ЖК депутаты Аалы Карашев коронавирус, «пайгамбарлар» жана улуттун башкы капиталы тууралуу
- 4 года мурун
- Маек
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев карантинден кийинки жашоо жана кризистен кийинки пландар тууралуу сунуш-пикирин билдирди.
— Аалы Азимович, калкты азыр бир гана нерсе кызыктырат: карантин аяктап, демейдегидей жашоого кайтып келүү убактысы. Сиздин бул тууралуу пикириңиз кандай?
— Божомолдоо оңой эмес, бардык нерсе эпидемиянын өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзүндө жайылышынан көз каранды. Өкмөт алдында оор тандоо турат, бир чети – экономиканы, экинчиси — жарандардын өмүрүн сактап калуу керек. Бүгүнкү күндө адам өмүрүнө басым жасалып атканы менен, келечектеги миллиондогон жарандардын тагдырын чече турган экономика абалы кооптуу болуп турганын эске алуу керек. Өлкөдө вирус инфекциясынын жайылуусуна каршы өкмөттүн штабы, саламаттык сактоо министрлиги иш алып барууда.
Алар өзгөчө абалдын жана карантиндин шартын жеңилдетүү боюнча чечим чыгарууда бардык жагдайды эске алат деп ишенем.
Бул абалдан туура жол менен чыгып кетүүгө кылдат камынуу маанилүү. Ал ишкерлерге ыңгайлаштырылып, бир нече баскычта болушу ыктымал. Көптөгөн социалдык, экономикалык жана ишкердик мамилелер аксай түштү. Аларды кайра калыбына келтирүү үчүн убакыт талап кылынат. Жакынкы жылдары суроо-талаптар азайышы күтүлөт. Менимче апрель айынын аягы, май айынын башында жарандардын экономикалык активдүүлүгүн калыбына келтирүүчү белгилүү бир кадамдар сунуш кылынат.
— Пандемия аяктаган соң коом түп тамырынан өзгөрөт деген сыяктуу көптөгөн божомолдор айтылууда. Сиздин оюңузча цивилизация кандай жаатка өзгөрөт жана элди эмнелер күтөт? Биз толук түрдө көзөмөлгө алынабыз деген пикирге кошуласызбы?
— Кыйын кезекте дүйнөнүн өзгөрүшү тууралуу ар түрдүү пикирди жайылткан «пайгамбарлар» пайда болот эмеспи. Алар көбүнесе ири өзгөрүүлөр, керемет көрүнүштөр жана кырсыктар тууралуу айтып келгени менен чынында андай болбогонун тарых көрсөтүп атпайбы.
Өзүңүз деле баамдап көрсөңүз, дүйнө болуп көрбөгөндөй өзгөрөт деп божомолдогондор ал кантип ишке ашарын тактабайт.
Мындан тышкары, адамзатка болгон толук көзөмөл, чип орнотуу тууралуу аналитиктер, эксперттер алдын ала айта албай келет.
Албетте, айрым өзгөрүүлөр болот, бирок дүйнө түп тамырынан бери өзгөрөт дегенге кошулбайм. Рынок өзгөрүп, социалдык багытты башкаруу алмашат, экономикалык, социалдык системалар өзгөрүүгө учурайт.
Карантин бүтөр замат өлкөбүз демейдегидей жашоого кайтып келет да, буга чейинки алдын ала айтылып аткан кептер унутта калат. Аларды эч ким эстебей каларына ишенип коюңуз.
— Учурдагы абал Кыргызстанга кандай таасирин тийгизет? Биздеги коронавирустун кесепети дүйнөдөгүдөн айырмаланабы?
— Сценарий бирдей болушу толук ыктымал. Пандемия жана аны менен күрөшүү жолдору бүткүл дүйнөдө бир эле жол менен өнүгүүдө. Бир гана айырмасы, айрымдардын экономикалык өзгөрүүгө болгон туруштук күчү бекемирээк, ал эми айрымдарыныкы — алсызыраак.
Бирок Кыргызстан менен катар бардык өлкөлөрдө экономикалык абал начарлайт. Албетте, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү биз жыл башында күткөндөй болбойт. Демек, өнөктөш өлкөлөр менен бирге кошумча чараларды иштеп чыгуу зарыл.
Бул шартта эң аярлуу катмар — соода жана кызмат көрсөтүү багытында иш алып барган 1 миллиондон ашуун жарандарыбыз. Убакыттын өтүшү менен өлкө кризиске чейинки калыбына келет.
— Сиз кризистен чыгуу үчүн кандай планды сунуштайт элеңиз?
— Алгач ишкерлердин ишин калыбына келтирүү убактысын аныктоо зарыл. Контактылардын аз болушун, ошол эле учурда товарларга жана сервиске болгон суроо-талапты эске алуу зарыл. Бизнес өкмөттүн планын алдын ала билиши керек. Себеби, товар сатуу, келишим түзүү, насыя маселелерин ошого жараша пландаштырат.
Тилекке каршы биз көп нерсени алдын албай, түзүлгөн жагдайга реакция кылуудабыз. Жарандарыбыз убаданы эмес, конкреттүү кадамдарды жана нормативдүү чечимдерди күтөт.
Экинчиден, экономиканын аярлуу катмарын — соода, кызмат көрсөтүү, курулуш багыттарын колдоо керек. Өзгөчө өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү секторлорго көңүл буруу керек.
Орто жана кичи ишкердикте алектенгендерди 2020-жылдын аягына чейин салыктан бошотуу керек.
Салыктан убактылуу бошотуу бюджетке чыгым алып келет дегендеп алыс болушубуз керек. Себеби, иштебеген бизнестен акча чогултуу менен анын калыбына келишине балта чапкан болбобуз.
Үчүнчүдөн, салыкты башкарууну өзгөртүүбүз керек. Салыкты эсептөөнүн бирдиктүү принцибин иштеп чыгуубуз зарыл. Салык кызматы жазалоочу функцияны эмес, кызмат көрсөтүү милдетин аткаруусу керек. Албетте, бизнес эч убакта салыкты өз ыктыяры менен төлөбөйт, бирок ал салык эмнеден улам пайда болорун, анын эсебин билбесе, салыктан буйтайт.
Төртүнчүдөн, социалдык фондго болгон төлөмдөрдү толугу менен карап чыгуу керек. Алгач жаңы иш орундары үчүн төлөмдөрдү алып салуу керек. Биз айлык акыны бюджеттен төлөй албагандан кийин, бизнестин жарандарды жумуш менен камсыз кылуусун кубатташыбыз керек.
Бешинчиден, Улуттук банк коммерциялык банктардын насыя кабыл алуу боюнча ишин үч айлык мөөнөткө узартты. Бирок, 2020-жылдын аягына чейин компаниялардын акча жүгүртүүсү калыбына келбей турганын түшүнүүбүз зарыл. Демек, насыя төлөө ишкерлер үчүн оор болот. Мамлекет Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду, донорлор жана башка бардык ресурстарды тартуу менен насыя төлөө кепилдигин коммерциялык банктарга камсыз кылып бериши керек.
Алтынчыдан, учурдагы насыяларды кайра карап чыгуу менен катар эле экономиканы каржылоонун льготалык булактарын сунуштоо керек. Ал Улуттук банктын эсептик чендеринен жогору болбошу керек.
Жетинчиден, кризис учурунда мамлекеттик органдар тарабынан бардык бут тосууларды жана бюрократияны жокко чыгаруу керек. 2020-жылдын акырына чейин ишкердикти баштоодогу бардык уруксаттарды, лицензияларды, каттоолорду алуу процедураларын жеңилдетүү зарыл (жер мыйзамынан башка). Бул кадам чиновниктер жараткан коррупцияны алдын алып, ишкерлерге каражат үнөмдөп алууга мүмкүнчүлүк берет.
Сегизинчиден, ишкерлерди колдоо саясатына олуттуу мамиле кылып, комплекстүү иш алып баруу зарыл. Экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүүгө, импортту алмаштырууга, салыктык башкарууга, лицензиялоо жана уруксат берүү тутумуна, менчик укугун коргоого жана бизнес өкүлдөрүнө карата сот практикасына карата комплекстүү иш алып баруу зарыл. Ушундай жол менен гана ата мекендик бизнес атаандаштыкка жана коопсуздукка ээ болот.
Булак: Elgezit.kg.
Орусчадан которгон: Медиа өнүктүрүү борбору.