксы коомунун атынан кабыргабыз кайышып турганда бизге өбөк-жөлөк болуп тургандарга ыраазылык билдирем.

Закем айылдан окууга келгенден баштап, мени ага тутуп, атасындай көрүп, кандай маселеси болсо кайрылып, бул жерде дос, курдаш, жазуучу, бардыгы бирге жүрдү эле. Закем кыска өмүрүндө опол-тоожой иш кылды. Закемдин аркы дүйнөдөгү экинчи өмүрү түбөлүктүү болсун. Себеби артында калган, жазган ойлору бир топ, бирок Закемдин бүгүнкү күндө жаза элеги, айта элеги да көп эле.

Абдыкайым Кайнаров, тууганы:

«Атамды көргөн өлбөсүн»

-Арга жок экен, тагдырга баш иебиз, тагдыр башыбызга салды, милдетибизди аткарабыз. Болбосо 60, 70, 80 жылдыгын белгилеп, баарыбыз аза күтүп турбай, кол чаап каткырып турсак жарашат эле. Бирок алла-таала андай күндү көрсөтпөдү. Бул Зайырдын бешенесине жазылган тагдыр экен.

Агасы катары айтайын, Зайыр кичинесинен зирек болуп чоңойду, мектепте жүргөндө эле бир топ ырлары гезит-журналдарга жарыяланып, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болуп турду, келечекте көптү үмүттөндүргөн жигиттерден болуп калды эле. Тагдыр экен, айла жок…

Кыргызда бир жакшы сөз бар “Алыскы туугандан жакынкы коңшу” деген. Зайырдын көзү өткөн минуталардан баштап, жоро-жолдоштору, калемдештери тикесинен тик туруп жаткандыгын угуп-көрүп ыраазы болдук. Сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Биздин алыста экенибизди билдирбей, тикеңерден тик турдуңар.

“Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн” деп бекер айтылган эмес, Зайыр өтүп кетсе дагы, артында балдары, кыздары калды. Көрүнгөн тоонун ыраагы жок, жакында эле булардын үйүндө да той болоор. Ошондо Зайырдын ордуна, ата ордуна ата болуп берет деген ишеним бар.

Жаркырап жанып турган чырак элең,

Жалп этип өчүп калдың бир заматта.

Артыңда балдарың бар, жарың калды,

Ар дайым куран окуп, эстеп турар.

Мирлан Самыйкожо, акын:

“Заке, биз сизди ый менен эмес, ыр менен узатабыз!»

Бүгүн уруу деп эмес, улут деп соккон жүрөк токтоду,

Бүгүн турмуш деп эмес, кыргыз деп соккон жүрөк токтоду.

Бирок жүрөк токтоду, өмүр токтогон жок.

Закемдин экинчи өмүрү бүгүн башталат.

Элмирдин экинчи өмүрү бүгүн башталды.

Заке, биз сизди ый менен эмес, ыр менен узатабыз.

(Зайырбектин «Падыша эл» аттуу ырын окуйт. Жалпы эл коштоп турат)

ПАДЫША ЭЛ

Көтөр башты улутташым, кандашым
Көкүрөктө улуу намыс кайнасын
Ар бир кыргыз аманаты Манастын
Хан тукуму кулга айланып калбасын

Көк теңирге, ай-ааламга тийишкен
Байкуш болбо башты төмөн ийип сен
Бизге теңир берген улуу тоолорду
Бүт дүйнөнү карасын деп бийиктен

Күң кылбасын келген-кеткен коногу
Кыргыз кызы күндөй баркы жогору
А жигиттер, мырзасыңар ар бириң
Тексиз,нарксыз кул жүрүштү коелу

Каршы туруп катаалдыктар ыргытса,
Качырып кир, тарыхтарга турмушка
Бүтүндөй бир тилиң эмес улуу журт
Бир да сөзүң унтулбасын кыргызча

Бүжүрөбөй көтөр башты жаркылдап
Нур чайысын жан дилиңе алтын жаап
Сен падыша, падышасың эй, кыргыз
А тоолоруң теңир берген алтын так.

ЗАЙЫРБЕК АЖЫМАТОВ

Зайырбек Ажыматов бүгүн, 1-майда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Сүрөт: Тынчтык Алтымышевдин фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты