Квадрокоптерлор жана дрондор 

Квадрокоптерлор жана дрондор Жаңы технологиянын дагы бир түрү — квадрокоптерлор менен дрондор болуп саналат.

Квадрокоптер тууралуу сөз болгондо көпчүлүк аны балдар жана чоңдор ойной турган оюнчук сымал элестетишет. А чынында квадрокоптерлор ар кыл тармактарда колдонула турган баа жеткис технология болуп саналат. Азыркы квадрокоптерлор навигациялык жабдуусу, өзүнүн компьютери бар, кандай аба ырайы болбосун, иштей бере турган техника.

Азыркы квадрокоптерлор чалгынчы жана байкоочу катары пайдаланылат. Анда кадимки эле же инфра кызыл камералар иштеп, диспетчерге видеосюжетти  берип турат. Ал онлайн режиминде иштейт. Пульттун кызматын планшет же смартфон аткарат, ага тиешелүү программа жазылган болот. Видеосюжет беш чакырым жерге чейин жетет.

Азыркы учурдагы квадрокоптерлор шамалга карабай иштей берет. 30 градус суукта, 50 градус ысыкта да жүрө берет. Саатына 60 чакырым ылдамдыкты багынта алат.  Анын программасына ылайык белгиленген багытта, айдоочусуз жүрөт. Алардын баасы бир канча ондогон миң доллар турушу мүмкүн.

Квадрокоптерлор ошондой эле жүк ташыганга, аэро сүрөт тартууга жана башка максаттарга да пайдаланылса болот.

Дрон деген эмне? Квадрокоптерлор жана дрондор 

Дрон — бул айдоочусуз жүрө турган учуучу заманбап техника. Анын биринчи үлгүлөрү дүйнөдө 1933-жылы чыккандыгы айтылат. Ал адегенде аскердик максатта колдонулган. Азыр дрондор ар кыл максатта колдонулат. Мисалы, аймактын кызыктуу жерлерин  тартууга, жаратылышты ар кыл максатта, ар кандай объекттердитартууга, спорттук жана башка ири иш-чараларды тартууга пайдаланылат. Бизде мамлекеттик масштабдагы иш-чаралардан башка да, үй-бүлөлүк тойлорду дрондун жардамы менен тартып жатышат.

Дрондордун ар кандай түрлөрү бар.

Кыргызстандагы дрон башкаруучулар менен маектешкенибизде, алар мындай маалыматтарды беришти.

Квадрокоптерлор жана дрондор Гүлдү чаңдаштыруучу дрон

Үйрөнчүктөргө G-Force PXY CAM деп аталган дронду япондор ойлоп чыгарышкан. Ал гүлдөрдү чаңдаштыруу үчүн колдонулат. Бул 5 см келген учуучу робот аралыктан башкарылат. Анын үстүнө орнотулган жаныбарлардын терисинен жасалган жабышкак нерсеге суюк гель сыйпалып коюлган. Ал узун молекуладан турат жана жабышкак болгондуктан чаңдаткыч дандарды илип алат. Ошентип, дрон гүлдөрдү аралап жүрүп, өсүмдүктүн чаңчасын гүлдөн-гүлгө чачып турат. Бул “электроаарылар” өсүмдүктүн бир түрү боюнча сыноодон ийгиликтүү өттү. Сыноо учурунда бул дрондор жаныбарларга да, өсүмдүктөргө да зыянсыз экенин көрсөттү

Тимур Тынчтыкбеков,  маалымат технология адиси:

“Дрон объектти эң сонун тартат”  

—Тимур, дрон менен иштөөнүн артыкчылыктары тууралуу айтып берсеңиз?

—Дрон менен иштөө азыр Кыргызстанда да кеңири таралган деп айтууга болот. Мурда дрондор аскердик максатта гана колдонулуп келсе, учурда эл чарбасынын бардык тармактарында пайдаланылууда.

Мен эки жылдан бери дрон менен иштеп келе жатам. Интернеттен окуп, абдан кызыгып калдым. Анын үстүнө менин кесибим маалыматтык технология багытында болгондуктан,  дүйнөдөгү жаңы технологияга абдан кызыгам.

Дрондун учушу атайын пропеллер менен камсыз болуп турат. Анын саны ошол дрондордун формасына, түрлөрүнө жараша аныкталат. Азыр учуучу дрондордон тышкары суу астында жүрүүчү дрондор чыгарылып жатканы белгилүү.

Дрон айдоочусуз уча турган аппарат. Анын атайын камерасы болот, алар видео жана фотону эң мыкты тартат. Учуучу аппарат   Wi-Fi системасы менен башкарылып турат. Анын атайын башкаруу пульту болот. Ал планшет же смартфон аркылуу башкарылат. Дрондун камерасына биз каалаган объект жазылып калат. Анын сапаты эң мыкты үлгүдө болгондугу менен айырмаланат. Эгер телевизор экранынан 1920-1080 см өлчөмдө көрсөтүлө турган болсо, дрондун жардамы менен тартылган материал андан 3-4 эсе чоң болот.

Бул абдан акылдуу аппарат. Учурарда координаттарын туура эмес берип койсоң, учпай коет. Маалыматты так, тез жана сапаттуу бергендиги менен айырмаланат.

—Дронду кантип учурса болот ?

—Жогоруда мен  дрон пульт аркылуу башкарылып турарын айтып кеттим. Негизинен дронду заряддап койгондо,  ал 20-25 мүнөткө учууга жетет. Кубаттуу дрон болсо 3 миң метр радиуска чейин жетиши ыктымал.  Эгер абдан жакшы дрон болсо, абадагы тоскоолдуктарды өзү буйтап кетүүгө жөндөмдүү. Ошондой эле шамал болсо дагы жүрө бере ала турган кубаттуулары болот. Анын ылдамдыгын да жөнгө салып башкарып туруу керек.

—Дрондун баалары кандай болот?

—Ар кандай модели ар түрдүү баада болот. 100 доллардан баштап, 5 миң доллар же андан дагы жогору болот. Сиз кандай максатта пайдаланганыңызга жараша болот.

 Куштарбек Осмоналиев,  оператор:Квадрокоптерлор жана дрондор 

“Мага дрон менен иштеген абдан жагат”

УТРК оператору Куштарбек Осмоналиев дрон менен ийгиликтүү иш алып барууда.

—Куштарбек, дрон менен иштеп жатыптырсыз, сиз анын кандай артыкчылыктарын байкадыңыз?

—Дрон менен иштөө жумушту бир кыйла жеңилдетерин жана сапаттуу чыгышына жол ачаарын байкадым. Жакында эле болуп өткөн экинчи “Көчмөндөр оюндарына” бардыгыбыз күбө болдук. Көчмөндөр оюндарына барып, жеринен көрө албай калгандар аны УТРК каналынан көрүүгө шарт  түзүлдү. Мен Көчмөндөр оюндарын дрон аркылуу тартып жаткандардын бири болдум. Дрон менен иштеген мага абдан жагат. Анын сапаты да бир топ артыкчылыктуу болуп, көргөн адамдын көзүн кубантат.

“КТРК кербени” аттуу берүүдө дрон аркылуу тарткандарыбыз бар.

Албетте, бул өзүнчө эле бир ырахат. Элестетсеңиз, камерасы бар аппаратты учуруп эле, аны жерден башкарып турсаңыз, камера эмнелерди тартып баратканын экрандан көрүп турсаңыз, сапаты да мыкты болуп жатса.

Дронду этияттап пайдалануу керек. Эгер туура башкарсаң, ал жолдо бузулуп калса да кайра кайтып сага келет. Бирок электр өтүүчү зымдардан аны абайлаш керек. Болбосо, талкалап алуу коркунучу бар. Башка техникалардай эле, аны этияттап колдонсоң, эң сонун кызмат кылып берет.

Маектешкен Курманбек Насирдин уулу

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты