“Лигласс” Кыргызстанды эл аралык арбитраждык сотко бергени жатат

Чехиялык компания “Лигласс” Кыргыз өкмөтү келишимди бир тараптуу токтоткону боюнча Эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын өзүнүн расмий сайтында билдирди.

Чех компаниясы Кыргыз Өкмөтү ортодогу келишимди бир тараптуу токтото албайт. Бул боюнча өкмөт Президентти, Жогорку Кеңешти жана коомчулукту адаштырып жатат деп билдирет. Аргумент катары “Лигласс” инвестициялык келишимдин 7-беренесин келтирет: “…талаш жаралып калган учурда тараптар келишпестиктерди 3 айдын ичинде сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө аракет кылышы керек. Эгерде сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мүмкүн болбосо, тараптардын бири дооматын билдириши керек. Экинчи тарап ал дооматты 3 ай ичинде карап, аны кабыл аларын, же четке кагарын билдирүүгө милдеттүү. Эгерде келишпестиктер инвестициялык келишимдин бул беренелери менен жолго салынбаса ал Кыргызстандын мыйзамдары менен жөнгө салынат” деп жазылат. Эске салсак, 18-сентябрда Кыргызстандын өкмөтү бул компания менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарган. Буга алар биринчи төлөм катары төлөй турган 37 млн долларды төлөбөй, убактысын кечиктиргени себеп болгонун билдиришкен. Бул 37 млн доллар буга чейин Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын курмак болгон “РусГидро” компаниясына төлөнмөк.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты