Жеенбаева: «Экономикалык жагымсыз жагдай жаралды»

Өлкөдө пандемиянын кесепетинен жагымсыз экономикалык жагдай жаралды. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө дээрлик бардык бизнес өз ишин убактылуу токтотту. Бул республикалык бюджетти аткарууга олуттуу таасирин тийгизүүдө. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча төмөндөө процесси жүрүүдө, жыл жыйынтыгында төмөндөөнүн көлөмү 30 миллиард сомдон ашып кетиши мүмкүн.

Бул тууралуу финансы министри Бактыгул Жеенбаева маалымат жыйынында билдирди.

Ошол эле убакта COVID-19 глобалдык пандемиясына каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар менен байланышкан кошумча чыгымдардын эсебинен республикалык бюджеттин чыгашалары көбөйүшү мүмкүн.

Ушундан улам финансы министрлиги кырдаалды жакшыртуу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө.

Биринчиден, финансы министрлиги бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында бардык бюджеттик мекемелерди өз чыгымдарын дагы бир жолу кайра карап чыгууга чакырууда.

Экинчиден, бизге гранттарды жана эң төмөнкү пайыздык чен менен мүмкүн болушунча узак мөөнөттөргө кредиттерди тартып келүү максатында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө, эл аралык финансылык институттарга, донор өлкөлөргө кайрылууга туура келди. Алардын кредиттери биз үчүн алгылыктуу болуп саналат.

Мисалы, эл аралык валюта фондунун ресурстары боюнча карызды тындыруу мөөнөтү – 10 жыл, Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунуку – 20 жыл, Азия өнүктүрүү банкыныкы – 32 жыл, ал эми Дүйнөлүк банктыкы – 38 жыл.

Жогоруда белгилеп өткөндөй, ресурстардын пайыздык чендери да республикабыз үчүн алгылыктуу. Мисалы, Эл аралык валюта фондунун ресурстары 0,7 пайыздык чен менен берилсе, Дүйнөлүк банктыкы –0,75 пайыздык чен менен, Азия өнүктүрүү банкыныкы – 1 пайызга чейинки чен менен берилет.

Ошол эле убакта берилген кредиттердин шарттарында ар кандай жеңилдетилген мөөнөттөр бар.

Өкмөт тек гана жеңилдетилген кредиттерди тартып келбестен, аларды гранттары менен кошо да тартып келүүдө.

Жеңилдетилген каржылоону тартып келүү өлкөнүн өнүгүшү үчүн чечүүчү мааниге ээ. Акча каражаттарын туура пайдалансак, ал туруктуу инклюзивдик өсүшкө жетүүгө жардам бериши мүмкүн. Сүйлөшүүлөр 15тен ашуун өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жүргүзүлүп жатат», — деп билдирди финансы министри.

Анын айтыманда, каржылоо төмөнкүдөй үч багыт боюнча тартылууда:

– бюджетти колдоо;

– COVID-19 менен күрөшүү үчүн каражаттар;

– бизнести колдоо үчүн каражаттар.

«Кредиттердин бир бөлүгү экономиканын приоритеттүү тармактарын өнүктүрүүгө, айыл чарбасына, суу менен жабдууга, энергетикага жана келечекте экономикалык өсүшкө өбөлгө түзө турган инфраструктуралык долбоорлорго жумшалат. Белгилей кетсек, кредиттердин дагы бир бөлүгү чакан жана орто бизнести, фермерлерди жана айылдык ишкерлерди колдоого жумшалат» деп кошумчалады Жеенбаева.

Өкмөт Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык, 22-марттан баштап өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты