Аликбек  Жекшенкулов:  “Темир Сариев биз менен кеңешкен жок”

ПАликбек  Жекшенкулов:  “Темир Сариев биз менен кеңешкен жок”резиденттикке талапкер Темир Сариевдин шайлоо штабын жетектеп келген Элмира Ибраимова аталган талапкердин штабын башкаруудан кеткенин жарыялады. Ал талапкер менен саясий позициясы дал келбей калганын айтып, өзү менен Аликбек Жекшенкулов баштаган бир нече саясатчынын кошо кеткенин билдирди. Бул ажырымдын себеби жана башка маселелердин тегерегинде Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” маек курду.

—Алгач талкууда турган темадан баштайлы. Президенттикке талапкер Темир Сариевдин штаб башчысы  Элмира Ибраимова аталган талапкердин штабынан кеткендигин жарыялады. Ал мындай кадамынын себебин көз карашынын дал келбей калганын, аны менен кошо сиз баштаган 5-6 саясатчы кошо  кеткендигин билдирди. 

—Биринчиден, кошо деп айткан туура эмес, бирге деш керек. Биз штабга да кирген эмеспиз. Биз колдоочу катары алардын ошондой иш-чараларына кээде катышып жүрчүбүз. Кеткенибиздин негизги себеби—саясий себеп. Анткени өзүңөр билесиңер, биздин саясатта кээде адамдар, саясатчылар жеке кызыкчылыгы менен биригет же финансылык кызыкчылык  менен биригет, биз болсо башында эле идеологиялык-саясий кызыкчылык менен бириккенбиз. Анткенибиз башында ойлогонбуз, ушул кадамдар менен чогуу барып, кеңешип, мамлекеттик иштерди жасасак болот  деп. Тилекке каршы, Темир Сариев Сокулукта биринчи жолу, биздин оюбузча,  катачылык кетирди. Темир Сариев Атамбаевдин саясатын, Атамбаевдин  ишин уланта турганын өзү айтты. Биз бүгүнкү күндө Атамбаевдин саясатын улантпай, өзгөрүүлөр керек мамлекетте дейбиз. Кайсы тармакты албайлы, саясатты алабызбы, сотторду алабызбы, адилеттүүлүктү алабызбы,   экономиканы же кадр маселесин алабызбы, иши кылып бардык тарапта  өзгөрүүлөр керек. Ушул себептен башка кадам таштадык.

—Демек, сиз штабда болгон эмеспиз, Элмира Ибраимованын штабдан кетти деген маалыматы туура эмес деген турасызбы?

Ооба, Элмира Ибраимова штабдан кетти.  А биз саясий көз карашыбыз өзгөчөлөнүп, өзүбүзчө кеттик.

—Бүгүнкү күндө кимдер менен болуп жатасыздар? Айрым маалымат боюнча, Өмүрбек Бабановдун штабына бирикти деген маалыматтар болуп жатат?

—Бүгүнкү кїндө сүйлөшүүлөр болуп жатат. 5-6 партия бар,  былтыртан бери эле  ич ара келишим бар болчу, “Улуттар биримдиги”, “Акыйкат”, “Кыргызстан конгресси”, “Бирдиктүү Кыргызстан”, “Таза Кыргызстан” партиясы ж.б. 2-3 партия. Биз баарыбыз чогуу кадам таштайбыз, биз баарыбыз Темир Аргенбаевичти колдойбуз” деп ошол кадамга барганбыз. Тилекке каршы, саясий келишпестик болуп, баарыбыз чогуу башка кадам таштайбыз деп сүйлөшүп жатабыз. Азыр ар кайсы саясий күчтөр менен сүйлөшүїлөр болуп жатат, такташып жатабыз. Ошондон кийин билдирүү жасайбыз.

—Конкреттүү кайсы күчтөр? Шайлоого бараткан талапкерлердин саны чектелүї эле да.  Кайсы талапкерге чектелүї болуп жатат.

—Азыр айтуу эрте. Бирок жакынкы күндөрдө биз өз позициябызды, көз карашыбызды билдиребиз.

—Ошол эле учурда Шайлоо башталганы саясатчыларыбыздын бул кадамын кайсы бир деңгээлде коомчулукта чыккынчылык катары санагандар да бар. Бул боюнча пикириңиз?

—Биздин саясатта саясий маданият деген барбы же жокпу? Жокко тете да. Чыккынчылык кылып, эмне, келишимге кол коюптурбузбу же болбосо антташыптырбызбы? Келишим жок. Ар бир адамдын өз укугу бар, кайсы саясатчыны колдойт, кайсы саясатчыны колдобойт. Пикир дагы өзгөрүп турушу мүмкүн, туурабы? Бир саясатчы туура эмес соз айтса же туура эмес кадамдарга барса, аны колдой бербейсиңер да. Ушул себептен, менин оюмча, эч кандай чыккынчылык жок. Биз саясатчы катары өз кадамыбызды таштадык.  Өздөрүнүн алсыздыгын көрсөтүп, булар чыккынчы болду деген өтө туура эмес.

—Ошол эле учурда Темир Сариев башка саясий күчтөр менен консультацияларды жүргүзүп жатат. Сооронбай Жээнбеков, Ємүрбек Бабанов менен. Сиздер ал консультацияларга катыштыңар беле?

—Темир Сариев консультацияларды жүргүзүп келатат. Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Биз аларды билген эмеспиз. Ар кандай маалымат чыгып жатат. Темир Аргенбаевичтин аброюна сокку жасагыбыз келбейт. Биз өз кадамыбызды таштадык. Бизде да айта турган сөз бар. Бирок азырынча биз бири-бирибизге жаман айтпай, өзүбүзчө ар кайсы тарапка кеттик.

—Жеке таарыныч катары санаганга болбойт да?

—Болбойт да. Бул — саясат.

—Конкреттүү кайсы көз караш үчүн макул болбой жатасыздар?

—Сокулукта Атамбаевдин саясатын улантам дегени мага аябай одоно угулду. Эми мындай санайлычы. Экономикалык маселени алсак, соттордун иши, адилеттүүлүк деген кайда, Текебаев баш болуп адилетсиз камакта жатат же болбосо кадр маселеси адилет чечилди деп айтасызбы? Менин оюмча, адилет чечилген жок.

—Ошол эле учурда Темир Сариевдин штабы ошол эле коомдогу терс көрүнүштөр боюнча, Жогорку Нарын ГЭС каскады, административдик ресурсту колдонуу болобу, бийликке карата курч позициясын билдирип келе жатпады беле?

—Ооба, туура, бул биздин позиция менен да дал келген. А бирок башка саясатчылар менен сүйлөшүүлөргө биз катышкан жокпуз. Балким катышсак, билмекпиз, бирок биз билбейбиз да.

—Сариев менен биригип жаткан учурда сиздердин ортоңуздарда сүйлөшүүлөр болду беле?

—Сүйлөшүүлөр болгон, бири-бирибизди колдойбуз,чогуу бир команда, мамлекет бүгүн өтө татаал абалда турат. Бир команда болуп, чогуу жеңишке жетели деп макулдашуу болгон.  Андан тышкары маселе  жок.

—Негизи сиздердин мисалды эске алганда деле, саясатчылар ортосунда биригүїлөр, бирок тез эле ажырашуулар, максатына жетпеген альянстар болуп жатат. Сиз, саясий илимдин доктору катары айтсаңыз, бул көрүнүштү эмне менен түшүндүрсөк  болот?

—Мен ойлойм, биздин коомдун, саясатчылардын да саясий маданияты быша элек. Ошон үчүн саясатчылар изденүї катарында ар кандай факторлорду ойлоп жатат, кандай фактор болбосун, эптеп жеңишке жетейин деп жатышат. Диний фактор, финансылык фактор, регионалдык фактор, анан административдик ресурс, мына ушул төрт фактор.

—Сиз мүчө болгон саясий альянс экен да. Сиздер үчүн эң башкы принцип эмнеде?

—Светский, стабилдүү,  бөлүнүүнү билбеген, адилеттүү мамлекет болуш керек.

—Ошол принципти колдогон күчтөр болсо,  биригүүгө даярсыздарбы?

—Ооба.

—Дегеле шайлоо алдында коомдук саясий абалды кандай баалайсыз?

—Өтө татаал, бөлүнүп-жарылуу, бири-бирине ишенбестик, адилетсиздик,  дегеле келечекке үмүт менен карай турган көз караш өтө татаалдашып кеткен.  Эмнеге миллиондон ашык жарандарыбыз мигрант болуп сыртка кеткен? Эмне себептен? Ишенбестиктен, келечегине ишенбестигинен, Мен кантип балдарымды багам, кантип ата-энеме, тууган-туушкандарыма  жардам берем деп ойлонот да ар бир кыргызстандык. Мен ойлойм, жалпы саясатта, тышкы, ички саясатта, улуттун кызыкчылыгын, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн саясат болбосо, сиз айткандай ажырымдар,  жеке кызыкчылыктар, финансылык кызыкчылыктар  устөмдүк алып, ар кандай саясий оюндар боло берет.

—Бүгүнкү шайлоону тынч, легитимдүү өткөрүү үчүн эмнелер зарыл? Эмнелерге көңүл буруу керек? Мамлекет, коомчулук, саясий элита дагы? 

—2-3 эле кадам, бул—адилеттүї,  таза шайлоо. Айтпадыкпы, административдик ресурс, криминал, акчаны колдонбой, шайлоочуларга өзүңөр тандагыла деп мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Бирок ошондой болот  деп кепил боло алабызбы? Боло албайбыз жана ишенбейбиз. Ошол себептен бул шайлоо канчалык легитимдүү болот, чоң суроо.

—Сизге дипломат катары Кыргызстандын  башка өлкөлөр  менен мамилеси тууралуу суроо бербесем болбойт. Жакында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда белгилүї бир талапкердин айланасында дипломатиялык кайым айтыш жаралды? Сиз бул окуяны кандай кабыл алдыңыз?

—Мен, албетте, аябай  капа болдум. Азыр биздин бийлик өз талапкерин өткөрөбүз деп башка мамлекеттер менен мамилесин бузууга даяр экени көрүндү. Бул БУУнун уставына да, адам укугунун да эл аралык конвенциясына да карама-каршы келет. Кайсы мамлекеттин башчысы башка мамлекеттин жаранын, эгер ал террорист эле болобу, кабыл алабы же кабыл албайбы, кайсы убакта кабыл алат, аны өзү чечет. Кабыл алып эле койсо, үгүт иштерин жүргүзбөсө эле, эмнеге биздин Тышкы иштер министрлиги катуу нота берип, алар катуу жооп берип, эки мамлекет ортосунда жарака кеткидей кадам таштап койду. Менимче, туура эмес. Бул Кыргызстандын да, Казакстандын да кызыкчылыгына жатпайт.

Бакыт Асанов, “Азаттык”

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты