Чоң-Алай: Мүмкүнчүлүгү жок 17 үй-бүлөгө турак жай курулуп берилет

Чоң-Алай: Мүмкүнчүлүгү жок 17 үй-бүлөгө турак жай курулуп берилетЧоң-Алай районунда ушул жылдын май айында катталган жер титирөөнүн кесепетинен жабыркап, бирок такыр мүмкүнчүлүгү жок 17 үй-бүлөгө Ага хан фонду турак жай куруп берүүгө көмөктөшүүдө. Бул тууралуу аталган фонддун «Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттарды өнүктүрүү» программасынын Чоң-Алай району боюнча координатору Өмүрбек Муратов билдирди.

Муратовдун айтымында, райондук администрация жетекчилиги жана Жекенди айыл өкмөтүнүн жетекчилиги аталган фондго турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө турак жай көйгөйүн чечип берүүгө көмөктөшүү боюнча кайрылуу жолдогон. «Жер титирөөдөн жабыркаган Жекенди айыл өкмөтүндөгү Кара-Мык, Кара-Тейит, Шибээ, Чулук жана Жекенди айылдарындагы турмуш шарты өтө оор жана кырсыктын кесепетинен турак жайлары кыйроо боюнча 4-5-категорияга кирген, такыр мүмкүнчүлүгү жок 17 үй-бүлө аныкталды. Бул 17 үй-бүлөгө турак жай курууга жана мындан сырткары ушул эле аймактагы 45 үй-бүлөнүн турак жайы үчүн курулуш материалдарын сатып берүү үчүн Ага хан фонду жана Швейцариялык «Helvetas» фонду тарабынан жалпы 340 миң АКШ доллары бөлүндү. 17 үйдү куруу үчүн тендер жарыяланып, жеңүүчүлөр аныкталды», — дейт Муратов.

Анын маалыматы боюнча, курулуш иштери кызуу жүрүүдө. 1,5 ай аралыгында жалпы аянты 50 метр квадратты түзгөн ашканасы менен эки бөлмөлүү үйлөр бүткөрүлүп ээлерине тапшырылат. Ал эми чет өлкөлүк Актед» ишканасы 45 үй-бүлөнүн ар бирине 180 миң сомдук курулуш материалдарын жеткирип берүүгө көмөктөшөт. Ага хан фондунун «Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттарын өнүктүрүү программасы 14 жылдан бери аталган аймакта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бул мезгилде 8 бала бакча, 22 ирригациялык канал, 9 суу түтүгү, 15 мектепти реконструкциялоо, 4 ЛЭП, 3 ФАП, ж.б.у.с. 92 инфраструктуралык объекти курулган. Учурда айыл чарбасы, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана өзгөчө кырдаалдар жалпы төрт багыт боюнча иш алып барууда. Эске сала кетсек, 2017-жылдын апрель, май айларында катталган жер титирөөнүн кесепетинен Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу 5 айылдагы турак жайлар кыйроого учурап, авариялык абалга келген.

Айсулуу Манасова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты