Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?

Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?“Президенттикке ат салышкан 13 талапкердин кимисин колдойсуз?” – деген собол менен көчө аралап, элден сурамжылоо жүргүздүк.  Сурамжылоого катышкан жарандар 1ден 10го чейин упай бериши керек. Анын жыйынтыгын сиздер бул таблицадан көрүп турасыздар.

Жыйынтыгында:

  1. Өмүрбек Бабанов 64 упай;
  2. Сооронбай Жээнбеков 54;
  3. Темир Сариев 45;
  4. Бакыт Төрөбаев 29;
  5. Адахан Мадумаров 29;
  6. Азимбек Бекназаров 20;
  7. Токтайым Үмөталиева 19;
  8. КамчыбекТашиев 19;
  9. Улукбек Кочкоров 17;
  10. 10.Таалатбек Масадыов 16;
  1. Арсланбек Малиев 15;
  2. Арстанбек Абдылдаев 15;
  3. Эрнис Зарлыков 15 упай алышты.

Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?Нурлан Тасмаев, оператор-монтажер: «Жээнбеков популист эмес, бирок чечкинсиз»

Реалдуу кандидат катары үч эле кишини көрүп турам. Алар — Жээнбеков, Бабанов жана Сариев. Текебаев президенттикке ылайык болчу. Аны камап салышып, айла жок. Жээнбеков  жакшы эле, жөнөкөй, популист эмес, чарбачыл киши деп баалайм. Анын үстүнө ички дүң продукциянын өсүүсүн эске алганда (алдап эле коюшпаса). Бирок президент болуу үчүн бул сапаттар жетиштүү эмес. Эң негизгиси — саясий эрки күчтүү, чечкиндүү, принципиалдуу, позициясы бекем, жаңылганын мойнуна ала билген, сын пикирге ачык, утулганды да билген, чындап эл үчүн кызмат кылам деген ниети болгон киши керек. Жээнбековду саясий эрки жок, чечкинсиз деп билем, Сариев ага караганда өзүнүн ою, тажрыйбасы, негизгиси принциби бар адам. Ал эми Бабанов жөн гана бизнесмен, саясатчы эмес.

Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?Медина Кудайбергенова, студент: “Эскилер саясат оюнун ойной беришет”

Мен Өмүрбек Бабановду колдойм жана 10 деген упай берем. Менимче, ал Кыргызстандагы бай адамдардын катарына кирет, жеп-ичпейт, коррупцияга белчесинен батпайт. Бардык талапкерлердин ичинен эң жашы. Биздин саясатка кадыр-баркы таза кадрлар керек. Тилекке каршы, президенттик жарышка аттангандардын көбү карт бөрү саясатчылар, бирок ушул убакка чейин кыйраткандарын көргөн деле жокмун. Улам эле баягылар бийликке келе беришсе, өнүгүү болбойт. Эскилер саясат оюнун ойной беришет, экономика арткы планга жылат.

Канат Апсатаров, каржы менеджери: “Мүмкүнчүлүгү барда өзүн Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?көрсөтө алган жок”

Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин колдоосунда болгону үчүн алдыга озуп кетип жаткандай. Бирок, менин оюмча, ал 4 упайга татыктуу. Себеби, эл аралык аренада Кыргызстанды жеткиликтүү деңгээлде көрсөтө албайт. Кыргызстандын президентинин КМШ өлкөлөрүнүн ичинде жүзү жарык болуп, сүйлөгөнү сабаттуу болушу кажет. Орусчаны гана так сүйлөбөй, керек болсо англис тилинде, Евросоюздун башчылары менен кептешип отурса, жаманбы? Өмүрбек Бабанов бизнесмен катары өлкөнүн кырдаалын бир аз жакшыртышы мүмкүн. Бирок ишкерлер сараң, ач көз келет эмеспи. Ошондуктан ага 6 упай берем. Темир Сариевге— 3 упай. Себеби, ал мүмкүнчүлүгү барда мамлекеттик кызматта өзүн көрсөтө алган жок. Таалатбек Маасадыков менен Токтайым Үмөталиеванын баскан жолдорун үстүртөн окуп чыктым. Чынын айтсам, алардын талапкерлиги мени кызыктырган жок. Аларга— 1 упайдан.

Максатбек Акматов, кыргыз тил мугалими: “Эки эле татыктууТараза ташы кайсы талапкерге оойт? талапкер бар”

Азыр эки эле татыктуу талапкер калды. Алар-Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбеков. Менимче, ушу экөөнүн бирөө өтөт. Калган талапкерлерди карап, аларды баалоонун кажети деле жок. Алардын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Бирок президенттикке талапкерлигин коюп, аракет кылгандыктары үчүн ар бирине 4 упай берем.

Аскат Оморов, менеджер: “Колунан кокон тыйын келбеген Мадумаровго добуш беребизби?”

Мен жогорудагы аты аталган талапкерлердин бирөөнү дагы президенттик кызматка ылайык көрбөйм. Эмне үчүн? Анткени эч кимиси буга чейин  Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштеп бере алган эмес жана иштеп бере албайт дагы. Биз эмне, мамлекеттин келечек тагдырына күйөт деп «Кемчонтой» Арстанбек Абдылдаевге ишеним артабызбы? Же болбосо акча, байлык  менен бүтүндөй бир мамлекетти сатып алам деген олигарх Өмүрбек Бабановго ишеним артабызбы? Тилинен гана чаң чыгып,  болбосо  колунан кокон тыйын келбеген «кызыл тил» Адахан Мадумаровго ишеним артабызбы? Кимисине гана ишеним артпа, өз көмөчүнө өзү күл тарткан гана инсандар. Булар Кыргызстанды туңгуюкка гана алып барат. Менин жалпы талапкерлерге бере турган упайым  — 0.

Чолпон Жунусова, йога тренери: “Лоялдуу лидер керек”

Бирок кыргыз элиме лоялдуу лидер керек. Жөн гана башкаруучу эмес, лидер керек. Бекназаров, Жээнбеков, Бабанов жакшы башкаруучу болушу мүмкүн, бирок лидер эмес. Адахан Мадумаров көптү көргөн, билген, карапайым эл менен жакшы карым-катнашы бар, жөнөкөй саясатчы болушу мүмкүн, бирок бекем инсан эмес. Ошентсе да, бардыгына мүмкүнчүлүк берилиши керек. Өмүрбек Бабанов болсо өтө амбициялуу болуп, канча бир жылдын ичинде Кыргызстанды Сингапурга жеткирем деп сөз берип жатат. “Жакшы тилек — жарым ырыс” демекчи. Эгер жанындагылар колдосо эмне үчүн болбосун?! Тилекке каршы, жөнөкөй адамдардын аң-сезимин өзгөртмөйүнчө, өлкөнү өнүктүрүү кыйын.

Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?Жылдыз Исабекова, долбоор координатору: “Бабановдун иштей турган убагы”

Президенттик шайлоого аттанып жаткандардын ичинен жаш талапкер Улукбек Кочкоров тууралуу сиз билип-билбеген маалыматтарды чогулттум.“Өлкөдө мыйзам эмес, күч башкарат. Биз тарыхтан сабак алганды билбейбиз” деген сөздөрү бар экен. Албетте, дымагы, аракети бар. Бирок Кыргызстанга, жок дегенде Жанар Акаевдей бир нерсе кыла элек деп эсептейм. Балким, мен тааныбайт чыгармын. Бирок мен ага караганда Жанар Акаев, Аида Салянованы көбүрөөк тааныйт экенмин. Өмүрбек Бабановдун иштей турган убагы. Андан дагы маанилүүсү Бабанов акыйкатсыз бийликке реалдуу атаандаш. Азыркы бийликти кетирип, элдик бийликти орното турган ушул Бабанов гана калды деп үмүттөнө туралы. Бабановго акчанын кереги жок. Ал өзүнүн байлыгын керек болсо элдин мүмкүнчүлүгүнө жумшап коюшу толук мүмкүн! Бирок учурда Бабановго каршы бийлик күчтөрүнүн кара пиары өтө күчтүү болуп жатат. Демек, бийликке, административдик ресурска каршы келе турган күчтүү оппонент катары санашат. Бабанов алдамчы, казак жарандыгы бар эле дей беришет. Бирок андан башка татыктуу ким бар? Темир Сариев Бабанов менен теңтайлашмак. Бирок каражаты аздык кылабы, айтор, жеңилип калчудай. Сооронбай Жээнбеков президент болсо, деңгээли төмөн болуп, президентибиз үчүн уялып калбайлы.

Ильгар Кунакунов, уста жана жеке ишкер: “Жээнбековду “Чык, эшикке” деп айтканы үчүн жогору баалайм”

Мен талапкерлердин ичинен Сооронбай Жээнбековго эң жогорку добуш берем. Кайсы жетишкендиктери үчүн десеңиз? “Чык, эшикке” деп айтканы үчүн. Тамашалаганым жок. Атайын кадрга түшөйүн деп тартылдыбы же жокпу, анысын билбейм. Бирок адам иштеп жатканын көрсөттү. Чынын айтсам, улам бир мамлекеттик кызматкер Сооронбай Жээнбековго добушуңарды бергиле деп жатып, ал президент болуп калмай болду. Биздин эл коркуп-үркүп эле добуш берип коюшу мүмкүн. Андан да, көбү жөн гана шайлоого барбай коюшат. Менин көп тааныштарым ар бир шайлоо сайын атайын барып, “баарына каршы” деген добуш берип келишет. Андан бир нерсе өзгөрөбү? Жок! Баары бир өлкө бирөөнү тандашы керек.

Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?Инна Васильевна, пенсионер: “Бабановдун программасы жагып жатат”

Бардык эле талапкер кайсы бир жарышка аттанып жатканда элдин добушуна көз каранды болсо, шайлоочуларына ойду-тоону жасайм деп убада берет. Ушул жашка чыкканга чейин көп саясатчы, президенттерди көрдүм. Бизге социалдык жактан жарандарды толук камсыздап, пенсияны жаңы деңгээлге көтөрө алса, көбүбүз ошону шайламакпыз. Бирок мага Бабановдун “беш кадам” деген программасы жагып жатат. Шаарыбызга, мамлекетибизге коопсуздук маселеси маанилүү. Сооронбай Жээнбеков дагы азамат жигит. Анын убагында шаардын көпчүлүк көчөлөрү оңдолду. Көчөлөр оңдолуп-түзөлгөнүн көрүп сүйүндүк. Мен андан сырткары Темир Сариевди тааныйм. Жакшы иштеп жаткан, бирок билбейм, жаңылып калдыбы жолдон, бирок жакшы киши көрүнөт.

Мээрим Самиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты