Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Анапия Райымбекова: «Бала кыялым калган жок, аябай ишенчээкмин»
- 7 лет мурун
- Маек
Үч—Теректин үч кызынын улуусу Анапия Райымбекова жакында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы менен сыйланып, сүйүнүп турган кези. Анапия айым жашоосунда артка кылчайып өткөн күндөрүн эстеп, чыгармачылыгы, үй—бүлөсү тууралуу баяндап берди.
—Быйыл Филармонияда иштегениме 31 жылга кетип бара жатат. Ушул бир жерде эмгектенип, бир жерде иштеп келе жатам. Жаш кезимде, 1986-жылы Кара Молдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине солист болуп кабыл алынып, биринчи жолу ырдап чыккам. Ал убакта жаштыктын деми менен эмгектенип, азыркы мезгилде артыма кылчайып карасам, чыгармачылыгымдын дүркүрөп өсүп аткан убагымды эстейм. Чарчоону билбей иштеген экем деп калам.
—Наамды күттүңүз беле?
—Мага КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын кудайым буюруп эгемендүүлүк алдында ыйгарышты. Бул менин көп жылдык эмгегимдин бааланышы, аларга ыраазымын. Негизи мындан 20 жыл мурун деле алсам жарашмак. Ал убакта жаштыгым курч, иштеп аткан учурумда беришсе деле болмок. Документим кетип кайра келип жүрүп көп жыл өтүп кетиптир. Өзүм да баладай болуп, таза мүнөзүм менен жүрө бериптирмин. «Дарак бир жерде көгөрөт» дегендей, бир эле жерде иштеп келе жатам, чыгармачылыктын ысык-суугуна күйүп. Жакшы улуу-улуу обончу композиторлордун ырларын аткардым, Алтын фондуна далай чыгармаларым, ырларым сакталып калды. Жакшыле эмгек кылдым деп ойлойм.
—31 жыл дедиңиз, ушул убакта чыгармачылыктын оорчулугун, түйшүгүн жакшыле сезсеңиз керек…
—Мен чыгармачылыктын таскактуу жолун оор көтөрдүм. Жолумду тоскондор көп болгон убагында, мен аларды кектебейм дагы, таба кылбайм тобо кылам. Бирок алар өз энчисин алышкан качан эле. Сыртымдан тон бычып жамандагандар да болгон. Бирок мени ата-энем мыкты тарбиялаган. Өзүм бир калыпта жүргөн, мүнөзүм токтоо адам болгондуктан эч кимге карасанатайлык кылган жокмун.
Эми минтип чыгармачылыгымдын акыбети кайтып жемишин берди, бул наам менин маңдай терим менен тапкан эмгегим деп кесе эле айта алам. Анткени азыр наамды татыктуусу деле, татыксызы деле алып калган заман болду. Кудайым буюруп, чыгармачылыкта куру болбой эки сиңдим артыман ырдап чыгышып, кыргыз элиме белгилүү ырчы кыздар аталышты. Дилбар менен Лира, биз эже-сиңдилерденбиз. Азыр дагы бирге ырдап жүрөбүз. Биз аткарган чыгармалар үчүн үчөөбүзгө тең эмгек сиңиргенди берип койсо деле жарашмак. Кээ бирөөлөр бир эле ыры үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болушкан убагында. Биз болсо канчалаган жакшы чыгармаларды ырдап жүрөбүз. Элге угумдуу «Жаша Кыргызстан», «Кыргызстан обондору», «Мен кыргызмын» аттуу ырларды элдин жүрөгүнө жеткире ырдаганыбыз үчүн эл угуп, баалап жүрөт. Биз көптөгөн, эл сурап уккан чыгармаларды ырдап калабыз.
—Азыр репертуарыңызда жаңы ырлар барбы?
—Жайында Апас Жайнаковдун «Булакта» аттуу ырына клип тарттырып келдик. Мындан сырткары өзүбүздүн ыйык жерибизде «Шамшы Калым» деген улуу тообуз бар. Ал тоодо туз чыгат. Жаңы чыккан ырыбыз дагы ушул тоонун атынан коюлган. Ага клип да тарттырдык. Сөзү Кудайберген Жуманазаров деген агабыздыкы. Бул ыр туулган жерге, улуу тообузга болгон биздин тилегибиз, жана да Керез Сакеев аганын арбагына таазим кылып үчөөбүз ырдап чыктык.
7-ноябрда Дилбар чыгармачылык кечесин өткөргөнү жатат. Ал кечеде да биз чогулуп ырдайбыз, концертине баарылап даярдык көрүп атабыз. Эл шайырлар тобунда да чогуу иштейбиз, жалпы жамаатыбыз менен катышабыз буюрса. Азыркы тилегибиз кечебизди жакшы өткөзүп алуу.
—Уулдарыңыз да музыкант деп уктук эле…
— Өзүмдүн үч уулум бар, экөө үйлөнүп-жайланып бөлүнүп кетишкен. Эки неберем бар. Небере деген таттуу болот экен. Аларды бат-баттан сагынып турам. Көргүм келгенде эле «Ээй, силерди сагынган жокмун, неберелеримди сагындым» десем, балдарды ээрчитип келип калышат. Эки уулум тең музыкант. Эң кичинекейимди картайганда көргөм. Азыр ал 7-класста окуп жатат, келечегин тилеп жашап келем.
—Жаш кезиңиздеги чыгармачылык менен алпурушкан учур өзгөчө эсте калса керек…
—Жаштык кезде кышында гастролго кетип, малчыларга барып концерт койчубуз. Суусамырдын суугу. Мен суукка карабай капрон калготки, көйнөк менен үшүбөйм деп чыгып алганым эсимде. Улуу-улуу залкар ага-эжелер менен иштешип калдым, аларды ээрчип алып жүрө берчүмүн. Сахнага жаңы чыкканда Улукмырза Полотов, Эрмек Мойдунов, Анарбек Ибраев, Тамара Исабекова, Майрам Дүйшекеева, Гүлмайрам Момушова, Самара Токтакунова деген залкарлар менен иштедим.
Кийин Алымкул Үсөнбаев атындагы Эл шайырлар тобуна которулуп кеттим. Замирбек Үсөнбаев агай жетектеп аткан учурга туш келдим. Бул жамаатка келгенимдеги утканым, чыгармачылыгымда экинчи дем ачылып, илхомум келип обон жаратып баштадым. Азыркыга чейин мен-мен деген ырчылар обондорума ыр жаздырып ырдап жүрүшөт. Мен аларга ыраазымын. Бизге бул өнөр атамдан калган окшойт. Атам ырчы-жамакчы, кыйын акын болгон эле убагында.
— Өзүңүздү жалгыз сезген учурлар болобу?
—Кыргыз Республикасынын Эл артисти, театрдын режиссеру Алмаз Сарлыкбеков агай менен таанышып баш кошуп калдык. Жети жыл болсо да чогуу жашадык. Ал чыгармачыл адам менен жашап көптү үйрөндүм, ал киши эрте өтүп кетти дүйнөдөн. Азыр эми жалгыздыкты деле сезбейм, балдарым, неберелерим бар. Жөлөк-таяк, аска зоом ошолор. Чыгармачылык менен жүрө берип жалгыздыкты деле сезбей каласың. Кыргыз элиме белгилүү акын Уринса Маматова эжекебиз «Чыгармачыл адам өзүң эле бир колхозсуң» деп айтып калчу эле, ошол эже айткандай, чыгармачыл жашоо дүйнөм бар, балдарым маңдайымда, неберелерим кашымда, мындан башка бакыт барбы? Өзүм өтө эле сабырдуу, токтоо, кечиримдүү адаммын. Үйдө болсо жакшы энемин. Даамдуу тамакты жасап алып, балдарымды маңдайыма коюп алып бажырашып сүйлөшүп отурганды жакшы көрөм. Убакыт өтсө дагы бала кыялым калган жок, аябай ишенчээкмин.
Эльвира Какиева