«Мегакомду» сатып алууга Африкадан чай ташыган аялдан арыз түштү

"Мегакомду" сатып алууга Африкадан чай ташыган аялдан арыз түштү

“Мегаком” уюлдук операторуна ээлик кылган “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун 100% акциясын сатып алууга кызыкдар экенин орусиялык жаран Елена Нагорная билдирип, арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фонду билдирип чыкты.

Болсунбек Казакбаев, Маммүлк фондунун төрагасы: “Нагорнаянын акчасы бар экен”

Ал маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, министрликтин жана башка мекемелердин өкүлдөрүнөн турган комиссия Нагорнаянын арызын карап, анын сунушуна макулдук берүүнү туура тапкан. Маммүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казакбаев Нагорнаянын ишенимдүү өкүлү Бишкекке келип, учурда келишим түзүлүп жатканын “Кактус.медиага” айтып берди:

— Биз аукцион жарыялаганбыз, ал расмий арыз менен кайрылды, анын ишенимдүү өкүлү менен келишим түздүк. Жетиштүү акчасы бар экен, ал акчасынын легалдуу экенин далилдеген фактыларды бергенге даяр. Банктан справка жана банктык эсеби тууралуу маалыматтарды бериши керек.
— Елена Нагорная тууралуу маалыматтарды текшересиздерби?
— Кайсы маалыматты текшеришим керек? Ал белгилүү, коомдук адам экен. Интернеттен карадым, бир канча компаниянын ээси экен. Мени көбүрөөк келишимге кол коюу жана каражатынын бар же жок экени кызыктырат.
— Ал акчасы оффшордук эмес экенине кепилдик бердиби?
— Сүйлөшүүлөр башталгандан биринчи күндөн баштап эле айтып келатат аны. Акча расмий акча болот. Анын артында кимдер турары – топпу же компаниябы, биздин “Мегакомду” түз сатуунун шарттарында бул тууралуу эреже жок. Миллиондорду салууга даяр адам мунун баарын окуп чыкты деген ойдомун. Бул Кыргызстандын инвестициялык климатын көтөрө турган ири долбоор да. Ошондуктан биз бул долбоордун аягына чыгышын каалайт элек.
— Акчаны дароо которот бекен же транштарга бөлүппү?
— Биз бардык шарттарды талкуулаганга даярбыз. Бирок Нагорная бардык шарттарга макулдугун билдирди. Азыр юристтер иштеп жатат, андан кийин уюлдук операторду сатуу тууралуу документтерге кол коебуз. Мен азыр уктабай калдым, мегакомго таза иштеген кожоюнду күтүп. Бизге эч ким шек санабаган таза инвестор керек.

Елена Нагорная деген ким өзү?

“Ъ” басылмасына Елена Нагорная өзү арыз жазганын тастыктаган. Ал Кениядан Орусияга чай жана кофе ташыганы менен белгилүү.  Аны менен катар эле “Африка өлкөлөрүнүн соода альянсы” коммерциялык өнөктөштүктү жана сапаттуу жана коопсуз азык-түлүктү алып келүүчүлөр альянсын жетектейт. Өзүнүн айтымында, мындан сырткары, курулуш жана энергетика тармактарында дагы активдери бар. Эң кызыгы, ал “Единая Россия” партиясынан Мамдуманын депутаты Сергей Поддубныйдын жардамчысы. Бирок ал телекоммуникациялык тармакта белгисиз.

Депутаттар чурулдап

Жогорку Кеңештин депутаттары “Мегакомду”  ким алганы жатканына кызыгышты.  Депутат Жанар Акаев чай ташыган аялга “Мегакомду” сатпашыбыз керек деген пикирин билдирди.  Анын айтымында, өкмөт жакында эле “Лигласс Трейдинг” компаниясы менен келишимди бузду, анткени бул шектүү компания болчу.  “Бул айнек заводдогу шылуундар менен келишим болчу. Эми биз минтип “Мегакомду” чай ташыган аялга бергени жатабыз. Мындай ири компанияларды ири корпорациялар сатып алышы керек эле да” дейт Акаев. Ал эми депутат Дастан Бекешев болсо минтип ызылдап атып инвесторлорду качырып жатабыз деген ойдо. “Эмне үчүн бизге инвесторлор келбей жатат? Себеби, УКМК, Башпрокуратура текшерерин билет, Жогорку Кеңеш палатага алып чыгарын билет. Анан журналисттер жазып башташат. Мындан кийин анан, албетте, компанияны эч ким алгысы келбейт да. Анын үстүнө соттук иштери дагы бар” дейт Бекешев.

Бизге эмнелер белгилүү?

«Альфа Телеком» («Мегаком») ишканасын жеке менчикке сатуу тууралуу чечим Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан 22-августта токтом кабыл алынып, өкмөт «Альфа Телеком» компаниясын тикелей сатыкка чыгарган. Уюлдук компаниянын баасы 13,5 миллиард сом деп аныкталган. Буга кошумча сатып алууну каалаган потенциалдуу инвестор 7 пайыздык комиссиялык төлөм төлөшү керек. Андан тышкары бул компанияга байланыштуу өкмөткө же мамлекеттик органдарга соттук даттануулар болсо, бул маселелерди чечүү милдетин алары айтылган. Арыздар 25-сентябрга чейин кабыл алынмак.
21-августта «Альфа Телекомдун» түзүүчүлөрү катары өзүн тааныштырган Penwell аттуу компания маалымат таратып, Стокгольмдогу Арбитражга кыргыз өкмөтүнөн 200 миллион доллар кенемте өндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылганын жарыялаган.
Буга чейин Penwell компаниясы «Мегакомдун» 51 пайыздык үлүшүнө дооматы бар экенин жарыялап, бул үчүн соттук териштирүүгө чейин бара турганын эскерткен болчу.
«Альфа Телеком» жабык акционердик коому 2009-жылы түзүлгөн. Ага мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге жакын адамдар ээлик кылары айтылып келген.
2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49 пайызын улутташтырган. 2014-жылы болсо компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн эле.
Кыргыз өкмөтү «Альфа Телекомду» 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери компания үч ирет аукционго коюлуп, кызыккан инвестор болбогонунан улам аны түз сатуу сунушталган болчу.

     Акылбек Чынтемиров

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты