Дайралар тоодон башталат

Дайралар тоодон башталат

2017-жылдын 22-сентябрында Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги Бишкекте «Тянь-Шандын экологиясы—Казакстандын жана Кыргызстандын чек аралар арасындагы дарыяларынын сапатынын негизги фактору» деп аталган конференция өткөрдү.  Анда бүтүндөй Борбор Азия мамлекеттерин таза суу менен камсыз кылуу, суунун таза болушу үчүн айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыздоо, токой жана өсүмдүктөрдү сактоо маселелери козголду. Бул мааниси терең жыйынга Кыргызстандын жана Казакстандын  суу ресурстары тармагынын окумуштуулары, адистери, коомдук ишмерлери катышты.  

Өмүрдүн, жашоонун булагы болгон сууну көздүн карегиндей сактоо жана келечек муунга өткөрүп берүү — адамзатынын парзы.  Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги Бишкекте суунун жана аны таза сактоонун оош-кыйыштары, тоо экология системасын сактоо, бул багытта илгиртпей жасала турган иштер тууралуу Кыргызстандын жана Казакстандын адистеринин, окумуштууларынын катышуусунда кенен-кесир сөз козголду.

Конференцияда айтылгандай, Тянь-Шандан жана Памир-Алай тоолорунан агып түшкөн дайралар Кыргызстанды эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия мамлекеттерин суу менен камсыз кылып турат. Тянь-Шандын тоо системасы жана башка системасы Борбор Азиянын суу байлыгынын тең салмагын кармоодо жана сактап калууда чоң роль ойнойт.  Кыргызстандын суу байлыгы Арал деңизинин, Сырдарыя жана Амударыясынын куймасынын чейрек бөлүгүн түзөт. Кыргызстан жалпы Борбор Азиянын суу ресурсунун бараандуу  бөлүгү үчїн жооптуу болуп турат жана ал коңшу мамлекеттердин колдоосуна муктаж. Бул айыл чарбасынын, токой чарбасынын жана тоо-кен тармагынын ишмердүүлүгү менен тыгыз байланышкан.

Конференцияда айтылып кеткендей, Тянь-Шань тоолорунда 8 миң мөңгү болсо, алардын 100дөн ашыгын жоготуп алдык. Памир-Алайда 9 миң мөңгү болсо, андагы суунун запасы чейрек пайызга азайып калган. Бул багыттагы көйгөйлөр тууралуу Кыргызстан жана Казакстан мамлекеттеринин адистери жүрөк өйүгөн ойлорун ортого салды.

Кыргызстандык белгилүү окумуштуу Эмил Шүкүров мөңгүлөр булганып, чаң көтөрүлүп, мөңгүлөр эрип жаткандыгын белгиледи. Чүй жана Талас дайралары улам кичирейип баратат. Эгер ал жакта токой тилкелери бар болсо, суунун азайышы анчалык деңгээлге жетпейт эле деди окумуштуу. Тоо боорундагы сейректеп бараткан токойлор,  өсүмдүктөр жана экосистеманын өзгөрүп баратышы аймактагы суунун тең салмактуу болушуна, нымдуулуктун сакталышына терс таасирин тийгизээрин айтып өттү. Бул — суунун агымына, жалпы эле Борбор Азия чөлкөмүнүн суу системасына залал келтирет.

Ошондуктан жалпы эле Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан менен Казакстан, өз ара биргелешип иш-аракет кылып, көйгөйлөрдү биргелешип чечүүсүн турмуш өзү шарттап тураары айтылды.

Ал эми ПРООНдун Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндеринин суу ресурстарын башкаруу боюнча аймактык долбоорунун менеджери Таалай Макеев чек ара сууларына анализ жүргүзүү  иштери менен тааныштырып чыкты. Эксперттердин чоң группасы жасаган анализдин жыйынтыгы жакынкы 50-100 жылда Чүй дайрасы 25 пайызга, Талас дайрасы 40 пайызга тартылып калышы ыктымал экендигин божомолдошкон.   Чүй өрөөнү- эли арбын, өнүгүп-өсүп келаткан аймак экени белгилүү. Токмок, Кант, Сокулук, Кара-Балта, Ак-Суунун тазалоочу жайлары суткасына 330 миң куб метр сууну берип турат.  Чүй суусу апрелден октябрь айларына чейин таза болот, Талас дайрасы Кыргызстан тарабынан таза, ал эми Таразга келгенде өнөр жай ишканаларынан улам киргил тартып калууда.  Кыргызстан Казакстанга негизинен таза суу берет. Кийинки кездерде Кыргызстан Чүй дайрасынын нугун гана тазалады.

Чек аралар аралык сууну тазалоодо суунун суу катары эле эмес, чек ара катары кызмат кылып жаткандыгы да тоскоол болгонун Таалай Макеев белгиледи.  Бүгүнкү күндө 150 чакырым дайра чек ара катары кызмат кылууда.

Кыргызстан менен Казакстан Чүй-Талас суу комплексин түзүшкөн. ЧТСКнын Кыргызстан боюнча Секретариатынын башчысы Гүлмира Сатымкулова Кыргызстан тарап кандай аракеттерди көрүп жаткандыгын, кандай көйгөйлөр бар экенин айтты. Кара-Балта тараптагы скважинадагы сууда  уран жана родон нормадан жогору экенин белгиледи. Бирок бул чек араларга жеткенде суунун шары менен тазаланып калууда деди.     Казакстан тарабынын ЧТСК секретариатынан Индира Акбозова Казакстан тараптын жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттери менен тааныштырды. Эки мамлекет биргелешип Чүй-Талас суу комплексин каржылоону мойнуна алгандыгын эскертти.

Өлкөнүн суу жана гидроэнергетикалык ресурстарына баа берип, аны башкарууну жана сууну бөлүштүрүү, тоолуу экосистеманы туруктуу өнүктүрүү максаты ар убак күн тартибинде болоору белгиленди.

Жыйынга катышып сөз сүйлөгөн Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси К.К. Карбозин бул маанилүү конференцияга катышып, өз ойлорун ортого салгандарга терең ыраазычылыгын билдирди. Дегинкисин эки тараптын ортого көйгөйдү коюп, кеңешкендери жакшы жөрөлгө экени айтылды. 

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты