Коркуп жашабай, толкуп жашады. Жалкып жашабай, чалкып жашады! (Видео)

2020-жылдын 20-апрелинде шум ажал кыргыз элинин даңктуу уулун алып кетти. Бүгүн кыргыз эли Элмирбек Иманалиев менен коштошту.

Султан Раев:“Сөздүн тулпары, ойдун тулпары”

Кыргыз эл жазуучусу, мурдагы маданият министри Султан Раев Элмирбектин өлүмүнө жалпы эл аза күтүп жатканын айтты:

-Бүгүн биз кыргыздын улуу инсаны, улуу акыны, ак сөөк инсаны Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатып жатабыз.

Бүгүн биз акыркы сапарга Кетбуканы, бүгүн биз Калыгулду, Балыкоозду, Келдибекти, Саякбайды, Токтогулду, Барпыны, Жеңижокту, Эстебести, Ашыралыны, Тууганбайды… узатып жатабыз…

Бүгүн алты миллион эл өзүнүн жүрөгүндө, көкүрөгүндө аза күтүү жарыялады. Бүгүн алты милиион эл Элмирбекти эстеп, кайгырып отурат. Борбор Азия, ким Элмирбектин ысмын билсе, кайгырып отурат…

Элмирбектин баасы өзгөчө экенин, элдин инсаны экенин көрүп отурабыз…

Бүгүн социалдык тармакты караңыз, кыргыздын баары ыйлап, аза күтүп турат. Себеби, уулубуз кыргызды барктаган, кыргызды даңктаган.

Үч күндөн бери Элмирбектин ырларын окуп отурам. Ушунчалык терең, өзүнүн тагдырын өзү жазып койгондой. Мындай ички дүйнөсү терең акындар чанда туулат.

Төкмө акындыгы боюнча эч кимди алдыга чыгарбайт. Сөздүн тулпары, ойдун тулпары. Сөздү жөн эле айтчу эмес. Ар бир сөзүндө философия жатат.

Элмирбек, бараар жериң бейиш болсун. Токтогул, Эшмамбет атаң тосуп алсын. Элмирбектин улуулугу анын сөзүндө. Бүгүн кыргыз эли бир талантынан айрылып отурат. Кош иним, жаткан жериң жайлуу болсун!

Садык Шер Нияз: “Манасчы десең манасчы, санатчы десең санатчы”

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз бүгүн кайың ыйлап, тал ыйлап жатканын белгиледи.

-Кыргызда кейибеген киши жок. Бир эле үй-бүлөсү эмес, бир эле аны тааныгандар эмес, улуу сөз деген, улуу салт, улуу тарых дегендин баары Элмирбекти жоктоп, аза күтүп турган чагы. Бекеринен «карагай ыйлап, тал ыйлап, караган журттун баары ыйлап» деп айтылбагандыр.

Мына бүгүн коронавирус дартына карабай, көңүлүңөр чыдабай канчаңар ушул жерде турасыңар. Ошол улуу адамды акыркы сапарга узатууга көңүлүңөр чыдабай бул жерге келдиңер.

Өлүм деген баарын алат экен. Кезинде дүйнөнүн жарымын бийлеген Чыңгызхан жана Баласагын, Махмуд Кашкари, Темирлан, Бабур деле өтүптүр. Элмирбекти жок дегенде жетимиш жашка чыгарып алсак эмине?Тулпар мингизсек болбойт беле!? 42 жаш деген эмне?

Элмирбек деген ким эле? Элмирбек — ырдын пири эле. Жаркылдап, кабагын ачып каркылдап…

Эркек ыйлабайт дейт, мындай талантты узатканда ыйлабаганда, качан ыйлайбыз?!

Элмирбектин ырын коюп жатышат. Элмирбек — сөздүн гүлү эле… Манасчы десең манасчы, обончу десең обончу, санатчы десең санатчы, акын десең акын…

Аркы дүйнөгө барганда дагы атаңдай болгон Тукам эрте келдиң десе да тосуп алар. Ашыкем тосуп алар, Эстекем бар, эркелетип алып жүрөр.

“Ажалдан болбос кайтарыш,

Айлыңа көңүл айтабыз” деп,

Ысмайыл айткандай, айылга көңүл айталы, бири-бирибизге көңүл айталы. .

Кудай дагы кыргызга ушундай акындарды, өнөрдү аздектеген ушундай таланттарды берсин. Кош, Элмирбек, жаткан жериң жайлуу болсун».

Жеңишбек Жумакадыр: “Замандын айткан чындыгын, Элмир,

Санатың жашайт миң кылым, Элмир!”

Төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жеңишбек Жумакадыр «Элмирбек досум өлгөн жок» деди.

— Элмирбекти көргөн, колун кармаган, өнөрүн сүйгөн адам Токтогулду, Эшмамбетти, Ниязалыны көрдүм деп айтса эч жаңылышпайт. Анткени улуу инсандарга кандай өнөр болсо, ал ошону боюна сиңирген.

Элмирбек ошондой улуу талант болчу. Элмирбек досум өлгөн жок.

Алыстап бизден бекиндиң досум,

Арманга салып эзилдиң досум.

Айтышарга жанымда сен жок,

Азыр сен билсең, жетиммин досум.

Ажалдан алып кала албай досум,

Алсызбыз бизди кечиргин досум.

Замандын айткан чындыгын Элмир,

Санатың жашайт миң кылым Элмир.

Жылт эткен өмүр бизде да бүтөт,

Жылмайып тосуп тургунуң Элмир.

Коштогон арман кургурум Элмир,

Кош болгун досум, булбулум Элмир…

Таалай Керималиев: “Элмирбектин көзү ачыктыгы бар эле”

Досторунун атынан сөз алган Таалай Керималиев Элмирбек отуз жылдан бери кыргыз эли көтөрүп жаткан кайгы-азаптан өлдү деди.

«Бүгүн элде «Элмирбек эмнеден өлдү?» деген суроо турат. Элмирбек чоң кайгыдан өлдү. Отуз жылдан бери кыргыз эли тартып жаткан азап-кайгыны көтөрө албады. Элмирбек мансап, бийликтин азабынан өлгөн жок!

Элмирбек бийлик үчүн, мансап үчүн бирин-бирин, элин, жерин сатып жүргөндөрдүн азабынан өлдү!

Элмирбек ар бир кыргыз жараны 15 күнгө жете турган акчасы жок, 5 килограмм ун келгенде энесин көргөндөй ыйлаган энелердин көз жашынын азабынан өлдү!

Элмирбектин бардык касиеттери айтылды. Бирок жанында жакын досу катары дагы бир белгисиз касиети, Элмирбектин көзү ачыктыгы бар эле. Бир нерсени алдын ала сезген жайы бар эле. Мамлекет эмне болорун билип турган сапаты бар эле.

Акыркы үч жылда саат 7де Элмирбектин батасы менен ойгончу элек. Ошону окуганда эмне деп жооп береримди билбей, «оомийин, айтканың келсин» дечүмүн.

Мүмкүн болсо, мамлекетке жазган акыркы батасын окуп коеюн:

“”Биздин керемет, эң кымбат, эң таттуу күндөр элибиздин эртеңине, урпактардын уланышына, муундардын мурасына арналып жашаган күндөрүбүз, айкөлүбүз баштаган ата-бабанын алдындагы карызыбызды актоого болгон ар бир аракетибиздин чыккан майнабы менен жакшы натыйжасы, жаныбыз менен сезип, денебиз менен туюп, көзүбүз менен көрүп, кулагыбыз менен уккандан артык кандай рахат бар! Мен сиздерге жана азыркы мамлекет башчыларына болгон үмүт-ишеним зор!” дейт.

Ушундай батаны күнүгө эртең менен жазчу.

Жамгырбек Бөкөшев:“Токтогул менен Эшмамбет ичкен булактан суу ичкен”

Профессор Жамгырбек Бөкөшев мындай деди:

—Бүгүн кыргыз рухунун, кыргыз жан дүйнөсүнүн желбиреген бир желеги жалп этип өчүп олтурат. Бүгүн кыргыз элинин улуттук ар-намысын коргогон эр жүрөк бир сакчысы көздөн кайым болуп олтурат.

Ташка тамга баскандай таасын сөзү бар эле, курч кылычтын мизиндей өткүр ою бар эле, кардай аппак ниети бар эле, жүрөк кылын черткен обону бар эле.

Токтогул менен Эшмамбет ичкен булактан суу ичкен, Токтогул менен Эшмамбет жанаша баскан жолдо баскан, Токтогул менен Эшмамбет таңшып ырдаган Бууракандын белинен устаты Тууганбай менен шаңшып ырдаган Элмирбек бүгүн жок.

Кыргыз эли кыргыз болуп турганда элдин ырын ырдашаар, муңун муүдашаар дагы далай акын чыгаар, дагы далай ырчы чыгаар, бирок Элмирбектей ким болот, анын ордун ким толтурат?

Жай турмушта жайдары, көп сүйлөбөгөн, көп тыңшаган, суроо берсең күлмүңдөп кыска жооп берген, ушунчалык карапайым, жөнөкөй, ушунчалык ак жүрөк жан эле…

Кош, Элмирбек, жараткандан сураарыбыз, жаткан жериң жайлуу болсун, топурагың торко болсун. Бейиштен орун берсин!

Айдарбек Иманалиев: “Каралдым иним, Элмирбек, элдин жүрөгүндө жашай бер!

Бир тууган агасы Айдарбек Иманалиев:

-Элмирбек иним, бул жашоодо аз жашаса да, саз жашап, кыргыз маданиятына эмгегин сиңирди. Ажалга айла жок экен. Кагылайын иним, Элмирбек, жаткан жериң жайлуу, топурагы торко болсун! Элдин жүрөгүндө жашай бер!

“Азамат Болгонбаев: “Коркуп жашабай, толкуп жашадыңыз! ”

Жалкып жашабай, чалкып жашадыңыз!”

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, шакирти Азамат Болгонбаев:

-Кыйырлар менен кылымдарды аралап келген кыргыздын карт тарыхы улуу жоготууга учурады. Анткени ушул карт тарых сизге окшогон асыл урпагын жоготту.

Кыргыздын бүгүнкү күнү дагы оор жоготууга учурады. Анткени ушул карт тарыхтан бери уланып келе жаткан кыргыздын улуу рухун алып жүргөн сиздей замандашын жоготту.

Тилекке каршы, кыргыздын келечеги дагы оор жоготууга учурады. Анткени хан Манасты айткан Ырамандын Ырчы уулунан бери келаткан улуу акындардын жолун улаган сиздей баласын жоготту.

Сиз өмүрдө коркуп жашабай, толкуп жашадыңыз!

Сиз өмүрдө жалкып жашабай бүтүндөй ааламга сыйбас океандай чалкып жашадыңыз!

Кечээ сүрөттөрүңүздү карасам, көпчүлүгүндө күлүп түшкөн экенсиз. демек, сиз асмандагы Күн сымал баарына тийип жашадыңыз! Сиз кумурскадан баштап, Кудайга чейин сүйүп жашадыңыз!-деди шакирти Азамат Болгонбаев.

Элмирбек Иманалиевдин сөөгү бүгүн Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты